“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын “Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу” долбоорунун алкагында жаш жубайлар “Адинай»” сейил багына кара кайың отургузушту.
Отургузулган бак жаш жубайлардын сүйүүсүн, үй-бүлөлүк бакубаттуулугун жана жаңы турмуштун башталышын символдойт. Ал жубайлар менен кошо өсүп, алардын баш кошкон күнүн жана бирге баскан жолун эске салып турат.
Долбоорго катышууну каалаган жаш жубайлар greenair.kg/bishkek сайты аркылуу арыз бере алышат. Ошондой эле 0880 005 123 номери аркылуу байланышууга болот.
Катышуу үчүн бак отургузула турган жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү керек.
Долбоор уюштуруучулары жаш жубайларды демилгеге кошулуп, өз бактарын отургузууга жана Бишкекти жашылдандырууга салым кошууга чакырат.



