Башкы беткеМинистрлер кабинетиМангыт айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда

Мангыт айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда

Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.

Курулуш иштери 2025-жылдын август айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, ага 112 миллион сом каралган.

Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1537 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, имаратта окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар түзүлүп, предметтик кабинеттер, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана спорт зал каралган.

Ошондой эле окуу бөлмөлөрүнө заманбап желдетүүчү рекуператорлор орнотулат. Алар саатына 60 куб метрге чейин аба алмаштырууга жөндөмдүү.

Учурда имараттын негизги каркасы толук тургузулуп, ички шыбак иштери аяктады. Калган курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштерин Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп, аткарылган иштердин сапатын текшерүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар