Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте инсульт менен күрөшүү боюнча эл аралык тажрыйба талкууланууда

Бишкекте инсульт менен күрөшүү боюнча эл аралык тажрыйба талкууланууда

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкекте Кыргызстанда инсульт менен күрөшүү боюнча биринчи улуттук конференция башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 23–25-ноябрь күндөрү өтүп жаткан конференциянын негизги максаты — инсульттун алдын алуу, ооруну эрте аныктоо жана дарылоо ыкмаларын өркүндөтүү, ошондой эле бул багытта эл аралык тажрыйба алмашуу.

“Иш чарага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), Инсульт менен күрөшүү боюнча дүйнөлүк уюмдун (WSO), RES-Q эл аралык реестринин жана Angels демилгесинин өкүлдөрү катышууда. Мындан тышкары, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Украина, Беларусь, Грузия жана башка өлкөлөрдөн келген адистер да тажрыйба бөлүшүүдө”, -деп айтылат маалыматта.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар