2026-жылдын 21-ноябрынан тартып Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде реконструкциялоо иштери башталды.
Музей-комплекстин маалыматына ылайык, учурда курулуш техникалары тартылып, долбоордун биринчи этабынын алкагында алгачкы иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүн музей-комплекстин башкы директору Медербек Апарханов менен «Ош облусунун жана Ош шаарынын регионалдык экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун координатору Ш.С. Арынов курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда алдыдагы иштердин долбоору жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү талкууланды.
Долбоор музейдин инфраструктурасын жаңылоону жана зыяратчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөйт. Иштер Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий баалуулугун жана өзгөчө мурасын сактоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Маанилүү: 23-ноябрдан тартып Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейлери толугу менен жабылат. Ал эми музейдин башкы имаратындагы экспозиция залы келүүчүлөр үчүн ачык бойдон калат.

