Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Казакстан 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү $3 млрдга жеткирүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Казакстан 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү $3 млрдга жеткирүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Казакстан 2030-жылга чейин эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маселе министр Бакыт Сыдыковдун Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен болгон жолугушуусунда талкууланды.

2021–2025-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2,3 эсеге өскөн. Ал эми 2026-жылдын январь–август айларында көрсөткүч 1,4 млрд долларды түзгөн.

Жолугушууда тараптар соода көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да карашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар