Башкы беткеКоомӨлкөдө 10 айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миң учуру катталды

Өлкөдө 10 айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миң учуру катталды

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында ички иштер органдарынын электрондук каттоо журналына үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миң 414 фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,3 пайызга же 5 миң 160 учурга көп.

Берилген маалыматка ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча 7 миң 432 протокол түзүлүп, сотторго жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 3 миң 901 адам камакка алынып, 2 миң 362 адам коомдук иштерге тартылган.

Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 31 кылмыш иши козголгон.

Статистикалык маалыматтар акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйүп жатканын көрсөтөт. Алсак, 2024-жылы 17 миң 316 учур катталып, бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1 пайызга көп болгон.

Ал эми 2025-жылы өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун 22 миң 152 фактысы катталган. Былтыр бул көрүнүшкө байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, анын кесепетинен 458 аял, 104 бала жана 94 эркек жабыркаганы аныкталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар