Европа космос агенттиги Жердин орбитасындагы иштен чыккан спутниктерди кармап, космостон чыгарууга арналган атайын аппаратты учурууну пландап жатат. Бул тууралуу BILD басылмасы жазды.
ClearSpace-1 деп аталган миссияны ишке ашырууга 102 миллион евродон ашык каражат бөлүнгөн. Долбоорду Германиянын OHB компаниясы жетектеген эл аралык консорциум ишке ашырат.
Миссиянын алгачкы максаты 2001-жылы орбитага чыгарылган PROBA-1 спутниги болот. Атайын аппарат ага өз алдынча жакындап, төрт роботтук манипуляторунун жардамы менен кармайт. Андан соң спутник менен аппарат Жердин атмосферасына багытталып, күйүп жок болот.
Бул долбоор орбитадагы космостук таштандылардын көбөйүшүнө байланыштуу иштелип чыгууда. Европа космос агенттигинин маалыматына караганда, учурда Жердин айланасында 47 миңден ашык объект байкоого алынган. Ал эми көлөмү 1ден 10 сантиметрге чейинки майда сыныктардын саны 1,5 миллионго жетиши мүмкүн.
Мындай калдыктар кичинекей болгонуна карабастан, орбитада өтө жогорку ылдамдыкта кыймылдагандыктан, иштеп жаткан спутниктерге зыян келтириши мүмкүн.

