Башкы беткеПарламентМарлен Маматалиев КМШ өлкөлөрүн "Бишкек+25" тоо саммитине катышууга чакырды

Марлен Маматалиев КМШ өлкөлөрүн “Бишкек+25” тоо саммитине катышууга чакырды

20-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын 61-пленардык жыйынына катышты.

Жыйында ал парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана жалпы тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча бир катар демилгелерди көтөрдү.

Марлен Маматалиев Ассамблея мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөөгө, ачык пикир алмашууга, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана укуктук системаларды жакындаштырууга салым кошуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода тоскоолдуктарын азайтуу, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга мыйзамдык шарттарды түзүү зарылдыгына токтолду.

Маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сөз кылып, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты, “Шериктештиктин балдары” эл аралык маданий-билим берүү форумун жана “Эскерүү поезди” долбоорун мындан ары да колдоого чакырды.

Мындан тышкары, Төрага КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 2027-жылдын октябрында Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырды. Анын айтымында, бул иш-чара тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин жыйынтыгын чыгарган маанилүү аянтча болот.

Ошондой эле 2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы белгиленерин эске салып, КМШ мамлекеттеринин парламенттерин жазуучунун мааракесине карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө чакырды.

Мындан сырткары, 2027-жылы КМШ ПААнын түзүлгөнүнө 35 жыл толоруна байланыштуу Ассамблеянын кезектеги жыйындарын күзүндө Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Данияр Толонов, Азизбек Абдуллаев, Чолпон Эсенаманова, ошондой эле Кыргызстандын КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев менен Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров да катышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар