Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген насыя берүүгө кошумча 271 миллион сом бөлүндү. Каражат фермерлерге жылдык 3% менен 2026-жылдын аягына чейин берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Кошумча каржылоо министрлер кабинетинин 2026-жылдын 19-ноябрындагы №875-р тескемесинин негизинде каралган. Документте «Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча мурда кабыл алынган тескемеге өзгөртүүлөр киргизилген.
Жеңилдетилген насыялар «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет. Арыздарды iDyikan тиркемеси аркылуу онлайн тапшырууга болот.
Ал үчүн тиркемеге «Түндүк» аркылуу кирип, «Кызматтар» бөлүмүнөн «Агрокредиттөө» кызматын тандоо, андан соң тиешелүү багытты белгилеп, электрондук арыз жөнөтүү зарыл.
Каржылоону асыл тукум ири мүйүздүү мал, топоз, жылкы, кой жана эчкилерди сатып алууга пайдаланууга болот. Мында мал белгиленген породалык талаптарга жооп бериши керек.
Жеңилдетилген насыяны асыл тукум заводдор, чарбалар, асыл тукум мал импорттоочулар, жасалма уруктандыруу адистери, дыйкан (фермердик) чарбалар жана асыл тукум мал өстүрүү менен алектенген жеке ишкерлер ала алышат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылы аталган программанын алкагында 238 чарба жүргүзүүчү субъект каржыланган. 30-октябрга карата аларга жалпы 1,1 миллиард сом бөлүнгөн.
Ошондой эле бир жыл ичинде асыл тукум чарбалардын саны 186дан 232ге чейин көбөйгөн.

