Башкы беткеМинистрлер кабинетиСоциалдык жөлөк пулдар көбөйөт

Социалдык жөлөк пулдар көбөйөт

1-январдан тарта ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү жогорулайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык төлөмдөр жөнүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, майыптыгы бар балдарга төлөнүүчү жөлөк пул азыркы 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин көбөйөт.

Мындан тышкары, 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандарга, анын ичинде бала кезинен майыптыгы бар жана жалпы оорудан улам майып болгон адамдарга берилүүчү жөлөк пулдар 2-3 миң сомго жогорулайт.

Ошондой эле Аксы, 2010-жылдагы жана Баткен окуяларында, 2021–2022-жылдардагы куралдуу кагылышууларда жабыркагандарга, каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү кошумча социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт.

Мындан сырткары, жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялар да жогорулатылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар