Башкы беткеКоомБишкекте эки күндө 2,9 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Бишкекте эки күндө 2,9 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Бишкек шаарында ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча эки күндүк акциянын жүрүшүндө жалпысынан 2 963,98 тонна таштанды чыгарылды.

Мэриянын маалыматына караганда, анын 348 тоннасы кошумча тартылган атайын техникалардын жардамы менен чыгарылган. Тактап айтканда, 20-ноябрда 198 тонна, 21-ноябрда 150 тонна таштанды тазаланган.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы күнүмдүк тиричилик калдыктарын чыгарууга 115 атайын техниканы тартса, ири көлөмдөгү таштандыларды чогултуу үчүн кошумча 31 техника иштеген.

Тазалоо иштери борбор калаанын төрт районунда тең жүргүзүлүп, эски эмеректер, керексиз ири буюмдар, түшкөн жалбырактар жана кыйылган бак-дарактардын бутактары чыгарылды.

Белгилей кетсек, акция 21-ноябрда жыйынтыкталды. Мындан ары таштандыларды чыгаруу белгиленген графикке ылайык кадимки тартипте улантылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар