Башкы беткеКоомЖыргалаңдагы "Ала-Тоо Резорттун" ачылышына дүйнөлүк жылдыз келет

Жыргалаңдагы “Ала-Тоо Резорттун” ачылышына дүйнөлүк жылдыз келет

2026-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, майрамдык программанын алкагында дүйнөлүк деңгээлдеги атайын чакырылган аткаруучу өнөр көрсөтөт. Бирок анын ысымы азырынча ачыктала элек.

Иш-чара музыка, туризм жана Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган маданий программа менен коштолот. Кеченин башкы коногунун ысымы кийинчерээк жарыяланат.

Салтанаттуу ачылыш саат 13:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар