Башкы беткеЭкономикаКыргызстан экономикасы 10 айда 10,5%га өстү

Кыргызстан экономикасы 10 айда 10,5%га өстү

Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2026-жылдын январь–октябрь айларында 10,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, октябрь айында өлкө экономикасы дагы 0,3 пайызга өсүп, жогорку көрсөткүчүн сактап калды.

Экономикалык өсүшкө негизги салымды курулуш тармагы кошкон. Анын ИДПнын өсүшүндөгү үлүшү 4,4 пайыздык пунктту түздү.

Баяндамада курулуш тармагы менен катар ага байланыштуу башка тармактар да өнүгүп, калктын кирешесинин өсүшүнө шарт түзүп жатканы белгиленген. Маселен, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында орточо айлык акынын реалдуу өлчөмү 16,6 пайызга жогорулаган. Бул акча которуулардын азайышынын таасирин жарым-жартылай жеңилдеткен.

Евразия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык, экономикалык өсүш жыл аягына чейин сакталып, 2026-жылдын жыйынтыгында 10,5 пайыздын тегерегинде болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар