Башкы беткеКоомЖыргалаңдагы "Ала-Тоо Резортто" кар көчкүдөн сактануу чаралары көрүлүүдө

Жыргалаңдагы “Ала-Тоо Резортто” кар көчкүдөн сактануу чаралары көрүлүүдө

“Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринде кар көчкү коопсуздугун камсыздоочу станциянын ишин уюштуруу жана өркүндөтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гляциология жана кар көчкү коопсуздугу башкармалыгынын адистери станциянын кызматкерлерин ишке даярдоо боюнча чараларды көрүүдө.

Аталган иштер 1-декабрда өтө турган тоо кластеринин салтанаттуу ачылышына карата жүргүзүлүүдө.

Станциянын негизги милдети — аймактагы кар көчкү коркунучун көзөмөлдөө жана анын алдын алуу иштерин уюштуруу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар