Питер Франкопан: “Дүйнө Кыргызстанды угушу керек”

Ысык-Көл форумунун катышуучусу, белгилүү тарыхчы жана окумуштуу Питер Франкопан “Кыргыз Туусу” гезитине Борбор Азиянын дүйнөлүк процесстердеги орду, климаттык өзгөрүүлөрдүн аймакка тийгизген таасири жана Кыргызстандын алдында турган негизги чакырыктар тууралуу ой бөлүштү.

Көп учурда адамдар Борбор Азия жөнүндө бирдиктүү аймак катары сүйлөшөт. Бирок Кыргызстанда ар бир шаар, ар бир өрөөн өзгөчө. Бул жерде адамдардын көз караштары ар түрдүү. Кээде Борбор Азия тууралуу сөз болгондо адамдар Европаны же Кытайды элестетип, бул аймакты алардын ортосундагы жөн гана өткөөл жол катары көрүшөт. Бирок чындыгында бардык нерсе ушул жерде ишке ашат, бул аймак процесстердин кыймылдаткычы болуп саналат. Ошондуктан мени көбүрөөк Борбор Азиядагы адамдардын тарыхы, алардын ар түрдүүлүгү, коомдорун жана маданиятын кандайча курганы, кантип үйрөнүп, бири-биринен эмнелерди өздөштүргөнү кызыктырат.

Мен үчүн экология дагы абдан кызыктуу тема. Жайыттардын, жылкылардын, адамдардын, токойлордун, тоолордун жана шаарлардын өз ара байланышы кызыктырат. Бүгүн шаарларда жашаган адамдар тамак-ашка, кездемеге, белокко муктаж. Бирок мунун
баары шаарларда өндүрүлбөйт. Мына ушундай байланыштар мени өзгөчө кызыктырат.

Ошондуктан мен Борбор Азияны эч качан бир эле мейкиндик катары карабайм. Бул жакка көп жолу келип, өзбек, казак жана кыргыз досторумдан өлкөлөрүнүн ар башка аймактары тууралуу көп нерсе уктум. Бул жердеги ар түрдүүлүк таң каларлык. Кызыгы, биз жаныбарлардын биологиялык ар түрдүүлүгү жөнүндө көп сүйлөйбүз, бирок адамдардын ар түрдүүлүгү жөнүндө дээрлик сүйлөбөйбүз.

Менимче, менин чет өлкөлүк экеним маанилүү эмес. Бул жерде тандоо жок. Өткөн жумада Ташкенттеги конференцияда Кыргызстандын суу чарба министри Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен сүйлөшүп жатканын көрдүм. Алар Борбор Азияда азыртан эле 37 миллион адам суу тартыштыгынан жапа чегип жатканын айтышты. Жыйырма жылдан кийин бул сан дээрлик 70 миллионго жетет. Эгер суу жетишсиз болсо, адамдар көчүп кетүүгө аргасыз болушат. Ал эми үйүн, ата-бабалары жүздөгөн, миңдеген жылдар жашаган жерди таштап кетүү – чоң трагедия. Ошондуктан бул көйгөйдү сөзсүз чечүү керек.

Бирок үмүт кылууга үч себеп бар деп ойлойм. Биринчиден, биз көйгөйдү түшүнөбүз. Экинчиден, жаңы технологиялар бар. Алардын жардамы менен көп нерсени жакшырта алабыз. Бул жерде сөз бир гана жасалма интеллект жөнүндө эмес, процесстерди натыйжалуу кылуу жөнүндө болуп жатат. Үчүнчүдөн, биз кызматташа алабыз. Адамдар жараткан көйгөйлөрдү адамдар өздөрү эле чече алышат. Ошондуктан көп нерсе жасай алабыз деп ойлойм.

Бирок Кыргызстанда Тажикстан менен болгон куралдуу кагылышуу-лар болду. Мындай маселелер өзүнөн өзү жоголуп кетпейт. Алар терең ойлонууну жана конкреттүү чечимдерди талап кылат. Ошентсе да мен ар дайым үмүттөнөм. Чыңгыз Айтматов бизге өткөндү унутпоону жана эч качан багынбоону үйрөткөн. Мен сиздердин эң белгилүү жазуучуңуздан сабак алам. Мен үчүн тарых көбүнчө революциялардан, кырсыктардан жана согуштардан турат. Бирок кандай болгон күндө да үмүттү сактоо керек.

Дүйнө Кыргызстанды угушу керек. Сиздер мени жана башка көптөгөн кадыр-барктуу адистерди Ысык-Көлгө чогулта алдыңыздар. Алардын баары Кыргызстандын бүгүнкү күнү жана келечеги менен байланышта болууну каалашат. Биз кандай жардам бере аларыбызды билгибиз келет.

Мен кыргыз элинин үнү миңдеген жылдар бою бийик жана так чыгып келген деп ойлойм. Демек, бул жерде сыймык жана ишеним бар. Бирок баяндамамда айтканымдай, чакан мамлекеттердин ресурстары ири мамлекеттерге салыштырмалуу азыраак болот. Ал эми кыйынчылыктар жаралганда, мисалы, Ысык-Көлдүн өзүн эле карасак, көлдүн суусун карасак, дүйнө абдан тез өзгөрүп
жатат.

Климаттык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн шартында кээ бир маанилүү маселелерди чечүү үчүн убакыт өтө тар болуп баратат. Бүгүнкү күндүн башкы мүдөөсү – эл арасында үрөй учурган дүрбөлөң жаратпай туруп, шашылыш аракет көрүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүүдө турат. Эл өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрү менен алек болуп жаткан шартта, аларды бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып кызматташууга чакыруу чоң чеберчиликти талап кылат.

Бул маселеде биздин эң башкы таянычыбыз миң жылдыктардын сыноосунан өткөн бай маданиятыбыз. Биздин маданият ар дайым табият менен тамырлаш болуп, айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү назик сезе билген. Ошентсе да, азыркы тапта алдыбызда турган көйгөйлөр өтө чоң жана кооптуу. Аларды жеңүү үчүн тек гана тарыхый тажрыйбага таянбастан, бүгүнкү күндүн талабына ылайык өзгөчө олуттуу жана тутумдуу кадамдарга барышыбыз зарыл.

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»