Башкы беткеДүйнөВан Гогдун картинасы аукциондо 190,4 миллион долларга сатылып, сүрөтчүнүн рекордун жаңылады

Ван Гогдун картинасы аукциондо 190,4 миллион долларга сатылып, сүрөтчүнүн рекордун жаңылады

Нидерландиялык сүрөтчү Винсент ван Гогдун «Гүлдөгөн каштандар» (Flowering Chestnut Trees) аттуу картинасы Нью-Йоркто Sotheby’s аукционунда 190,4 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Kazinform агенттиги BILD басылмасына шилтеме берүү менен жазды.

1890-жылы, сүрөтчүнүн көзү өтөрүнө аз калганда тартылган чыгарма Ван Гогдун аукциондо сатылган эң кымбат картинасы болуп калды.

Белгилей кетсек, чыгарма 50 жылдан ашык убакыт бою коомчулукка көрсөтүлбөй, Аргентиналык үй-бүлөнүн жеке коллекциясында сакталып келген.

Аукцион алдында картинанын тарыхына байланыштуу талаш жаралган. Мурдагы ээсинин мураскерлери чыгарма 1936-жылы нацисттик режимдин кысымы астында сатылганын билдиришкен. Тараптар аукционго бир күн калганда макулдашууга жетишкен. Бирок келишимдин чоо-жайы ачыкталган жок.

Буга чейинки рекорд да Ван Гогго таандык болгон. Анын «Кипаристер өскөн бак» аттуу картинасы 2022-жылы 117,2 миллион долларга сатылган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар