Башкы беткеКоомЧолпон-Атадагы байдарка жана каноэ базасы реконструкцияланат

Чолпон-Атадагы байдарка жана каноэ базасы реконструкцияланат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы байдарка жана каноэде сүзүү боюнча спорттук базага барды.

Иш сапардын жүрүшүндө ал спорттук объекттин материалдык-техникалык абалы, машыгуу үчүн түзүлгөн шарттар жана спортчуларды даярдоо процесси менен таанышты.

Жыйынтыгында спорттук базанын укуктук макамын жөнгө салуу, аны комплекстүү реконструкциялоо жана заманбап талаптарга ылайык жаңылоо боюнча тапшырмалар берилди.

Бул иштер спорттук инфраструктураны жакшыртып, байдарка жана каноэде сүзүү менен машыккан спортчулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар