Башкы беткеКоомБаткенде 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курулууда

Баткенде 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курулууда

Баткен шаарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу уланууда. Спорттук объектти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалган.

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков 22-ноябрда Баткен облусуна иш сапары менен барып, аймактык футбол ассоциациясынын жамааты жана футбол түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Ошондой эле стадиондун курулушу менен жеринде таанышты.

Жолугушууда аймактагы футболду өнүктүрүү пландары жана актуалдуу маселелер талкууланды. Мындан тышкары, футболдун өнүгүшүнө салым кошкон жергиликтүү адистерге ыраазычылык каттары тапшырылды.

Стадиондун курулушуна байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, подряддык уюмдардын жана долбоорлоочулардын катышуусунда өзүнчө жыйын өттү. Анда курулуштун жүрүшү, аткарылып жаткан иштердин сапаты жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү маселелери каралды.

Долбоорго ылайык, негизги футбол аренасынан тышкары үч машыгуу талаасы жана төрт кичи футбол аянтчасы курулууда. Ар бир машыгуу талаасынын жанында заманбап кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган.

Ошондой эле стадиондун аймагында кесипкөй футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл алууга ылайыкталган 100 орундуу жатакана комплекси салынууда.

Белгилей кетсек, стадионду пайдаланууга берүү мөөнөтү 2027-жылга жылдырылган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар