Бир туугандык колдоо: Кытайдын Кыргызстанга кошкон салымы

Кыргыз-кытай кызматташтыгынын жемиштери: таштандыдан энергияга, эски жолдон заманбап магистралга, Улуу Жибек жолунун тарыхынан жашыл энергетикага чейин

Кыргызстан менен Кытайдын достук жана өнөктөштүк мамилелери акыркы жылдары жаңы мазмун менен толукталып, биргелешкен ири долбоорлордун катарында айкын көрүнүш табууда. Бул кызматташтыкты сандардан жана расмий документтерден гана эмес, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында ишке ашып жаткан конкреттүү долбоорлордон да көрүүгө болот.

Ушул максатта Кыргызстандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери Кытайдын «Жэньминь жибао» гезитинин өкүлдөрү менен биргеликте өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан кыргыз-кытай инвестициялык долбоорлору менен таанышкан сегиз күндүк пресс-турга чыгышты.

Бул сапарды уюштуруу демилгеси өткөн жазда, 27-майда Бишкекте өткөн кыргыз-кытай медиафорумунда көтөрүлгөн. Форумдун уюштуруучусу — «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү Кытайдын таасирдүү жалпыга маалымдоо каражаты — «Жэньминь жибао» гезити менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгон.

Меморандумдун алкагында журналисттер Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы инфраструктуралык, өнөр жай, маданий, археологиялык жана экологиялык объектилерге барып, алардын иши менен жеринен таанышышты. Сегиз күндүн ичинде журналисттер жумушчулар, инженерлер, окутуучулар, археологдор, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Сапардын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте өтө турган саммитинин алдында уюштурулушу да өзгөчө мааниге ээ. Анткени бул иш-чара Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагындагы кызматташтыктын экономикалык гана эмес, гуманитардык мазмунун да кеңири көрсөтүүгө багытталган.

— Сиздерди кыргыз-кытай кызматташтыгынын жетишкендиктери менен тааныштыруу аркылуу өлкөлөрүбүздүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетип, достукту бекемдөөгө салым кошобуз деп ишенебиз, — деди журналисттерге кайрылган пресс-турдун жетекчиси, «Жэньминь жибао» гезитинин башкы редакторунун орун басары Сюй Ли Цзинь.

Анын айтымында, «Кыргыз туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттеринин колдоосу менен долбоорго кыргызстандык журналисттердин жоон тобун тартууга да мүмкүн болду.

— Мындан ары да өнөктөштүктү кеңейтип, Кыргызстандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышты чыңдап, жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырабыз деп үмүттөнөм, — деди ал.

Кытайлык журналисттердин көбү Кыргызстанга биринчи жолу келип жатса, кыргызстандык кесиптештер Кытайдын алдыңкы басылмаларынын ишмердиги менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Таштанды тоосу — энергия булагына айланды

Пресс-турдун алгачкы объектиси Бишкектин бир кезде эң көйгөйлүү аймактарынын бири болгон таштанды полигону болду.

Шаардын түндүк-батыш тарабындагы бул полигон ондогон жылдар бою Бишкектин экологиялык көйгөйлөрүнүн башкы булактарынын бири болуп келген. Анын аянты 74 гектар. Салыштыруу үчүн айтсак, Европадагы эң кичинекей мамлекеттердин бири — Ватикандын аймагы 44 гектар.

Көп жылдар бою бул жерде таштанды өрттөлүп, түтүн айлана-чөйрөнү тынымсыз булгап турган. Өзгөчө шамалсыз күндөрү полигондон чыккан түтүн жакын жайгашкан «Алтын Казык» турак жай массивинин тургундары үчүн олуттуу көйгөй жаратчу.

Көйгөйдү чечүүгө бир нече ирет аракет жасалганы менен, алардын натыйжасы күтүлгөндөй болгон эмес.

2013-жылы Кыргызстан таштанды полигонундагы көйгөйдү чечүү үчүн Дүйнөлүк банктан 22 миллион евро насыя алган. Кийин бул каражат сол чөнтөккө солонуп кетип, кийин каражатты мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча төрт кылмыш иши козголгон.

2021-жылы Бишкек мэриясы түрк компанияларынын бири менен меморандум түзгөн. 2 жылдан кийин таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн чехиялык ReGreen s.r.o. компаниясы менен келишим түзүлгөн. Бирок бул долбоор да ишке ашкан эмес.

Көп жылдардан бери чечилбей келген көйгөйгө 2023-жылдын май айында чекит коюулду. Кытайдын Hunan Junxin Environment Protection Co., Ltd. компаниясы Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен эки алкактык келишим түзүп, таштандыны өрттөө аркылуу электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү заманбап ишкана курууга 100 миллион долларга жакын инвестиция салды.

Объекттин пайдубалына капсула 2024-жылдын 29-мартында салынган. Ал эми завод 2025-жылдын 25-декабрында расмий ачылган.

— Биз 2025-жылдын ноябрь айында эле пилоттук режимде иштей баштаганбыз. Инвестициянын 30 пайызын компания өзү каржыласа, 70 пайызы тартылган каражаттардан түзүлдү. Объектти пайдаланууга байланышкан бардык тобокелдиктерди да өзүбүз мойнубузга алдык, — деди электр станциянын кеңсе башчысы Ли Да.

Учурда станция суткасына 1000–1200 тонна таштандыны утилдештирүүгө жөндөмдүү. Кийинки этапта бул көрсөткүчтү 3000 тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

Ишкана толук кубаттуулукта иштегенде 30 МВтка чейин электр энергиясын өндүрө алат.

Объект 12,5 гектардай аянтты ээлейт.

Таштандынын «өмүрү» бир жумага узарат

Заводдун иштөө технологиясы да өзгөчө.

Инженер Уланбек Журот уулунун айтымында, ишканага келген таштанды жаңы жана көптөн бери топтолгон болуп эки категорияга бөлүнөт.

Жаңы таштандынын нымдуулугу жогору болгондуктан, ал дароо мешке жөнөтүлбөйт. Адегенде атайын бункерлерде болжол менен бир жума кармалып, табигый ферментация процессинен өтөт.

— Мындай даярдыктан кийин чийки заттын жылуулук берүү жөндөмү жогорулайт. Натыйжада, таштанды меште кыйла натыйжалуу жана толук күйөт. Биз таштанды агымдарын бөлүп, бардык процессти тиешелүү алгоритмдер менен жөнгө салдык. Башкы максат — шаардык таштанды көйгөйүн туруктуу энергия булагына айландыруу, — деди инженер.

Заводдун ичиндеги тазалык да көңүлдү бурат. Таштанды өрттөлгөн ишкана эмес, заманбап илимий-өндүрүштүк борбор сыяктуу көрүнөт.

Оператор Мамед Абдыкеримов атайын автоматтык манипуляторду алыстан башкарып, айнек тосмонун артынан анын таштандыны чоң темир-бетон чуңкурунан алып, мешке жөнөтүп жатканын көзөмөлдөйт.

— Бул таштанды чогултулуучу жай. Азыр бул жерде болжол менен алты миң тонна акыр-чикир бар. Манипулятор бир жолкуда 10 тоннага чейин таштандыны көтөрүп, мешке жөнөтөт, — деди Мамед.

Заводдо Кытайдан келген инженердик-техникалык адистер менен катар кыргызстандык кызматкерлер да иштеп жатат. Алардын милдети — заводдун ишин өздөштүрүп, бара-бара башкарууну толугу менен жергиликтүү кадрларга өткөрүп алуу.

КМТУнун бүтүрүүчүсү, нөөмөттүн оператору Актан Акылбеков да тажрыйбасын өркүндөтүп жаткан жаш адистердин бири.

— Азырынча квалификациямды жогорулатып жатам. Айрым агрегаттардын абалын компьютердик жабдуулар аркылуу көзөмөлдөйм. Кандайдыр бир көйгөй жаралышы мүмкүн экенин байкасам, дароо оңдоо иштерине жооптуу кызматкерлерге билдирем. Дайыма тренингдерге катышам. Жылына эки жолу сынак тапшырам. Жогорку көрсөткүчтөргө жетсем, карьера жактан өсүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, — деди ал.

Заводдун адистеринин айтымында, ишкана жабык циклде иштеген жогорку технологиялуу комплекс болуп саналат. Атайын фильтрлер түтүндүн атмосферага тарашын минималдаштырып, күйүү процессинен пайда болгон калдыктар атайын бөлүнгөн жерге көмүлөт.

Ал эми жергиликтүү тургундар заводдун ишке кириши менен алгачкы натыйжаларды өз көзү менен байкай баштаганын айтышты.

— Көп жылдан бери биринчи жолу үйүмдүн терезелерине, чатырына кара ыш конбой калды. Тумчуктурган түтүн да жок болду. Болгону эртең менен шамал таштандынын жытын алып келет, — деди «Алтын Казык» массивинин тургуну Азамат Тулебердиев.

Бишкекти тыгындан куткара турган Түндүк айланма жолу

Пресс-турдун кийинки багыты — Бишкектин Түндүк айланма жолунун курулуш тилкеси.

Бул жерде масштабдуу иштер жүрүп жатканына күбө болдук. Оор техника, заманбап асфальт төшөөчү машиналар жана геодезиялык жабдуулар тынымсыз иштеп, эски жана тар жол акырындык менен заманбап көп тилкелүү магистралга айланууда.

Түндүк айланма жол Бишкек аркылуу өтүүчү транзиттик транспорттун негизги бөлүгүн өзүнө алып, борбордун ички көчөлөрүн оор жүк ташуучу унаалардан жана тыгындардан сактап келет.

Бирок борбор калаанын калкынын жана транспорт агымынын өсүшү жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жаңылоону талап кылды.

Бул милдетти ишке ашырууга Кытайдын мамлекеттик China Road and Bridge Corporation корпорациясы тартылган. Долбоордун координатору Канжарбек Эшалиевдин маалыматына караганда, жолду 4–6 тилкеге чейин кеңейтүү каралган. Айрым негизги тилкелерде ар бир багытка үчтөн тилке болот. Унаалардын эсептик ылдамдыгы саатына 110 чакырымга чейин жетет.

Долбоордун алкагында 10 эстакадалык көпүрө жана төрт ири эки деңгээлдүү жол айрыгы курулат. Алардын арасында Алма-Ата көчөсү, Жаш Гвардия бульвары жана Фучик көчөсү менен кесилишкен тилкелер да бар.

Реконструкция боло турган жолдун жалпы узундугу 33,4–34 чакырымды түзөт.

Долбоор эки негизги тилкеге бөлүнгөн. Биринчиси — Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 0–10-чакырым аралыгы. Экинчиси — Алматы–Бишкек–Ташкент эл аралык трассасынын 231–255-чакырым аралыгы.

Курулуш объектисинин директору Ван Пун Фэй белгилегендей, заманбап жол инфраструктурасы өлкөнүн экономикасына түздөн-түз таасир этет.

— Жолдун жакшырышы жүргүнчүлөрдүн жана жүк ташуучулардын убактысын үнөмдөйт. Ошондой эле тыгындар азайгандыктан, атмосферага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү да азаят, — деди ал.

Курулуш долбоорунун котормочусу Алибек Макушев болсо асфальттын сапатына токтолду.

— Бул жерде 28 тоннага чейинки оор жүк ташуучу унааларга туруштук бере турган асфальт колдонулууда. Азыр биз турган тилкеде биринчи катмар төшөлдү. Бул — заманбап GT TECH технологиясы колдонулуп жаткан эксперименталдык участок. Модификацияланган битум жана жогорку бекемдиктеги минералдар асфальттын нымдуулукка туруктуулугун жогорулатат, — деди ал.

Долбоордун шарттарына ылайык, жумушчу күчүнүн 70–90 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөт. Кытай жарандары негизинен жетекчилик, инженердик-техникалык жана атайын адистешкен кызматтарда иштейт.

Долбоордун негизги максаты — оор жүк ташуучу жана транзиттик транспортту шаардын сыртына чыгаруу.

Мындай жол Бишкектин көчөлөрүндөгү транспорттук жүктөмдү азайтып гана тим болбостон, борборду өлкөнүн жана Борбордук Азиянын маанилүү транспорттук түйүндөрүнүн бирине айландырууга өбөлгө түзөт.

Чүйдөн чыккан «кытай Пушкини»

Жол куруучулар менен коштошуп, сапарыбызды уланттык.

Кийинки аялдамабыз Токмок шаарына жакын жердеги байыркы Суяб шаарчасы болду. Бул жерде Улуу Жибек жолунун тарыхы менен байланышкан археологиялык казуулар жүрүп жатат.

Кытайдын улуу акыны Ли Бай дал ушул Чүй өрөөнүндө төрөлүп, балалыгынын алгачкы беш жылын аталган аймакта өткөргөн деген версия бар экени белгилүү.

Кытай адабиятынын классиги Ли Бай 701–762-жылдары Тан династиясынын тушунда жашаган.

Кытайлык гид Чжань Янь аны орус адабиятынын генийи Александр Пушкинге салыштырат.

— Ли Байдын чыгармаларында жаратылыштын сулуулугу, достук, шарап, жашоонун кыскалыгы кеңири сүрөттөлөт. Ал эркиндикти жана руханий эркин болууну даңазалаган. Бүгүнкү күнгө чейин анын миңге жакын ыры сакталып, эл арасында популярдуу, — деди гид.

