Күйүүчү май рыногундагы сабактар жана чечимдер

             Күйүүчү-майлоочу май материалдары (КММ) ар бир өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун негизги факторлорунун бири. Бул рыноктогу ар кандай өзгөрүү жалпы экономикага гана эмес, ар бир жарандын күнүмдүк жашоосуна да түздөн-түз таасир этет.

Кыргызстан жыл сайын орточо 1,6 миллион тоннага жакын күйүүчү-майлоочу май материалдарын керектейт. Өлкөдө нефтини кайра иштетүүчү ишканалар болгону менен алардын өндүрүш көлөмү ички суроо-талапты толук камсыздай албайт. Ошондуктан күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү сырттан импорттолот. Узак убакыт бою импорттун негизги үлүшү Россия Федерациясына туура келген. Бул кызматташтык эки өлкөнүн өкмөттөр аралык макулдашууларынын негизинде жүргүзүлүп, Кыргызстан үчүн салыштырмалуу туруктуу камсыздоо механизми болуп эсептелген.    Россиядагы бир катар мунай иштетүүчү заводдордо дрондордун чабуулунан кийин оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү, дүйнөлүк рыноктогу баанын өзгөрүшү, логистикалык көйгөйлөр жана транспорттук чектөөлөр күйүүчү майдын жеткирүү мөөнөтүнө жана дүң баасына таасирин тийгизди. Натыйжада Кыргызстан үчүн дагы кошумча тобокелдиктер жаралып, импорттун альтернативдүү булактарын издөө зарылдыгы келип чыкты. Анткени күйүүчү май рыногундагы эң чоң коркунуч – бул товар жетишсиздиги эмес, анын кесепетинен келип чыгуучу дүрбөлөң, жасалма тартыштык жана баалардын көзөмөлсүз өсүшү болору айкын.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев белгилегендей, мындай шартта өкмөттүн негизги максаты баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө, жасалма тартыштыкты болтурбоо жана өлкөнүн күйүүчү май корун кеминде эки жарым айлык деңгээлге жеткирүү болду. Көрүлгөн чаралар көп өтпөй эле өз жыйынтыгын бере баштады. Кыска убакыттын ичинде күйүүчү майдын запасы бир жарым айлык деңгээлге чейин көбөйтүлүп, рыноктогу абал турукташтырылды.

Өкмөттүн эң маанилүү кадамдарынын бири импорттун географиясын кеңейтүү болду. Эгер мурда Кыргызстан дээрлик толугу менен бир өлкөнүн жеткирүүсүнө көз каранды болсо, бүгүнкү күндө камсыздоо булактарын көбөйтүү жана жаңы өнөктөштөрдү тартуу боюнча саясат ишке ашырыла баштады.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдиргендей, Кытай Эл Республикасы менен жетишилген макулдашуулардын негизинде күйүүчү майдын алгачкы партиялары автоунаа транспорту аркылуу Кыргызстанга келди. Ошол эле учурда Беларусь Республикасы менен да стратегиялык келишимдер түзүлдү. Россия аймагы аркылуу транзит маселеси эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилип, күйүүчү май темир жол аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлдү. Мындай кадам бир гана жеткирүү багытын көбөйтпөстөн, импорттун туруктуулугун камсыз кылуудагы маанилүү фактор болуп калды.

Коңшу Өзбекстан дагы Кыргызстанды күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча колдоо көрсөтүп, күйүүчү май жеткирүүнү баштады. Ошону менен бирге өзбек тараптын мунай иштетүүчү кубаттуулуктарын пайдалануу боюнча келишимдер түзүлүп, чийки затты кайра иштетүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Ал эми Казакстан менен түзүлгөн келишимдердин негизинде күз-кыш мезгилине даярдык үчүн ай сайын 15–20 миң тонна мазут жеткирүү пландалды. Бул мазутту кайра иштетүү аркылуу бензин менен дизелдик күйүүчү май өндүрүү мүмкүнчүлүгү кеңеймекчи.

Импорттун жаңы багыттарын кеңейтүү боюнча иштер муну менен эле чектелген жок. Чолпон-Ата шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын өкмөттөр аралык жолугушуусунун алкагында да күйүүчү-майлоочу май материалдарын жеткирүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюлду. Эксперттердин баамында, мындай келишимдер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдап, ички рынокту күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоого кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.

Чолпон-Атада өткөн жогорку деңгээлдеги  жолугушууда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон аймак өлкөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүп жана кайра иштете турган ири регионалдык мунай иштетүүчү заводду же бирдиктүү өндүрүш борборун түзүү демилгесин көтөрдү. Бул сунуш азырынча талкуу баскычында болгону менен, анын көтөрүлүшү Борбордук Азия мамлекеттери энергетикалык коопсуздук маселесин өз алдынча эмес, аймактык кызматташтык аркылуу чечүүгө умтулуп жатканын айгинелейт. Кыргызстан үчүн да мындай демилгелер келечекте импорт булактарын кеңейтүүгө, кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоонун туруктуу системасын калыптандырууга кошумча шарт түзүшү мүмкүн.

Дагы бир жагдай бар. Коомчулук көп учурда күйүүчү майдын баасын бир гана нефтинин дүйнөлүк баасы менен байланыштырат. Негизи чекене баа бир катар факторлордун негизинде түзүлөт. Анын курамына күйүүчү майды сатып алуу баасы, ташуу чыгымдары, темир жол тарифтери, логистика, сактоо, салыктар, милдеттүү төлөмдөр жана май куюучу жайлардын эксплуатациялык чыгымдары кирет. Демек дүйнөлүк рынокто нефть арзандаганы менен ички рынокто баа дароо төмөндөп кетпеши мүмкүн. Тескерисинче транспорттук чыгымдардын өсүшү же валюта курсунун өзгөрүшү баанын өсүшүнө алып келиши ыктымал.

Өлкөнүн акыркы айларда жүргүзгөн саясаты энергетикалык коопсуздук маселесине жаңыча мамиле кыла баштаганын көрсөттү.

Ошону менен бирге ички мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү, стратегиялык запастарды мыйзамдык негизде көбөйтүү жана жаңы логистикалык коридорлорду түзүү маанилүү бойдон калууда.

Акыркы окуялар көрсөткөндөй, күйүүчү май рыногундагы туруктуулук кокустуктан эмес, мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлгөн ыкчам чечимдердин, эл аралык кызматташуунун жана алдын ала көрүлгөн стратегиялык чаралардын натыйжасы болуп саналат. Кыргызстан бүгүн импорттун жаңы багыттарын ачуу менен гана чектелбестен, келечекте мындай кризистер кайталанган күндө да ички рынокту үзгүлтүксүз камсыздай ала турган туруктуу системаны түзүүгө умтулууда. Дал ушул саясат өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоонун негизги шарты болуп калат.

                                                                                                                                  Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»