OpenAI компаниясынын башкы илимий кызматкери Якуб Пахоцкий жасалма интеллект системаларын, анын ичинде ЖИ-агенттерин иштеп чыгууда жана өркүндөтүүдө бирдиктүү коопсуздук стандартын түзүүгө чакырды. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
Анын пикиринде, алдыңкы ЖИ моделдерин иштеп чыккан компаниялар аларды баалоо жана коопсуздугун негиздөө боюнча жалпы эрежелерди иштеп чыгуу үчүн биргелешип аракеттениши керек.
Пахоцкий ошондой эле жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө белгилүү бир чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул чектөөлөр перплексия жана башка көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталышы мүмкүн.
Мындай талаптар иштеп чыгуучулар жасалма интеллекттин жүрүм-турумун жетиштүү деңгээлде түшүнүп, көзөмөлдөй алганга чейин күчүндө болушу керек.
OpenAI өкүлү сунушталып жаткан тармактык стандарт ар кайсы компанияларда бирдей өлчөнө турган көрсөткүчтөрдү камтып, технологияны өнүктүрүүнүн кийинки баскычына өтүү үчүн кандай коопсуздук талаптары аткарылышы керектигин аныктоого тийиш экенин белгилеген.

