Испаниянын Мадрид–Севилья жогорку ылдамдыктагы темир жолунда эки поезд кагылышып, кеминде 68 адам каза болду. Дагы 179дан ашык адам жаракат алганын ABC News жана Antena 3 телеканалдары кабарлашты.
Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес кырсыкка байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.
Кырсык 28-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:30 чамасында Кастилия-Ла-Манча аймагында болгон. Renfe жана Iryo компанияларына таандык поезддер кагылышкан. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.
Испаниянын Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Iryo поездинде 146 жүргүнчү, анын ичинде бир бала, ал эми Renfe поездинде 397 жүргүнчү болгон.
Мадрид–Андалусия жогорку ылдамдыктагы темир жолунда кыймыл азырынча калыбына келтириле элек. Маалыматка ылайык, бул кырсык Испанияда 2013-жылдан берки эң көп адам өмүрүн алган ылдам жүрүүчү поезд кырсыгы болду. Анда Галисия аймагында поезддин кырсыгынан 80 адам каза болуп, 170ке жакыны жаракат алган.