Ли Байдын туулган жери тууралуу бир нече версия бар. Бирок эң ишенимдүү версия боюнча, ал ушул аймакта төрөлүп, балалыгын өткөргөн. Кийин анын атасы — кездеме соодагери — үй-бүлөсүн алып, Кытайдагы өзүнүн мекени Сычуань провинциясынын Цзянъю уездине көчүп кеткен.

Кытайлык журналисттер үчүн Суябды көрүү өзгөчө таасир калтырды.  Анткени Ли Байдын чыгармачылыгы кытай элинин маданий мурастарынын эң көрүнүктүү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат.

— ШКУ саммитинин алдында уюштурулган мындай журналисттик сапарлар өзгөчө маанилүү. «Бир алкак — бир жол» демилгеси жолдорду, энергетикалык объектилерди жана башка ири инфраструктуралык долбоорлорду гана камтыбайт. Ал элдердин тарыхын, маданиятын жана руханий байланыштарын жакындатууга да багытталган, — деди Чжань Янь.

Анын айтымында, мындай сапарлар туризм, илим жана маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Суябдын байыркы дөңсөөлөрүн күндүн көз уялткан алтын нурлары каптап турду. Биз Улуу Жибек жолунун кербендери өткөн чексиз мейкиндикке көз чаптырдык.

Кылымдар өттү. Кербендердин ордун экономикалык өнөктөштүк жана маданий байланыштар басты. Бирок тарыхтын өзөгү өзгөргөн жок. Кыргызстан менен Кытай бүгүн да жалпы тарыхтын жаңы барактарын чогуу жазып жатышат.

Кеминдин күнүнөн — 100 мегаватт таза энергия

Сапарыбыздын кийинки багыты — Кыргызстандагы биринчи күн электр станциясы. Чоң-Кемин өрөөнүндө жайгашкан бул объект жашыл энергетиканын өлкөбүздөгү ири долбоорлорунун бири болуп саналат. 230 гектар аянтты ээлеген станциянын кубаттуулугу 100 МВт. Долбоорду кытайлык Eternal Energy компаниясы ишке ашырган. Инвестициянын көлөмү 56 миллион долларды түзгөн.

Долбоордун котормочусу Амантай Таштанбековдун маалыматына караганда, станция жылына 210 миллион кВт⋅саатка жакын электр энергиясын өндүрөт. Бул көлөм бүтүндөй бир районду электр энергиясы менен камсыз кылууга жетиштүү. Мындан тышкары, станция жыл сайын атмосферага чыгарылган көмүр кычкыл газынын көлөмүн 120 миң тоннага кыскартууга мүмкүндүк берет.

Станциянын директору У Хэцзюнь бул долбоор Кыргызстан үчүн энергетика булактарын диверсификациялоодо маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Кыргызстандын энергетика системасы салттуу түрдө гидроэнергетикага таянып келген. Ал эми күн энергетикасынын өнүгүшү өлкөгө энергия булактарын көбөйтүп, суу ресурстарынын сезондук өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Көз алдыбызда созулуп жаткан күн панелдеринин катарлары бул долбоордун масштабын даана көрсөтөт. Адистердин баамында, Кыргызстанда күн энергетикасын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк абдан чоң. Анткени өлкөдө жылына орточо 300 күн күн ачык болот.

— Кыргызстандагы биринчи күн электр станциясынын ишке кириши өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгынын жаңы этабынын башталышы деп айтсак болот, — деди станциянын мастери Марат Чукбаев.

— Күн энергиясын пайдалануу энергетикалык системанын гидроресурстарга болгон көз карандылыгын азайтып, ГЭСтер менен биргеликте туруктуу гибриддик энергетикалык системаны түзүүгө шарт түзөт.

Ошентип, Кытайдын колдоосу жана инвестициясы менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен тааныштырган сегиз күндүк журналисттик сапарыбыздын алгачкы бөлүгү соңуна чыкты.

Бир сапарда эле биз таштанды полигонунун ордунда энергия өндүргөн заманбап ишкананы, борбор калааны жеңилдете турган жаңы транспорттук магистралды, Улуу Жибек жолунун изин сактап турган байыркы Суябды жана өлкөнүн энергетика тармагына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан күн электр станциясын көрдүк.

Бул объектилердин ар биринин өз тарыхы, өз максаты бар.

Бирок алардын баарын бириктирген нерсе — Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгынын практикалык натыйжасы.

Ал эми бул сапардын уландысы тууралуу кийинки санда баяндайбыз.

Андрей Токомбаев