Чакан жана орто ишкердик өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн, инновациялардын жана калкты жумуш менен камсыз кылуунун негизги кыймылдаткыч күчү. Кыргызстан өзүнүн туруктуу өнүгүү жолунда ишкердик чөйрөнү жакшыртууга өзгөчө маани берүүдө. Бул багытта өлкөдө ишенимдүү укуктук коргоону камсыз кылуу, салыктык башкарууну санариптештирүү аркылуу ачык-айкындуулукту орнотуу жана ак ниет ишкерлер үчүн коопсуз чөйрө түзүү максатында Президент Садыр Жапаров тарабынан бир катар чечкиндүү кадамдар жасалып келет.
Мамлекет башчысы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алгачкы күндөрүнөн баштап эле бизнести коргоого багытталган «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жана «Ишкердик субъектилерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» маанилүү Жарлыктарга кол койгон. Бул документтердин алкагында укук коргоо жана фискалдык органдардын бизнеске негизсиз кийлигишүүсүнө, ыксыз текшерүүлөргө чектөөлөр жана мораторийлер киргизилди. Ишкерлерге карата административдик кысымды токтотуу үчүн өлкөдө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат сыяктуу түзүмдөр жоюлуп, Президент тарабынан мамлекеттик бийлик системасы бизнес менен жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн гана иштеши керек деген катуу талап коюлду.
Дал ушул мамлекеттик саясаттын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген стратегиялык багыттарга ылайык, өлкөдө чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча жаңы узак мөөнөттүү ЧОИ-2030 программасы кабыл алынды. Бул стратегиялык документ ишкерлердин укуктарын коргоо, жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чакан жана орто ишкердик секторунун туруктуу өнүгүүсүн тездетүү боюнча өлкө жетекчилиги койгон милдеттерди ишке ашырууга багытталган.
Бул программа расмий органдар тарабынан өлкөнүн бардык региондорундагы 500дөн ашык ишкерди социологиялык сурамжылоонунун натыйжалары, экономикалык жактан комплекстүү талдоо, ошондой эле бизнестин, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын жана эл аралык эксперттердин катышуусу менен стратегиялык жыйындардын жыйынтыктары аркылуу даярдалган. Бул ишкерлердин реалдуу керектөөлөрүн, ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүүнүн тармактык жана региондук өзгөчөлүктөрүн эске алууга мүмкүнчүлүк берди.
Президенттин Жарлыгы менен киргизилген дагы бир тарыхый жеңилдик жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин жеткен чакан ишкердик субъекттерин ( ККМ жана электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонуу шарты менен) соодадан алынуучу салыктардан толугу менен бошотуу болду. Ошондой эле ККМ чектерин бербегендиги үчүн биринчи жолу айып пул салбастан, тек гана эскертүү берүү тартиби киргизилип, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 27,25 пайыздан кызматкерлердин санына жараша 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтүлдү.
Чакан жана орто ишкердиктин өсүү көрсөткүчү
Бул реформалардын аркасында сектор туруктуу өсүштү көрсөтүүнү улантууда жана улуттук экономикада өзүнүн ролун күчөтүүдө. Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин иши өлкөнүн дүң кошумча наркынын олуттуу бөлүгүн түзөт жана экономикалык динамикага негизги таасирин тийгизет. Чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан өндүрүлгөн дүң кошумча нарктын көлөмү 640 985,3 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн (437 783,3 миллион сом) кыйла ашты. өсүш 46,4 пайызды түзүп, бул сектордун экономикалык активдүүлүгүнүн олуттуу жогорулагандыгы, ишкердик иштин кеңейгендиги жана улуттук экономикадагы анын ролунун бекемделгени жөнүндө күбөлөндүрөт.
өлкөнүн ИДПсындагы чакан жана орто ишкердиктин дүң кошумча наркынын салыштырма салмагы 51,7 пайызга жетип, мурунку мезгилге салыштырганда (42,6 пайыз) көбөйгөн. Демек, бул сектордун ИДПны түзүүгө кошкон салымы жарымынан ашты, бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат жана бизнестин чакан жана орто формалары барган сайын маанилүү орунду ээлеген экономикадагы структуралык өзгөрүүлөрдүн тездешин чагылдырат. Президент Садыр Жапаров өзүнүн билдирүүлөрүндө бул тармакта 617 миңге жакын жаран эмгектенип жатканын айтып, чакан жана орто бизнести туруктуу жумуш орундарынын негизги булагы деп атаган. Бул түзүмдүн ичинде чакан ишканалар ИДПнын 24,2 пайызына туура келсе, ИДПнын 16,5 пайызын түзгөн жеке ишкерлер да олуттуу ролду ойноону улантууда, мында алардын 20 пайызга жакыны аял ишкерлер болуп саналат.
Ишкердикти чектеген факторлор жана эл аралык баа
Ушундай олуттуу салымга карабастан, сектордун андан аркы өсүшү бир катар системалык чектөөлөр менен кармалып турат. Негизги тоскоолдуктардын ичине узак мөөнөттүү каржылоого жетүүнүн чектелгендиги, бизнестин жашоо циклинин ар кандай баскычтары үчүн финансылык инструменттердин ар түрдүүлүгүнүн жетишсиздиги, кредиттик ресурстардын жогорку наркы жана алардын кыска мөөнөттүү мүнөзү, жөнгө салуучу жол-жоболорунун татаалдыгы жана фрагменттүүлүгү, ченемдик укуктук базанын тез-тез өзгөрүшү, ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун жетишсиз деңгээли кирет. Кошумча чектөөчү факторлор болуп бизнес үчүн санариптик чечимдердин жетишсиз өнүгүшү, ишкердик жана башкаруучулук компетенциялардын тартыштыгы, мамлекеттик колдоо чараларын начар координациялоо, ошондой эле контролдоо-көзөмөлдөө механизмдерине байланыштуу маселелер саналат.
Аталган факторлор ишкердик активдүүлүктү төмөндөтөт, бизнестин инвестициялык потенциалын чектейт жана экономикалык иштин олуттуу бөлүгүн формалдаштырууга тоскоолдук кылат. Ишкердик чөйрөнүн абалына баа берүү Дүйнөлүк банк тарабынан өткөрүлгөн эл аралык изилдөөлөрдүн натыйжаларында да чагылдырылган. Изилдөөнүн натыйжаларына ылайык, өлкөнүн ишкердик чөйрөсү бирдей эместик менен мүнөздөлөт, мында салыштырмалуу жагымдуу ченемдик укуктук шарттар жөнгө салуу жол-жоболорун иш жүзүндө ишке ашыруу жана бизнеске мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү деңгээлинде олуттуу чектөөлөр менен айкалышат. Санариптик жетилгендиктин жана макулдашылгандыктын жетишсиздигинен улам бизнес үчүн кошумча административдик жана транзакциялык чыгымдар түзүлүүдө.
Административдик тоскоолдуктарды азайтуу
Мамлекеттин ишкердикти колдоодогу эң алгачкы жана маанилүү кадамы административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана мыйзамдык базаны жөнөкөйлөтүү болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишкердикти колдоонун мамлекеттик саясатын ишке ашырууга жетишсиз тартылышы да олуттуу институттук чектөө, бул улуттук деңгээлде кабыл алынган чечимдер менен аларды региондордо практикалык ишке ашыруунун ортосундагы ажырымга алып келет. Ишкердикти өнүктүрүүдөгү маанилүү тоскоолдуктардын бири укук колдонуу практикасы жана ишкерлердин мамлекеттик органдар, өзгөчө контролдоочу, фискалдык жана укук коргоо түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү. Ишкерлер ашыкча текшерүүлөргө, административдик жол-жоболордун создуктурулушуна, соттук чечимдер чыгарылганга чейин мүлктү алып коюу жана ишке бөгөт коюу практикаларына көп дуушар болушат. Бул бизнес үчүн олуттуу административдик жана финансылык чыгымдарды жаратат.
Ишкерлерге административдик кысымды күчөтүүчү кошумча фактор катары мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун колдонуудагы системасы каралат, мында контролдоочу жана фискалдык түзүмдөрдүн натыйжалуулугу тартип бузууларды алдын алуу жана инвестицияларды тартуу боюнча эмес, салынган айыптардын жана кошуп эсептөөлөрдүн көлөмү сыяктуу сандык көрсөткүчтөр боюнча бааланат. Садыр Жапаров өз сөзүндө: «Биз ишкерлерге жана инвесторлорго карата өзүбүздүн ой-жүгүртүүбүздү түп тамырынан бери өзгөртүүгө тийишпиз», — деп билдирип, мындай адилетсиз текшерүүлөргө мындан ары жол берилбестигин катуу эскерткен.
Базалык санариптик сервистер
Бул маселелерди чечүү үчүн стратегиялык программа бирдиктүү санариптик система аркылуу мамлекеттик колдоону камсыз кылуучу, жөнгө салуу чөйрөсү ачык, туруктуу жана болжолдуу болгон заманбап башкаруу моделине өтүүнү карайт. Негизги демилгелер системалуу долбоорлор, институттук реформалар жана бизнести мамлекеттик колдоонун интеграцияланган механизмдери аркылуу ишке ашырылат. Санариптештирүү багытында базалык санариптик сервистерди сунуштоодо прогресс бар эле, бирок кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңдиги жана татаалдыгы бизнес үчүн чектелүү бойдон калууда. Негизги көйгөйлөр электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы, лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер порталы, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын санариптик сервистери сыяктуу санариптик платформалардын жетишсиз интеграциясы менен байланышкан. Бул чачырандылык ишкерлер үчүн өзүнчө бир санариптик лабиринтти түзүп, көп сандаган ар башка порталдарга катталууга мажбурлайт.
Мамлекет башчысы ККМ, электрондук эсеп-фактура жана электрондук коштомо кагаздарды (ЭТТН) киргизүү ишкерлерди кыйноо эмес, тескерисинче, адилеттүү атаандаштыкты түзүү жана көмүскө соода кылгандар менен таза иштегендердин укугун теңдөө экенин дайыма түшүндүрүп келет. Дүйнөлүк тажрыйбада жол-жоболорду кыскартуу жана аларды санариптик кызмат көрсөтүүлөргө өткөрүү бизнес жүргүзүүгө убакытты 30дан 80 пайызга чейин кыскартат. Ушул себептен, программалык-долбоордук мамиленин негизинде Кластердик өнүктүрүү акселератору, ЧОИ-хаб жана Бизнес-Түндүк сыяктуу негизги системалык долбоорлорду ишке ашыруу башталып, алар бизнес үчүн мамлекеттик сервистерди санариптештирүүнү камсыз кылат.
Ресурстарга, анын ичинде маалыматка, билимге жана ишкердик компетенцияларга өз убагында жеткиликтүү болуу чакан жана орто ишкердикти туруктуу өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Бизнестин жашоо циклинин бардык баскычтарында ишкерлер сапаттуу маалыматка, аналитикалык маалыматтарга жана консультациялык колдоого муктаж. Азыркы учурда билим берүү системасы ишкердик ой жүгүртүүнү, финансылык сабаттуулукту жана бизнес жүргүзүүнүн практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга чектелген деңгээлде багытталгандыктан, жаңыдан иш баштаган ишкерлердин олуттуу бөлүгү базалык билимдердин жетишсиздигине туш болууда. Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүндө ишкердик ой жүгүртүүнү калыптандыруу инновациялык экономиканы өнүктүрүүдө жана чакан жана орто бизнестин туруктуу өсүшүндө маанилүү фактор экени белгиленет.
Финансылык ресурс: көйгөйлөр жана чечимдер
Мындан сырткары, өндүрүштү ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн зарыл болгон инфраструктурага, жер ресурстарына жана инженердик тармактарга жеткиликтүүлүк маселеси курч бойдон калууда. Чакан жана орто бизнес керектүү максаттуу багыттагы жер тилкелерин алууда же сатып алууда бир катар көйгөйлөргө туш болууда, себеби өнөр жай, транспорт жана байланыш багыттарына жер фондунун болгону 1,1 пайызы гана туура келет. Электр, жылуулук, газ, суу менен жабдуу системаларына кошулуунун колдонуудагы жол-жоболору административдик жол-жоболордун жетишсиз ачык-айкындыгы, татаалдыгы жана бирдиктүү стандарттардын жоктугу менен мүнөздөлүп, бизнес үчүн кошумча административдик жана финансылык тоскоолдуктарды жаратат.
Финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгү да системалуу мүнөзгө ээ жана үч деңгээлде: ишкерлердин өздөрү, финансы-кредиттик уюмдар жана макроэкономикалык чөйрө тарабынан түзүлөт. Ишкерлер тарабынан негизги тоскоолдуктар ликвиддүү күрөөнүн жетишсиздиги, финансылык ачык-айкындуулуктун төмөндүгү жана башкаруучулук эсепке алуунун начардыгы болуп саналат. Финансылык уюмдар тарабынан жогорку пайыздык ставкалар (улуттук валютада 20 пайыздан жогору), камсыздоого катуу талаптар жана кредиттердин кыска мөөнөттүүлүгү сакталып турат. Бул маселелерди чечүү максатында программа колдоонун финансылык жана финансылык эмес инструменттерин, өнүктүрүү институттарын, билим берүү уюмдарын жана бизнес-ассоциацияларды бириктирген бирдиктүү интеграцияланган экосистема катары ишке ашырылат. Мамлекеттик кепилдик фонду жана жеңилдетилген кредиттик программалар аркылуу айыл чарбасы, кайра иштетүү өнөр жайы жана экспортко багытталган ишканалар үчүн узак мөөнөттүү ресурстар берилип, күрөөсү жетишсиз болгон ишкерлердин долбоорлоруна түз кепилдиктер көрсөтүлүүдө.
Мамлекет жеке менчиктин кол тийбестигине, ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоого жана чарбалык ишке негизсиз кийлигишүүгө жол бербөөгө кепилдик берет. Мамлекеттин, жеке сектордун, илимий коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү өз ара аракеттенүүсү аркылуу 2030-жылга карата Кыргыз Республикасында инклюзивдүү, туруктуу, жашыл технологияларды интеграциялаган жана региондук жана эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү ишкерлердин жаңы мууну калыптанат. Бул кадамдар улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен бирге, жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана калктын бакубаттуулугун узак мөөнөткө камсыз кылат.
«ЧОИ-2030» программасынын бюджети, каржылоо булактары
Чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча кабыл алынган «ЧОИ-2030» жаңы узак мөөнөттүү улуттук программасы өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылууда реалдуу каржылык негизге ээ. Бул программанын бюджети кагаз жүзүндө гана калбастан, бир нече каржылык булактарды айкалыштырган натыйжалуу мульти-булактуу фонд катары бекитилген. Анын алкагында улуттук валютада бизнес долбоорлорду туруктуу каржылоо максатында атайын Сомдук өнүктүрүү фонду каралып, ал аркылуу жылына 3 миллиарддан кем эмес, 5 миллиард сомго чейин каражат бөлүү пландалган. Муну менен катар эле өлкөнүн республикалык бюджетинен ишкерлердин алган кредиттеринин пайыздык чендерин мамлекет тарабынан субсидиялоого жана санариптик тейлөө платформаларын кармоого туруктуу акча каражаттары багытталып турат. Ошондой эле программаны каржылоодо Евразия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык каржы институттарынын узак мөөнөттүү жеңилдетилген инвестициялары менен гранттык көмөктөрү маанилүү орунду ээлейт.
Бул бекитилген бюджеттик каражаттар ишкерлерге жөн гана түз берилбестен, бизнестин өсүшүнө шарт түзүүчү конкреттүү каржылык инструменттер аркылуу жеткирилет. Алсак, бюджеттин негизги бөлүгү чакан жана орто бизнес субъекттерине улуттук валютада жылдык 8–10 пайыздык жеңилдетилген чен менен 7 жылдан 10 жылга чейинки узак мөөнөткө насыяларды берүүнү камсыздайт. Ал эми күрөөсү жетишсиз болгон ишкерлер үчүн КР Кепилдик фонду аркылуу мамлекеттик кепилдиктерди берүү механизми каржыланат. Муну менен бирге өлкөдөгү стартаптарды, креативдүү индустрияны жана заманбап IT-долбоорлорду колдоо максатында атайын венчурдук фонддорду түзүү жана социалдык ваучерлерди бөлүү каралган. Бюджеттин дагы бир стратегиялык багыты бизнести тейлөөнү толук санариптештирүүгө багытталып, анын алкагында бирдиктүү улуттук «МСП-хаб» платформасын жана «Бизнес-Түндүк» сервисин ишке киргизүү, ошондой эле бизнес үчүн мамлекеттик кызматтардын 85 пайыздан ашыгын онлайн форматка өткөрүү каржыланат. Бул улуттук программанын бюджети КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан координацияланып, Министрлер Кабинетинин жылдык Иш-аракеттер планында реалдуу суроо-талапка жараша туруктуу түрдө такталып жана бөлүнүп турат.
Күтүлгөн натыйжалар
2030-жылга карата бул программанын алкагында чакан жана орто ишкердик болжол менен төмөнкүдөй максаттуу багыттарга жетишет: ЧОИнин субъекттери өндүргөн дүң кошумча нарктын көлөмүн 3 эсеге көбөйтүү (2024-жылдын көрсөткүчүнө карата); ЧОИнин дүң кошумча наркынын ички дүң продуктунун түзүмүндөгү үлүшүн 50 %дан жогору туруктуу деңгээлге жеткирүү; ишке жарамдуу калктын ишкердик секторунда иш менен камсыз болушунун 60 %га чейин өсүшү; ЧОИ субъекттеринин продукциясынын экспортунун көлөмүн 25 %дан кем эмес көбөйтүү; ЧОИни санариптештирүү деңгээлин 50 %га жогорулатуу; жаңы колдоо программаларына аялдардын жана жаштардын 40 %дан кем эмес катышуусу; 10дон кем эмес туруктуу кластерди түзүү; БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүү индексинде Кыргыз Республикасынын позициясын 2030-жылга карата 15 позициядан кем эмес жогорулатуу; B-READY баалоосунда жөнгө салуу чөйрөсүнүн жыйынды баллын 10 пункттан кем эмес жакшыртуу; атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана институттардын сапаты боюнча эл аралык индекстерде өлкөнүн позициясын 10 позициядан кем эмес жакшыртуу. Күтүлүүчү финансы-экономикалык натыйжалар: инвестициялык кредиттер боюнча орточо ставканы 19–20 %дан 5 %га чейин төмөндөтүү; кредит берүүнүн орточо мөөнөтүн 32 айдан 42 айга чейин көбөйтүү; региондордогу долбоорлордун үлүшүн 45 %га чейин көбөйтүү; 45 млрд сомго чейин жеке инвестицияларды тартуу; 25000ге чейин жаңы жумуш орундарын түзүү.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”

