Башкы беткеСаясатПрезиденттик шайлоо: чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогу түзүлдү

Президенттик шайлоо: чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогу түзүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Маалыматка ылайык, учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда. 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлсө, Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.

Кореяда жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.

Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.

Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар