Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык үстөк менен кошумча 271 млн сом жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат фермерлерге «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет. Насыяга асыл тукум ири мүйүздүү мал, топоз, жылкы, кой жана эчкинин белгиленген породаларын сатып алууга болот.
Жеңилдетилген насыяны асыл тукум заводдор, фермалар, мал импорттоочулар, техник-осеменаторлор, фермердик чарбалар жана жеке ишкерлер ала алышат.
Насыя алуу үчүн фермерлер IDYIKAN тиркемеси аркылуу онлайн арыз бере алышат. Ал үчүн тиркемеге «Түндүк» аркылуу кирип, «Кызматтар» бөлүмүнөн «Агрокредиттөө» кызматын тандап, электрондук өтүнмөнү толтуруу зарыл.

