Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров: Элдин көйгөйүн чечүү — ар бир жетекчинин милдети

Садыр Жапаров: Элдин көйгөйүн чечүү — ар бир жетекчинин милдети

Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ыйгарым укуктары кеңейтилип, эмгек акысы жогорулатылганын эске салып, алардан тиешелүү натыйжа, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу жана жарандардын кызыкчылыгына кызмат кылуу талап кылынарын айтты. Ал мамлекеттик кызматкерлерди мыйзамсыз аракеттерге барбоого, коом алдындагы жоопкерчилигин унутпоого жана ар бир жетекчинин ишмердүүлүгү жарандардын көңүл борборунда экенин түшүнүүгө чакырды.

“Мамлекеттик кызматтагы жетекчилер өзү менен өзү болуп, эптеп убакыт өткөрүп, жүрө бербей элге кызмат кылышы кажет. Тигил же бул мамлекеттик кызматтагы жетекчинин ишмердигинин негизги натыйжалары элибиздин жашоо шартынын кескин жакшырышынан байкалышы зарыл”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент жарандардын кайрылууларына формалдуу жооп берүү, маселелерди келечекте чечүүгө убада кылуу жана мөөнөттөрдү создуктуруу толук кандуу иш катары эсептелбей турганын белгиледи. Ал жарандар болуп жаткан өзгөрүүлөргө көз салып, мамлекеттик органдардын ишине баа берип, конкреттүү натыйжаларды күтүп жатканын өзгөчө белгиледи.

“Кандай гана маселе болбосун элдин кызыкчылыгын көздөп, элдин пайдасына чечкенде гана ошол бийлик элге жакын болот.  Анын үзүрү азыр билинбегени менен бир убактарда биздин салган имараттарыбыз эмес, элге болгон жакындыгыбыз, элдин көйгөйүн чече билгендигибиз менен бааланат-баркталат”, – деди Мамлекет башчысы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар