Дүйнө бүгүн тынчсызданууга негиз болгон бир нече олуттуу көйгөйгө туш болууда. Бир жагынан, ар кайсы аймактарда куралдуу кагылышуулар уланып, кан төгүлүп, миллиондогон адамдар туулган жерин таштап кетүүгө аргасыз. Экинчи жагынан, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жашоо наркы өсүп, азык-түлүк, күйүүчү май, турак жай жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы көтөрүлүүдө.
Кимдир бирөө согуштун айынан үй-жайынан ажырап, баш калкалоочу жай издеп жүрсө, экинчиси тапкан кирешеси күнүмдүк тиричилигинен артпай, эртеңки күнүнө түйшөлүүдө. Бул эки көйгөйдүн кайсынысы болбосун адамдын тынч жашоосуна, коопсуздугуна жана келечегине түздөн-түз коркунуч жаратып жатканын танууга болбойт. Согуш саясий кызыкчылыктардын тирешинен улам мамлекеттер ортосунда келип чыккан, адамзат тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири. Анын артында кыйылган өмүрлөр, жетим калган балдар, жакындарынан айрылган үй-бүлөлөр, талкаланган шаарлар жана белгисиз келечекке туш болгон бүтүндөй эл турат.
Уппсала университетинин Куралдуу кагылышуулар боюнча маалымат программасынын (UCDP) 2025-жылдын жыйынтыктарына арналган изилдөөсүндө дүйнөдө мамлекеттер катышкан 65 куралдуу жаңжал катталганы белгиленет. Алардын 13ү согуш деңгээлине жеткен. Изилдөөчүлөрдүн эсебинде, 2025-жылы куралдуу жаңжалдардын ар кандай түрлөрүнөн болжол менен 244 миң 600 адам каза болгон. Бул көрсөткүч 1994-жылдагы Руандадагы геноцидден кийинки эң кандуу мезгилдердин бири болгонун көрсөтөт. Ал эми Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта эле 2025-жылы кеминде 94 миң 700 адамдын өмүрү кыйылганы катталган. Бул статистикалык сандардын артында өз үйүнө кайтууну күткөн эне, баласын издеп жүргөн ата, келечекке болгон үмүтү үзүлгөн үй-бүлө турат. Согуштун эң оор жүгү аны башынан өткөрүп жаткан карапайым калктын мойнуна түшөт. Анткени аскерлер согушканы менен, бомбалоодон үйлөрү кыйрап, мектептери жабылып, ооруканалары иштебей, жашоого керектүү шарттарынан ажыраган адамдар жай тургундар.
БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары башкармалыгынын (UNHCR) маалыматына ылайык, 2025-жылдын аягында дүйнө жүзүндө куугунтуктоо, куралдуу кагылышуу, зомбулук жана адам укуктарынын бузулушунан улам 117,8 миллион адам аргасыз жер которгон. Башкача айтканда, жер жүзүндөгү ар бир 70 адамдын бири өз үйүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Алардын арасында качкындар, башпаанек издегендер жана өз өлкөсүнүн ичинде башка аймактарга көчүүгө аргасыз болгон адамдар бар. UNHCRдин 17-ноябрда жарыяланган маалыматы боюнча, 2026-жылдын июнь айынын аягында дүйнөдө 41,7 миллион качкын жана 69,4 миллион өз өлкөсүнүн ичинде жер которгон адам катталган. Мындай шартта согуштун баасын акча менен гана өлчөө мүмкүн эмес. Анткени талкаланган шаарларды кайра курууга, экономикага кеткен чыгымды жылдар бою толуктоого болот, бирок кыйылган адам өмүрүн кайтаруу мүмкүн эмес. Балалыгы согуштун үнү менен өткөн муундун жоголгон тынчтыгы, психологиялык жарааты жана үзүлгөн кыялдары эч бир экономикалык көрсөткүч менен өлчөнбөйт.
Кымбатчылык
Дүйнөлүк статистика да бул көйгөйдүн масштабын көрсөтүп турат. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) 2026-жылдын июнь айында жарыяланган маалыматына ылайык, дүйнөлүк жалпы керектөө бааларынын инфляциясы 2021-жылдагы 1,6 пайыздан 2022-жылы 8,6 пайызга чейин өскөн. Ал эми азык-түлүк инфляциясы 2023-жылы 13 пайызга жеткен. 2025-жылы жалпы инфляция болжол менен 2,7 пайызды, азык-түлүк инфляциясы 3,4 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүчтөр дүйнөлүк деңгээлде инфляциянын темпи басаңдаганын билдиргени менен, мурда кымбаттап кеткен товарлардын баасы кайра мурунку деңгээлине түштү дегенди билдирбейт. Башкача айтканда, баалардын өсүшү жайлашы мүмкүн, бирок кымбатчылыктын өзү сакталып кала берет.
Маселенин дагы бир олуттуу жагы дүйнө жүзүндө сапаттуу тамактануу мүмкүнчүлүгү баарына бирдей эмес. Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2025-жылы туура жана пайдалуу тамактануунун дүйнөлүк орточо наркы бир адамга күнүнө сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча 4,28 долларды түзгөн. Ошол эле жылы дүйнөдө болжол менен 2,7 миллиард адам пайдалуу тамактанууга жетиштүү каражат таба алган эмес. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 109 миллион адамга азайганы менен, маселенин дагы эле канчалык курч экенин көрсөтөт. Демек, технология өнүккөн, өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү кеңейген азыркы заманда да миллиарддаган адамдын алдында күнүмдүк тамак-аш маселеси турат.
Кымбатчылыкты бир гана ички экономикалык шарттар менен түшүндүрүүгө болбойт. Ага дүйнөдөгү геосаясий кырдаал, согуштар, энергетикалык ресурстардын баасы, логистикалык чынжырлардын үзгүлтүккө учурашы жана климаттык өзгөрүүлөр да таасир этет. Мисалы, ири мунай жана газ өндүрүүчү аймактардагы жаңжалдар энергетикалык рыноктун туруктуулугун бузат. Күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөндө жүк ташуу, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана товарларды жеткирүү чыгымдары да көбөйөт. Натыйжада бир аймактагы согуш миңдеген чакырым алыстыкта жашаган адамдардын да базардагы чыгымына таасир этет.
Муну 2026-жылдагы дүйнөлүк экономикалык божомолдордон да байкоого болот. Дүйнөлүк банктын 28-октябрда жарыяланган «Товардык рыноктордун келечеги» деген баяндамасында глобалдык экономикалык жана геосаясий тобокелдиктердин күчөшүнөн улам 2026-жылы дүйнөлүк товардык чийки заттардын баасы 23 пайызга жогорулашы мүмкүн экени айтылган. Энергетикалык ресурстардын баасы 32 пайызга чейин өсүшү күтүлүүдө. Ал эми азык-түлүк товарларынын баасы 2026–2027-жылдары жалпы 18 пайызга жогорулашы мүмкүн деген божомол берилген. Бул акыркы жыйынтыктар эмес, алдын ала эсептелген божомолдор. Бирок алардын өзү эле дүйнөлүк рыноктун канчалык туруксуз абалда турганын көрсөтүп турат.
Мына ушул жерден согуш менен кымбатчылыктын бири-бирине канчалык тыгыз байланыштуу экенин көрүүгө болот. Согуш бир гана адам өмүрүн кыйбастан, экономикалык кризистердин да башаты болот. Кара деңиз аймагындагы коопсуздук көйгөйлөрү дан азыктарын ташууга таасир этсе, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу мунай рыногуна таасирин тийгизди. Айыл чарбасында колдонулган жер семирткичтердин баасы өскөндө дыйкандардын чыгымы көбөйөт. Ал эми өндүрүшкө кеткен чыгымдын өсүшү акырында керектөөчү сатып алган товарлардын баасына кошулат. Ошентип, согуш жүрүп жаткан аймактан миңдеген чакырым алыста жашаган адам да анын экономикалык кесепетин сезилет.
Бирок согуштун кесепетин баалардын өсүшү менен гана чектөөгө болбойт. Ал мамлекеттердин өнүгүүсүнө бөлүнүшү керек болгон каражаттарды аскердик муктаждыктарга бурууга да түрткү берет. Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) 2026-жылдын апрелинде жарыяланган баяндамасына ылайык, 2025-жылы дүйнөлүк аскердик чыгымдар реалдуу эсепте 2,9 пайызга өсүп, 2 триллион 887 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч катары менен он биринчи жыл өскөн. Акыркы он жылда дүйнөлүк аскердик чыгымдар 41 пайызга көбөйгөн.
Албетте, ар бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга укуктуу. Бирок дүйнө жүзү боюнча аскердик чыгымдардын тынымсыз өсүшү менен катар ачарчылык, жакырчылык, таза суу, билим берүү жана саламаттык сактоо көйгөйлөрүнүн сакталып жатканы ойлондурбай койбойт. Бир жагынан мамлекеттер курал-жаракка триллиондогон доллар сарптап жатса, экинчи жагынан миллиарддаган адамдар сапаттуу тамактанууга каражат таба албай жатышат. Бул карама-каршылык адамзаттын өнүгүү багыты тууралуу олуттуу суроолорду жаратат.
Дүйнөдөгү мындай көрүнүштөр Кыргызстанды да кыйгап өтпөйт.ªлкөбүздө согуш жүрбөгөнү менен, анын экономикалык кесепеттери ички рынокко таасир этет. Кыргызстан көптөгөн товарлар боюнча импортко көз каранды болгондуктан, дүйнөлүк рыноктогу баалардын өзгөрүшү азык-түлүккө, күйүүчү майга, курулуш материалдарына жана күнүмдүк керектелүүчү товарларга таасир этет. Ташуу чыгымдарынын көбөйүшү да товарлардын акыркы баасына кошулат. Мындай шартта туруктуу айлыкка жашаган үй-бүлөлөр үчүн күнүмдүк тиричиликти камсыз кылуу барган сайын татаалдашат.
Мындан тышкары, кымбатчылык менен согуштун дагы бир окшоштугу бар. Экөөнүн тең кесепети биринчи кезекте аялуу катмарга оор тиет. Согуш учурунда балдар, аялдар, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өзгөчө коргоого муктаж болушса, кымбатчылык маалында да аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой ата-энелер, пенсионерлер жана туруктуу кирешеси жок жарандар көбүрөөк жабыркайт. Демек, бул эки көйгөйдү чечүүдө мамлекеттердин социалдык жоопкерчилиги өзгөчө мааниге ээ.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

