Нарын облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу 20-ноябрда өткөн коллегиялык жыйында маалымдалды.
Жыйындын жүрүшүндө аймактын экономикасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу, социалдык жана инженердик инфраструктураны жакшыртуу багытында аткарылган иштер талкууланды.
Маалыматка ылайык, тогуз айда облустагы өнөр жай продукциясынын көлөмү 14,5 млрд сомго жакындап, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 пайыздан ашык өскөн. Мезгил ичинде 95 жаңы ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлгөн. Ал эми капиталдык салымдардын көлөмү 27 млрд сомго жакындап, жети эседен ашык көбөйгөн.
Курулуш тармагында 128 объект камтылып, аларга 14 млрд сомдон ашык каражат каралган. Жол курууда жылдык план ашыгы менен аткарылып, 154 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлгөн. Ошондой эле 275 чакырымга жакын жол жарыктандырылган.
Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү алкагында мектептер, бала бакчалар, административдик имараттар жана спорттук объектилер курулуп, оңдолгон. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен облуста 51 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, Нарын шаарында 216, Кочкор районунда 217 батирлүү ипотекалык үйлөр курулуп, элге тапшырылган.
Энергетика тармагында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСинин, чакан ГЭСтердин жана күн электр станцияларынын курулушу уланууда. Сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн каналдар, гидротехникалык курулмалар жана насостук бекеттер оңдолууда.
Айыл чарбасында 47 миң гектардан ашык жерге эгин себилип, 821 дыйканга жалпы 593 млн сомго жакын жеңилдетилген насыя берилген. Туризм тармагында Кел-Суу, Соң-Көл, Таш-Рабат жана Кошой-Коргон багыттарынын инфраструктурасын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.
Билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, медициналык жабдуулар жаңыланууда. Облустук ооруканага алгачкы жолу ангиограф аппараты орнотулган. Ал эми Нарын шаарында республикада алгачкы заманбап Маданий борбор ачылган.
Алдыда облустун өнүгүүсүн жаңы баскычка чыгаруу максатында социалдык инфраструктура, туризм, өнөр жай жана жол тармактарында бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

