Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 7-жыйыны болуп өттү.
Отурум, Түркмөнстанга жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жана Түркмөнстандын Энергетика министри Аннагелди Сапаровдун жетекчилиги алдында болду.
Анда тараптар жогорку деңгээлде буга чейин жетишилген макулдашууларды конкреттүү биргелешкен долбоорлор жана практикалык натыйжалар менен толуктап, алардын ырааттуу ишке ашырылышын камсыз кылуу өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын ролун белгилешти.
Өзгөчө соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Бул тармактарда эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн да баяндамалары угулуп, талкууланды.
Кызматташуунун негизги багыттарынын бири болгон соода-экономикалык байланышта, 2021-2025-жылдары Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өскөн. Ошол себептүү өз ара сооданы кеңейтүү боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгы айтылды. Мында ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды чыңдоо, биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүү жана ишкерлер үчүн эки тараптуу жолугушууларды уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун күн тартибине транспорт, транзит жана логистика боюнча кызматташуу маселелери киргизилген. Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, транспорттук кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн макулдашылган чечимдерди иштеп чыгууга мындай жыйындар мүмкүндүк берерин билдирди.
Ошондой эле, энергетика жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүү үчүн олуттуу келечектүү багыттар бар экенин айткан Эрлист Акунбеков, Кыргызстан Түркмөнстан менен мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ага байланыштуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик компаниялардын ортосунда түз жеткирүү келишимдерин түзүү сунушталды.
Ал эми, өнөр жай тармагында 2024-жылдан тартып Кыргызстанда “100 өнөр жай ишканасы” программасы ишке ашырылып жатканы, бул программанын алкагында түркмөнстандык инвесторлорду тартууга жана түркмөн ишканаларынын Кыргызстандын рыногундагы катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин айткан кыргыз делегациясынын башчысы, текстиль жана химия өнөр жайы сыяктуу тармактар өзгөчө кызыгууну жаратаарын, анткени аларда биргелешкен өндүрүштүк ишканаларды түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар.
Мындан тышкары, айыл чарба, азык түлүк коопсуздугу, маданий-гуманитардык, билим берүү жана илим, туризм багыттарында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери сүйлөшүлдү.
Өз кезегинде кыргыз-түркмөн комиссиясынын теңтөрагасы Аннагелди Сапаров жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча эки өлкөнүн көз караштары окшош экенин, кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө болгон кызыгуусун белгилеп, бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыктары соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестиция жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөөгө жаңы дем берерине ишенерин билдирди.
Отурумдун соңунда Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 7-жыйынынын протоколуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому менен Түркмөнстандын Энергетика министрлигинин мамлекеттик “Түркмөнэнерго” электр энергетика корпорациясынын ортосунда келишимге кол коюлду.

