29-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү.
Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, жыйында 2021–2022-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарды турак жай менен камсыздоо маселелери каралды.
Мамлекеттик комиссия жаңжалдын кесепеттерин жоюу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү, турак жайларды, социалдык объектилерди жана инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча 172 тапшырманы аткарган.
Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга турак жайга байланыштуу маселелерди толук чечүүнү, ар бир учурду өзүнчө карап чыгууну жана иштерди создуктурбоону тапшырды.
Жыйындын соңунда ал кабыл алынган чечимдерди белгиленген мөөнөттө толук аткаруу зарылдыгын белгиледи.


