Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, экс-тышкы иштер министри: «Бул жеңиш Кыргызстандын аброюн жогорулатат»

«Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы – бул ата мекендик дипломатиянын улуу жана тарыхый чоң жетишкендиги. Албетте, бул биз үчүн абдан чоң ийгилик. Бул жеңиш Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркын жана ролун бир нече эсеге жогорулатат.

Бүгүнкү күндө республикабыз жөн гана катышуучу эмес, аймактык маанидеги таасирдүү оюнчуга айланып, глобалдык процесстерге түздөн-түз таасир этүүчү маанилүү чечимдерди кабыл алууга жигердүү катышат. Бул өзгөчө азыркы учурда өтө маанилүү. Анткени учурда дүйнөлүк процесстер улам курчуп, ири державалардын ортосундагы атаандаштык күчөп, дүйнөнүн бардык аймактарында таасир үчүн жүргүзүлгөн “чоң оюн” кайрадан жаңы күч менен
жанданды.

Дүйнө азыр геосаясий туруксуздуктун татаал мезгилин баштан кечирип жатканын жана Батыш өлкөлөрүнүн кош стандарттуу саясатын эске алганда, Кыргызстанга жалпы дүйнөлүк тынчтыкты сактоодо, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо өтө чоң жоопкерчилик
жүктөлөт.

Учурда дүйнөлүк ири оюнчулар биздин Борбор Азия чөлкөмүнө өзгөчө көңүл буруп жатышат. Ошондуктан Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында да өзүнүн ырааттуу, жоопкерчиликтүү жана прагматикалык тышкы саясатын, багытын так жүргүзүүгө тийиш. Мындан тышкары, өзүбүздүн негизги союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен ар дайым кеңешип, бирдиктүү иш алып баруубуз зарыл. Анткени мындан ары биздин алдыбызда дүйнөлүк саясатка, экономикага, коопсуздукка жана жалпы адамзаттын келечектеги өнүгүүсүнө түздөн-түз байланышкан эң маанилүү маселелер турат.