Башкы беткеКоомТоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдө

Тоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдө

29-октябрда таңга маал Бишкек — Ош автожолунун 125–139-чакырымдар аралыгында кар жаады. Жол тейлөө кызматкерлери жолго кум-туз аралашмасын себишти.

Учурда кар токтоп, жол ачык. Унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Ошондой эле Ош — Сары-Таш — Эркештам автожолундагы Талдык жана Тонмурун ашууларында кар жаап жатат. № 960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго инерттик материалдарды себүүдө. Аталган ашууларда да жол ачык, унаалардын каттамы камсыздалган.

Айдоочуларга тоолуу аймактарда жол тайгак болушу мүмкүн экенин эскертебиз. Узак сапарга чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерип, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу сунушталат. Ошондой эле жолдо ылдамдыкты жана коопсуз аралыкты сактоо зарыл.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар