Башкы беткеКоомАк илбирстерди байкоо үчүн үч атайын дүрбү сатып алынды

Ак илбирстерди байкоо үчүн үч атайын дүрбү сатып алынды

Кыргызстанда ак илбирстерге алыстан байкоо жүргүзүү үчүн үч даана атайын оптикалык дүрбү сатып алынды.

Маалыматка ылайык, жабдуулар былтыр 5,5 миң адам катышкан Bishkek Snow Leopard Run жарышынан түшкөн каражатка алынган. Аларды иш-чаранын уюштуруучусу Nomad Sport компаниясы «Илбирс» коомдук фондуна өткөрүп берди.

Атайын дүрбүлөр алыстагы объектилерди 20дан 60 эсеге чейин жакындатып көрсөтөт. Мындай жабдуулар корукчуларга жаныбарлардын тынчын албай, аларды алыстан байкоого мүмкүнчүлүк берет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар