Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ХИРАНО Рюити өзүнүн дипломатиялык миссиясынын алгачкы жыйынтыктары, эки тараптуу мамилелердин стратегиялык келечеги жана биргелешкен экономикалык долбоорлор тууралуу ой бөлүштү. Элчи мырза Ала-Тоо жергесинен алган таасирлерин чын жүрөктөн баяндап, япон тажрыйбасынын негизинде Кыргызстандын шаарларын туруктуу өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана туризм потенциалын туура багыттоо боюнча өзүнүн көз караштарын жана баалуу сунуштарын ортого салды.
– Элчи мырза, Кыргызстанда иштеп жатканыңызга жарым жыл гана болду. Биздин өлкөгө келгенден кийин Сизди көбүрөөк таң калтырып, эсиңизде калган эмне болду?
– Кыргызстанга келээрдин алдында Япониянын Тышкы иштер министрлигиндеги улуу кесиптештеримден Кыргызстан тууралуу көп уккам. Алардын ичинен эң күчтүү таасир бергени «Кыргызстан конокторун чын жүрөктөн
баалаган өлкө» деген пикир болду. Мага көчмөндөрдүн каада-салттарынан чыккан меймандостук кыргыз маданиятынын негизин түзөрүн айтышкан. Бишкекке келип, күнүмдүк жашоону көргөндөн кийин бул сөздөр эч кандай апыртма эмес экенине көзүм жетти. Расмий чөйрөдө болобу, көчөдөбү же айыл жергесине баргандабы, кыргыз эли бизди — япондорду – эски досторундай тосуп алышат. Бул жөн эле сылыктык эмес, бул Японияга жана япон элине болгон чын жүрөктөн чыккан таза, ак ниет мамиле. Мен бул жерден «Японияны жакшы көрөм» жана «Япондор ишенимге татыктуу» деп айткан абдан көп адамдарды жолуктурдум.
Ала-Тоонун улуулугу, Ысык-Көлдүн сырдуу көгүлтүр сыйкыры жана бүгүнкү күнгө дем берип турган көчмөн каада-салттары — мунун баары сүрөт же сөз менен жеткире алгыс кубатка жана тереңдикке ээ. Кыргызстандагы меймандостук руху Япониянын «омотенаси» (меймандостук) маданияты менен абдан үндөшүп турат, ошондуктан мен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көрүнбөгөн, бирок талашсыз маданий байланышты сезип жатам.
Бул сезимди дагы да бекемдеген бир окуя болду. Өткөн жылдын декабрь айында Токиодо өткөн «Борбордук Азия + Япония» саммитинде президент Садыр Жапаров биздин премьер-министр Такаити менен жолугушту, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөн маанилүү талкуулар жүрдү. Ушул тарыхый жолугушуунун мен кызматка киришкенден көп өтпөй болгону элчи катары менин миссиямдын маанилүүлүгүн дагы бир жолу ырастады. Кыргыз элинин жылуулугун да, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку жетекчилигинин деңгээлинде бекемделген ишенимдүү мамилелерди түздөн-түз сезип, өз милдеттеримди аткарып жатканыма абдан сыймыктанам.
– Элчилик кызматка киришип жатканда алдыңызга кандай милдеттерди койдуңуз?
– Мен алдыма үч негизги максатты койдум. Биринчиден, эки өлкө ортосундагы мамилелерди дагы да айкын, көрүнүктүү кылуу. Себеби: Япония менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык чындыгында абдан кеңири тармактарды камтыганы менен, ал эки өлкөнүн жарандарына дагы эле толук белгилүү боло элек. Бул бай мамилелер тууралуу маалыматты кеңири жайылтуу өтө маанилүү. Өткөн жылы мен бул жерге келердин алдында эле Осакада Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өтүп, андагы Кыргызстанга арналган экспозицияны өзүм барып көрдүм. Кыргыз маданиятынын жана жаратылышынын сулуулугун көрсөткөн экспозиция эң сонун уюштурулуп, көптөгөн зыяратчыларды, анын ичинде япон жаштарын өзүнө тартты. Көргөзмөгө көптөгөн япон жаштары келди, бул алар үчүн Кыргызстан жөнүндө алгачкы ирет билүүгө жана бул өлкөгө кызыгууга сонун мүмкүнчүлүк болду деп ишенем.
Экинчиден, адамдар ортосундагы байланышты чыңдоо. Өкмөттөр аралык мамилелердин алкагынан тышкары студенттердин, маданият ишмерлеринин, ишкерлердин жана башка бардык деңгээлдеги өкүлдөрдүн катышуусунда өз ара карым-катнашты тереңдетүү узак мөөнөттүү достук мамилелердин пайдубалын түптөйт.
Үчүнчүдөн, жана эң негизгиси — Японияиянын дипломатиялык саясатынын негизги жоопкерчилигин бирге көтөрө ала турган өнөктөштөр катары мамиле түзүү. Япония, анын ичинде өзүнүн «Эркин жана ачык Индо-Тынч океан аймагы (FOIP)» демилгеси аркылуу, эркин, ачык жана укукка негизделген эл аралык тартипти сактоого жана чыңдоого толугу менен умтулат. Өткөн жылдын декабрь айында Токиодо өткөн «Борбордук Азия + Япония» саммити бул жагынан алганда өтө маанилүү мааниге ээ болду. Япониянын жана Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери аймактык туруктуулукту, өнүгүүнү ачык талкуулоо жана өз тилектештигин көрсөтүү үчүн чогулган бул жолугушуу жөн гана дипломатиялык иш-чара эмес, мыйзам үстөмдүгүнө жана эгемендүүлүктү урматтоого негизделген эл аралык тартипти биргелешип коргоо жана өнүктүрүү ниетинин билдирүүсү болду. Кызматка киришкенден бери мен Кыргызстан ушул идеалдарды тең бөлүшүп, эл аралык коомчулукту биргелешип калыптандырууда өнөктөш болот деген үмүттөмүн.
– Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин азыркы этабын Сиз кандай мүнөздөйт элеңиз?
– 1992-жылы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери Япония менен Кыргызстан өз ара ишенимге негизделген достук мамилелерди ырааттуу түрдө куруп келе жатышат. Соода статистикасы көрсөткөндөй, акыркы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүү жалпысынан жылына 20–50 миллион АКШ доллары деңгээлинде сакталып, COVID-19 кесепеттеринен улам келип чыккан төмөндөөдөн кийин кайра калыбына келүү белгилерин көрсөтүүдө. Абсолюттук көлөмү анчалык деле чоң эмес болгону менен, анын өсүү потенциалы олуттуу, бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин бекемдигин айгинелейт.
Ошентсе да эки тараптуу мамилелердин тереңдигин бир гана сооданын көлөмү менен өлчөөгө болбойт. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктура жана айлана-чөйрөнү коргоону камтыган кеңири тармактардагы кызматташтык, ошондой эле адамдык ресурстарды өнүктүрүүнүн аркасында калыптанган көп жылдык байланыштар — дал ушул нерселер биздин мамилелерибиздин чыныгы тереңдигин айгинелейт.
Дал ушул пайдубалдын негизинде былтыркы жылдын декабрь айында урунттуу окуя болду. Токиодо «Борбордук Азия + Япония» саммитинин алкагында өткөн Япония-Кыргызстан саммитинде эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечектүү багыттары тууралуу түз жана ачык пикир алышты. Лидерлердин бетме-бет жолугушуусунун жана бири-бирине болгон өз ара ишенимди ырастоосунун маанисин эч кандай дипломатиялык документ менен салыштырууга болбойт. Бул саммит эки тараптуу мамилелердин өнүктүрүү максатындагы кызматташтыкка гана багытталган этаптан жалпы баалуулуктарга жана кызыкчылыктарга негизделген тең укуктуу өнөктөштүккө карай чындап өтүп жатканын дүйнөгө көрсөттү деп эсептейм.
Өзгөчө эки өлкө тең бөлүшкөн баалуулуктардын пайдубалын баса белгилегим келет. Япония менен Кыргызстандын бул идеалдарда демократия, мыйзам үстөмдүгү, адам укуктарын урматтоо жана эркин, ачык эл аралык тартипке салым кошуу сыяктуу маанилүү жалпылыктары бар: дүйнөлүк ири өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде дал ушул баалуулуктардын жалпы түшүнүгү эки тараптуу мамилелерди тереңирээк өнөктөштүккө чейин өнүктүрүүнүн эң маанилүү негизи экенине терең ишенем.
– Борбордук Азия аймагында Кыргызстан жапон дипломатиясы үчүн канчалык деңгээлде маанилүү?
– Кыргызстан Япониянын Борбордук Азиядагы дипломатиясында өзгөчө маанилүү орунду ээлейт. Япония 2004-жылы бүтүндөй аймак менен стратегиялык мамилелерди баса белгилөө менен «Борбордук Азия + Япония» диалогун баштоодо пионерлерден болгон. Бул диалогдук түзүм өткөн жылдын декабрь айында Токиодо өткөн саммитте жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Бул форматтын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинен мамлекет башчыларынын деңгээлине чейин көтөрүлүшү Япониянын Борбордук Азия менен болгон мамилелерге чоң маани береринин эң ишенимдүү далили болуп саналат.
Президент Жапаров менен премьер-министр Такаитинин жолугушуусу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди аныктоодо чечүүчү мүмкүнчүлүк болду. Эки лидер тең түз диалог аркылуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө болгон бекем ниетин ырасташкандыгы өз ара мамилелердин жаңы башталышы катары тарыхта калат.
Кыргызстандын өзгөчө мааниси анын геосаясий маанилүүлүгүнөн алда канча кеңири. Борбордук Азияда Кыргызстан демократиялык башкарууга ырааттуу жана чын жүрөктөн умтулган өлкө катары өзгөчөлөнүп турат. Япониянын мыйзам үстөмдүгүнө жана демократияга негизделген эл аралык тартипти сактоого болгон умтулуусунда Кыргызстан бул идеалдарды ишке ашыра ала турган маанилүү өнөктөш болуп саналат. Япония Евразиянын чок ортосунда жайгашкан Кыргызстан менен болгон өнөктөштүктү мындан ары да барган сайын жогору баалай бермекчи.
– Кыргызстанда аткарылган жапон жардамынын кайсы долбоорлорун эң ийгиликтүү деп эсептейсиз?
– Бир катар тармактарда байкалаарлык натыйжаларга жетишилди. Саламаттыкты сактоо жана медицина секторунда JICA тарабынан көрсөтүлгөн колдоо, мисалы, медициналык жабдууларды берүү өзгөчө айылдык жерлерде медициналык стандарттарды жогорулатууга ырааттуу түрдө салым кошту. Билим берүү секторунда жапон тилин үйрөнүү программаларынын жана стипендиялык программалардын жайылышы эки тараптуу мамилелердин келечегин өз мойнуна ала турган болочок лидерлерди даярдоого көмөктөшүүдө. Инфраструктура секторунда көпүрөлөрдү жана жолдорду курууга көрсөтүлгөн колдоо аймактык экономикалык жигердүүлүктү шарттап жатат.
Бирок, менин пикиримче, адамдык ресурстарды өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялар эң маанилүү болуп саналат. Японияда билим алып, тажрыйба топтоп келген кыргызстандык стажерлор (студенттер гана эмес, мамлекеттик кызматкерлер дагы) кызматташтыктын эң туруктуу формасы болуп саналат.
Өткөн жылдын декабрь айындагы саммитте адамдык ресурстарды өнүктүрүүнү жана адамдар ортосундагы алмашууну андан ары чыңдоо эки өлкө үчүн тең жалпы артыкчылыктуу багыт катары ырасталды. Япониядан билим алган кыргызстандык жаштардын мыйзам үстөмдүгү менен демократиянын баалуулугун өз тажрыйбасынан түшүнүүсү жана кыргыз коомунда бул баалуулуктардын жолдоочуларынан болушу — менин пикиримче, жөнөкөй гана өнүктүрүү көмөгүнүн алкагынан чыккан, жалпы баалуулуктарга негизделген өнөктөштүктүн эң айкын көрүнүшү. Жогорку жетекчиликтин деңгээлинде ырасталган бул багытты ырааттуу түрдө турмушка ашыруу менин милдеттеримдин бири деп билем.
– Кыргызстан Евразиядагы Япониянын ири экономикалык демилгелеринин бир бөлүгү боло алабы?
– Толук мүмкүн деп эсептейм. Өткөн жылдын декабрь айында болуп өткөн «Борбордук Азия + Япония» саммити бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу жолундагы чечүүчү кадам болуп калды. Япония «жогорку сапаттагы инфраструктураны» камсыз кылуу аркылуу евразиялык өз ара байланышты чыңдоонун үстүндө жигердүү иштеп жатат. Бул аракеттер жөн гана экономикалык пайдага умтулуу эмес, тескерисинче, айкын жана адилеттүү эрежелерге негизделген экономикалык тартипти куруу идеалына таянат.
Япониянын саммитте ырасталган Борбордук Азияга ыктоосу ачык-айкындуулук, каржылык туруктуулук жана бенефициар-өлкөлөрдүн автономиясы принциптеринин негизинде аймактын туруктуу өнүгүүсүн колдоого багытталган. Кыргызстан Евразиянын чок ортосунда, чыгыш менен батыштын, түндүк менен түштүктүн кесилишинде жайгашкан. Аймактык өз ара байланышты чыңдоо Кыргызстандын тышкы байланыштарын олуттуу түрдө жакшыртып, анын экономикалык чөйрөдөгү геосаясий дареметин ишке ашырат. Бул инфраструктуралык өнүгүү кандайдыр бир өлкөдөн көз карандылыкка же ачык-айкын эмес карызга алып келбестен, Кыргызстандын өз алдынча өнүгүүсүнө жана анын суверенитетин чыңдоого көмөктөшүшү керек экендигин белгилөө маанилүү. Япония жактаган «жогорку сапаттагы инфраструктура» дал ушул принциптерге — ачык-айкындуулукка, каржылык туруктуулукка жана бенефициар-өлкөнүн автономиясына негизделген жана бул Кыргызстандын суверендүү өнүгүү жолуна толугу менен шайкеш келет.
Санариптик экономика жана кайра калыбына келүүчү энергетика тармагында да Кыргызстан япон технологияларын жана инвестицияларын кабыл алуучу өлкө болуу үчүн зор дареметке ээ. Саммитте ырасталган бул багытты конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга ырааттуу түрдө айлантуу — менин келечектеги маанилүү милдеттеримдин бири.
– Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын кайсы багыттарына жетиштүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй жатат деп ойлойсуз?
– Маданий жана академиялык алмашуу чөйрөсүндө, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү тармактарында кызматташуу зарыл деп эсептейм.
Кыргызстан Японияда ушул күнгө чейин көпчүлүккө белгисиз бай маданий мураска ээ. «Манас» эпосу, салттуу кол өнөрчүлүк жана көчмөн элдердин даанышмандыгы — мунун баары жапон маданият сүйүүчүлөрү үчүн абдан кызыктуу. Өз кезегинде жапон поп-маданияты Кыргызстандагы жаштар арасында барган сайын популярдуу болууда жана аны адамдар ортосундагы чыныгы маданий алакага айландыруу үчүн механизмдерди түзүү зарылчылыгы бар.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы кызматташтыкты да көңүл сыртында калтырууга болбойт. Кыргызстандын мөңгүлөрү глобалдык жылуулуктун коркунучуна туш болууда, бул болсо экологиялык технологиялар жана изилдөөлөр чөйрөсүндөгү япон адистери менен кызматташуу үчүн зор дареметти ачат.
Акырында мыйзам үстөмдүгү жана башкаруу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты белгилеп кетүүгө уруксат этиңиз. Ачык-айкын жана адилеттүү сот тутуму, административдик отчеттуулук жана коррупция менен күрөшүү — мунун баары эркин жана ачык эл аралык тартип менен байланышкан. Япониянын бул чөйрөдөгү тажрыйбасы жана билими менен алмашуу дагы өнөктөштүктүн айкын мисалы болуп калмакчы.
– Эки өлкө ортосундагы жигердүү соодага эмне тоскообдук кылууда? Япониялык бизнес Кыргызстанга канчалык деңгээлде кызыкдар? Кыргызстандын экономикасынын кайсы тармактары япониялык инвесторлор үчүн эң келечектүү көрүнөт?
– Ачыгын айтканда, бир катар структуралык көйгөйлөр бар. Буларга географиялык алыстыктан улам келип чыккан логистикалык чыгымдар, рыноктун көлөмүнүн чектелүүлүгү жана инвестициялык чөйрөнүн кескин өзгөрүп кетүү ыктымалы кирет. Япониялык компаниялар, адатта, тобокелдиктерге этияттык менен мамиле кылышат жана укуктук тутумдардын туруктуулугуна, ошондой эле келишимдердин аткарылышына биринчи кезектеги маанини беришет.
Бул жагынан алганда өткөн жылдын декабрь айында болуп өткөн саммиттин жана сүйлөшүүлөрдүн мааниси чоң деп эсептейм. Лидерлердин деңгээлинде экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга болгон умтулуунун ырасталышы япон ишкер чөйрөлөрү тарабынан Кыргызстанга болгон кызыгуунун өсүшү үчүн маанилүү белги болуп саналат. Мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу бул жөн гана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун куралы эмес; алар Кыргызстандын эркин жана ачык эл аралык экономикалык тартиптин ишенимдүү катышуучусу катары статусун бекемдөөсү менен түздөн-түз байланыштуу. Саммитте ырасталган эки өлкөнүн кызматташтыкты чыңдоо боюнча ниеттерин бизнес чөйрөсүн конкреттүү жакшыртууга ырааттуу түрдө иш жүзүнө ашыруу — келечектеги эң маанилүү милдеттердин бири.
Келечектүү секторлорго пайдалуу кендерди жана сейрек кездешүүчү металлдарды казуу (Япониянын ресурстар менен камсыздоо боюнча стратегиясына ылайык), айыл чарбасы жана тамак-аш өнөр жайы (япон рыногунда органикалык жана табигый материалдардын даремети), кайра калыбына келүүчү энергетика (гидроэнергетика, күн жана шамал энергетикасы), маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана санариптик өнөр жай (жаш таланттарды колдонуу менен программалык камсыздоону иштеп чыгуу), ошондой эле туристтик инфраструктура кирет.
– Сиздин өлкө акыркы жылдары чет өлкөлүк жумушчулар үчүн эмгек рыногун акырындап ачып жатат. Кыргызстандын жарандарынын Японияда жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөрү барбы?
– Бул кылдаттык менен кароону талап кылган маанилүү маселе. Чынында эле Япония бала төрөлүшүнүн төмөндөшү жана калктын карышынан улам жумушчу күчүнүн олуттуу тартыштыгына туш болууда. Иммиграциялык көзөмөл жөнүндө мыйзамга 2019-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында белгилүү бир кесиптердин адистери үчүн өлкөгө келүү тартибинин киргизилиши чет өлкөлүк жумушчуларды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн институттук түрдө кеңейтти. Бул тартип боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Кыргызстан менен да кол коюлган жана чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Японияда иштөө мүмкүнчүлүктөрү мурдагыга салыштырмалуу кеңейди.
Ошол эле учурда, мен ачык айтышым керек, япон коомунда чет өлкөлүк жумушчуларды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө байланыштуу татаал сезимдер жана талкуулар бар. Тарыхый жактан бир тектүүлүгү жогору болгон япон коомунда маданий жана социалдык келишпестиктер, ошондой эле укуктарды коргоо жана мамиле кылуу маселелери чындыгында эле жаралууда. Мигранттарды кабыл алуу жана алардын коомго сиңүү процесстери дайыма эле бирдей ылдамдыкта жүрбөйт.
Ушул реалдуулукту эске алуу менен, мен кыргыз жаштарына «Японияда иштөөгө мүмкүнчүлүк бар» деп жөн эле айтып коюуну чекилик деп эсептейм. Япон тилин терең өздөштүрүү, иш менен камсыз кылуу чөйрөлөрү, эмгек шарттары жана укуктары жөнүндө толук түшүнүк алуу, ошондой эле ишенимдүү жөнөтүүчү жана кабыл алуучу уюмдар тарабынан тийиштүү колдоону камсыз кылуу маанилүү.
Өткөн жылдын декабрь айында болуп өткөн саммиттердин жана сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде адамдар ортосундагы алмашууну өнүктүрүү маселеси турган. Мен муну жөн гана жумушчулардын кыймылы катары эмес, эки өлкө ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге негизделген адамдар ортосундагы алмашуу катары өнүктүргүм келет. Учурда Кыргызстандын өкмөтү Япониядагы жаңы окуу жана жумушка орношуу үчүн тартипти кандай пайдаланууга болоорун ойлонуштуруп жатканын билем. Биздин элчилик жаш кыргыз адистери Японияда татыктуу иштеп, көндүмдөргө жана тажрыйбага ээ болуп, үйлөрүнө кайтып келиши жана биздин эки өлкө ортосундагы байланыштын жандуу үлгүсү болуп калышы үчүн позитивдүү циклди ишке ашырууга керектүү тийиштүү маалыматтарды берүүгө жана колдоолорду көрсөтүүгө умтулат.
– Япониянын кайсы технологиялары Кыргызстан үчүн өзгөчө пайдалуу болмок?
– Кыргызстандын географиялык жана социалдык өзгөчөлүктөрүн эске алганда, төмөнкү багыттар өзгөчө пайдалуу болуп саналат.
Табигый кырсыктардын алдын алуу жана сейсмотуруктуу технологиялар: Кыргызстан сейсмикалык жактан активдүү аймакта жайгашкандыктан Япониянын сейсмотуруктуу курулуш технологиялары жана эрте эскертүү тутумдары адамдардын өмүрүн сактап калууга түздөн-түз салым кошо алат.
Суу ресурстарын башкаруу жана сууну тазалоо технологиялары: таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана айыл чарбасында сууну натыйжалуу пайдалануу туруктуу өнүгүү үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Кайра калыбына келүүчү энергия технологиялары: гидроэнергетиканын, күн жана шамал энергетикасынын натыйжалуулугун жогорулатуу туруктуу энергия менен камсыздоого жана декарбонизацияга өбөлгө түзөт.
«Акылдуу» айыл чарбасы: ИКТди колдонуу менен так дыйканчылык технологиялары айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга алып келет.
Медициналык технологиялар жана телемедицина: Япониянын телемедицина технологиялары тоолуу аймактарда медициналык жардамга жетүү көйгөйүн чечүүгө көмөктөшө алат.
Калдыктарды башкаруу жана экологиялык технологиялар: урбанизациянын өсүшү менен курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизбей тургандай калдыктарды башкаруу актуалдуу маселеге айланууда.
Мындай технологиялык кызматташтык — жөн гана технологияларды өткөрүп берүү эмес, бул туруктуу жана өзүн-өзү камсыз кылуучу өнүгүүнү колдоого багытталган Япониянын кызматташтык философиясына кошулган салым, башкача айтканда, эркин жана ачык коомдун негизин түзүү, ошонжой эле саммитте ырасталган эки өлкөнүн жалпы көз карашын конкреттүү ишке ашыруу болуп саналат.
– Кыргызстан япондор үчүн популярдуу туристтик багытка айлана алабы? Япон туристтеринин күтүүлөрүн жана талаптарын эске алуу менен Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн, сиздин пикириңизче, эмнелерди кылуу керек? Япониядан туристтерди тартууга аракет кылган өлкөлөр эң көп кандай каталарды кетиришет?
– Кыргызстандын потенциалы абдан чоң деп эсептейм. Акыркы жылдары япон туристтери массалык туристтик багыттардан качып, барган сайын «чыныгы табиятка», «маданий өзгөчөлүккө» жана «адаттан тыш таасирлерге» умтулушууда. Кыргызстандагы трекинг, ат минүү, боз үйлөрдө жашоо жана куш салуу ушул муктаждыктарга эң сонун жооп берет.
Зарыл болгон жакшыртууларга коопсуздук жана гигиена стандарттарын жогорулатуу (япондор тамак-аш коопсуздугу жана гигиена маселелеринде абдан кылдат келишет), япон тилин колдоо (веб-сайттар, маалымат такталары, брошюралар), ыңгайлуу төлөм ыкмалары (кредиттик карталар жана накталай эмес төлөмдөр), транспорттун тактыгы (япондор убакытка абдан так) жана япон туристтик агенттиктери менен туруктуу кызматташуу кирет.
Көп кездешкен ката — бул бир гана «арзан баага» басым жасоо. Япон туристтери баага караганда сапатты, коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү жогору коюшат. «Келгенде өздөрү эле түшүнүп алышат» деп ойлобостон, саякатка даярдануудан баштап, кайра кеткенге чейинки бүтүндөй процессти кылдат пландаштыруу өтө маанилүү.
– Шаарларды башкаруу боюнча Япониянын тажрыйбасынан Кыргызстан эмнелерди үйрөнө алат?
– Шаар куруу тарабында сиздер үчүн кызыгуу жарата турган бир нече аспекттер бар.
Компакттуу шаарлар концепциясы: шаарлардын башаламан кеңейүүсүнө жол бербөөчү, коомдук транспортту жана негизги кызматтарды бир борборго топтоочу долбоорлоо Бишкек сыяктуу шаарларды өнүктүрүү үчүн баалуу үлгү болуп саналат. Калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү тутумдары: жарандардын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу менен бирге калдыктар көйгөйүн чечүү боюнча япон тутуму практикалык модель боло алат. Табигый кырсыктарга туруктуу шаар куруу: жер титирөө, суу ташкыны жана көчкү сыяктуу тобокелдиктерге каршы туруу үчүн инфраструктураны долбоорлоо менен жарандык билим берүүнү айкалыштыруу Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. Транспорттук тыгындарга каршы чаралар: жол кыймылын башкаруу тутуму жана коомдук транспортко артыкчылык берүү саясаты Бишкектеги олуттуу тыгын көйгөйүн чечүүгө жардам берет.
Жана эң башкысы, мен шаарды өнүктүрүүдө жарандардын катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилегим келет. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн өкмөт менен жарандар биргелешип аракеттенген тутум — бул демократиялык башкаруунун эң чыныгы практикасы болуп саналат. Жарандардын өкмөткө болгон ишеними жана өкмөттүн жарандар алдындагы жоопкерчилиги — бул мыйзам үстөмдүгүнө негизделген коомдун эң кеңири жайылган формасы эмеспи.
– Урматтуу элчи, убакыт бөлүп, кеңири маек бергениңиз үчүн рахмат!
Маекти алып барган
Курманбек МАМБЕТОВ, «Кыргыз Туусу»

