Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев ТМУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

Жээнбек Кулубаев ТМУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Жыйын уюмдун 13-саммитинин алдында уюштурулду.

Жыйында министрлер кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мамлекет башчыларынын кароосуна сунушталуучу документтердин долбоорлорун карашты.

Жээнбек Кулубаев иш-чараны уюштурган түрк тарапка ыраазычылык билдирип, кесиптешин Түркиянын Республика күнү менен куттуктады. Ошондой эле ал ТМУнун институционалдык потенциалын чыңдоонун жана түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилерин дайындоодо ротация принцибин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз тарап уюмду чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даяр экенин ырастады.

Жыйындын соңунда мамлекет башчыларынын кеңешине сунушталуучу чечимдердин долбоорлору жактырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар