Башкы беткеЭкономикаКыргызстан фермерлерди колдоо үчүн 21 млн доллар насыя алат

Кыргызстан фермерлерди колдоо үчүн 21 млн доллар насыя алат

Жогорку Кеңеш 28-октябрда Кыргызстан менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (IFAD) ортосундагы келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Жалпы суммасы 21,05 млн долларды түзгөн каражат фермерлерди колдоого, жайыттарды калыбына келтирүүгө, мал чарбасын өнүктүрүүгө жана ветеринардык кызматтарды чыңдоого жумшалат.

Насыялар пайызсыз берилет. Бирок аларды тейлөө үчүн жылына 0,1% жана 0,75% өлчөмүндө комиссия каралган. Насыялардын төлөө мөөнөтү 40 жана 50 жылды түзүп, анын ичинде 10 жылдык жеңилдетилген мезгил бар.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш Камбар-Ата-2 ГЭСинин суу таштоочу курулмасын курууга болжол менен 50 млн доллар насыя тартуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Долбоорду 2026–2029-жылдары ишке ашыруу пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар