Министрлер Кабинети кийинки жумада тоо туризмине коопсуздук эрежелерин киргизүү жана өзгөчө кырдаалдарда куткаруу иштерин жакшыртуу маселелери боюнча кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
Ошондой эле Дайырбек Орунбеков тоо туризмин өнүктүрүү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тоо сүйүүчүлөрүнөн сунуш-пикирлерди күтүп жатканын белгиледи.

