Башкы беткеПрезидентПрезидент аткаминерлерден жоопкерчиликти талап кылды

Президент аткаминерлерден жоопкерчиликти талап кылды

Жети облустун тургундары менен өткөрүлгөн жолугушууларда жүргүзүлүп жаткан иштерге ыраазычылыктар менен катар жергиликтүү бийлик органдарынын, айрым мамлекеттик мекемелердин, укук коргоо органдарынын жана соттордун ишмердүүлүгүнө карата көптөгөн арыз-даттануулар бар. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.

Бул жолугушуулар жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган чечимдер жана чаралар жер-жерлерде дайыма эле талаптагыдай аткарылбай жатканын көрсөттү.

“Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жарандар тарабынан социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында 495, маданият, спорт жана туризм жаатында 111, укук коргоо органдарынын жана прокуратуранын ишмердүүлүгү боюнча 268, сот тутуму жана ырайым берүү маселелери боюнча 241, турак жай, жер жана мүлк маселелери боюнча 528, айыл чарба жана жол инфраструктурасы боюнча 913 маселе көтөрүлгөн. Дагы 225 кайрылуу облустук жана райондук органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон. Жалпысынан 1 672 жаран тарабынан 2 286 маселе козголгон. Мындан тышкары, 4 967 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн, алар да белгиленген тартипте каралат”, -деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы райондук жана облустук деңгээлде чечилүүгө тийиш болгон маселелер көп учурда тийиштүү көңүл буруусуз калып, жетекчилердин демилгесинин жана жоопкерчилигинин жетишсиздигинен улам аларды чечүү негизсиз создуктурулуп жатканын баса белгиледи.

Ал жетекчилерди кырдаалды өз алдынча иликтөөгө, берилген ыйгарым укуктарынын алкагында чечим кабыл алууга, калк менен үзгүлтүксүз жолугушуп турууга жана борбордук органдардын жетекчилигинин кийлигишүүсүн күтпөөгө чакырды.

Президент мисал катары жарандар зарыл документтерди айлап ала албай, негизсиз чечимдерге жана райондордо юридикалык жардамдын жоктугуна туш болгон учурларды, ошондой эле жер-жерлерде жооптуу жетекчилердин жоктугуна байланышкан жагдайларды келтирди.

Мамлекет башчысы ишти пландаштырууга карата формалдуу мамиленин орун алышын, райондорду өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралардын жоктугун, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын натыйжасыз пайдаланылышын жана муниципалдык ишканалардын ишине көзөмөлдүн жетишсиздигин сынга алды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар