26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде жаштар үчүн бош жумуш орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өтөт.
Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы аталган университет менен биргеликте уюштурууда.
Жарманкеге 40тан ашык иш берүүчү катышып, экономика, юриспруденция, IT, билим берүү, журналистика, башкаруу жана башка тармактар боюнча 4 миңден ашык бош жумуш ордун сунуштайт.
Иш-чаранын максаты — жаштардын, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн жана жаш адистердин жумушка орношуусуна көмөктөшүү. Катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз баарлашып, маектешүүдөн өтүп, жумуш сунуштарын ала алышат.
Мындан тышкары, мектеп окуучулары үчүн кесип тандоого багытталган тестирлөөлөр, оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулат.
Ал эми иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери келген жарандарга жумушка орношуу, кесиптик окутуу, «Жаштардын стажировкасы» программасы жана мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңеш беришет.

