“Э”де эмне жазык?

«Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияда көтөрүлгөн сунуштар, ойлор коомчулук тарабынан кызуу талкуу жаратып, ар кандай ойлор, сунуштар айтылууда.

Аталган конференцияга катышкан акын жана тилчи Алтынбек Исмаилов фейсбук баракчасына:

 

“ЕСИЛ КАЙРАН…

Егемен ел болсок да,

Еч бүтпөдү санаабыз…

Емне үчүн сопсонун

ЭЭни жерип, чанабыз?!

Ессиздерди еерчисек,

Еен талаада калабыз…

Есил кайран ЕНЕ ТИЛ,

Еми кайдан табабыз?!” – деп жазса, акын Улукбек Омокеев: “Элестеткиле, э тамгасын алфавиттен алып салат экенбиз дагы, анан статуэтка, аэропорт, этноним деген сөзгө колдоно берет экенбиз. (Йоттошкондорду дагы)

Аял менен ажырашып алып, бүгүн үйгө конок келип калды, келип тамак жасап берип тур дегендей эле кеп да, туурабы? Же, бир түнөп кет дегендей эле. е тамгасын ыргыткыла ары. Таптакыр жолобосун. э биздин төл тамга болуп калган. Ээк, ээр, жээн, сээп, тээк, бээ деп жыргап жазып, айтып келебиз.

Демек, е йоттошкон тамга болчу. Кетсин кошо. Кеткен тамга келбесин кайра. Ошондо тилибиздин табияты сакталат” – деп күйүп-бышып жазды.

Арийне, кыргыз тилинин жазуу эрежелерине өз сунуштарын айткандар жок эмес. Жазуучу Топчугуль Шайдуллаеванын пикири боюнча Ә тамгасын киргизүү керек.

“Ырас тамгаларга, жазуу эрежелерине реформа жүргүзүүнү биздин тилчи окумуштуулар көтөрүп аткан болсо анда СУНУШ: Ә тамгасын биздин алфавитке кийирүү керек.

Анткени көп сөздөр ансыз да А деп жазылганы менен Ә деп окулат. Ошол арип , алиппе деген сөздөр да Ә менен окулат. Азыр көп колдонуп аткан айти сөзү да Ә менен окулуп атпайбы. Мисал келтирсек мындай сөздөр өтө көп” – дейт жазуучу айым. Ушул эле ойду акын жана сынчы Бахпурбек Аленов да колдогон. “Ооба, Кыргызстандын түндүк аймагында деле Админстрация, Әдминстрация деп эле айтылат. Атилла, Акиташ, Аким сыяктуу көптөгөн сөздөр Әтилла, Әкиташ, Әким деп эле айтылат.

Йоддошкон Ё, Ю,Я тамгаларын кыскартып, Ә арибин киргизсек, кыргыз тилинин алтын кору дагы да байымак.

Эне деген сөз Ене эмес Эне деп жазылганы эң эле туура. Эптеп Ә арибин киргизбей коюунун айласын таппай ар нерсени сүйлөп атышат сыягы тиги “акылдуулар” – деп өз ою менен бөлүштү.

Атантай Акбаровдун пикири бир аз башкачараак. “Негизи кириллицанын эрежелерин талашып олтурбай, түз эле латын альфавитине өтсөк, анда алфавитибиз башка түрк өлкөлөрү менен бирдей болуп, түрк элдери бири-бирибиздин жазмаларыбызды оңой окуп калмакпыз. Ал эми байыркы кыргыз жазууларына (рун) өтсөк, анда грузин, армяндар сыяктуу биздин тарыхыбыз да тээ тереңде экени айдан ачык боло түшмөк. Антпесе, айрым чала окумуштуулар “рун жазуусу кыргыздардыкы эмес, аны кыргыздар окуй албайт.”–дешип аны байыркы орус жазуулары дегенчелик ишаарат беришүүдө. Чындыгында арабдар деле байыркы араб жазмаларын окуй алышпайт. Бир эл түгүл адам да билген тилин, жазмасын унутуп калышы мүмкүн. Мисалы, учурунда немец тилин жакшы билген В.В.Путин азыр немисче сүйлөй албайт. Ал эми байыркы кыргыз алфавитин Анвар Байтур алфавит катары түзүп чыккан. Эмил Асанов аны компьютердин клавиатурасына киргизип коюп, колдоо таппай жүрөт. А биздин азыркы тилчилерибиз болсо бир “Ә” тамгасын алфавитке кошо албай жүрүшөт” – дейт ал.

Фейсбук социалдык түйүнүндө Бакай Абдымаликке окшоп: “Кыскасы, “Э” тамгасы да, “эсил кайран” болот окшойт… Эгер долбоор ишке ашса:  “Эсимде эмес — Есимде. Элим эмес — Елим. Энесай эмес — Енесай. Элмирбек эмес — Елмирбек” деп калат экенбиз да… Негизи мектепте начар окугандар экинчи дегенди екинчи, эс- акыл дегенди ес-акыл деп жазгандарын эстеп кеттим. Билген экен да кайрандар, акыры Э жок болорун” – деп качандыр бир жалаң экиден башы чыкпагандардын жазгандары бүгүн туура болуп чыкканын жазгандар да жок эмес.

Аты-жөнү кыргыз журтчулугуна белгилүү Куштарбек Кимсанов: “Орток түрк алфавити боюнча маселе эл аралык деңгээлде көтөрүлгөн, тиешелүү жыйындар өткөрүлгөн. Бул багытта ошону эске алып иштеш керек, башка элдер да ал алфавитке өткөндө, кыргыз алфавити эбак даяр болуп чыга келет. Алфавитти алмаштыруунун көп маанилүү жактары бар. Анын эбегейсиз түйшүктөрү жана толук кандуу колдонууга чейинки кенемтелери арбын. Учурда долбоору сунушталган вариантта кемтиктери көп болууда” деген пикирде.

Чолпон Кийизбаеванын фейсбук баракчасына: “Талашка түшкөн [Ее]. Жалгыз ушул тамга үчүн канча жылдан бери калыптанып калган эрежени бузбай эле коелу. Ансыз деле коомдо сабаттуулук маселеси курч бойдон турат. Тилди жөнөкөйлөтөбүз деп, эрежелерди улам өзгөртө берүү башаламандыкты гана күчөтөт. Тил туруктуулукту сүйөт, ал эми ар бир өзгөрүү өтө кылдат илимий негизде гана жасалышы керек. Мунун артында көп маселе жатат. Айтып, кабыл алып койгон жеңил, ишке ашыруу өтө оор. Бул тамганы өзгөртпөй койсок эч жерибиз кемибейт, өзгөрүп да кетпейбиз. Баякыдай жер-суу аттарын кошуп жазып элди жинди кылгандай болбогула” деп жазган.

Айтор пикирлер ар кыл. Акын Эрлан Жумагазиев: “Э-ЭНЕҢДИН КӨРҮ, ДҮНҮЙӨ ЖЕ «Э» ТАМГАСЫНАН УЛАМ ЭКЧЕЛГЕН ОЙЛОР” аттуу фейсбук баракчасындагы ой жүгүртүүсүндө: “Коомчулукка сунушталып, кызуу талкуу жаратып жаткан «Кыргыз тилинин жазуу ережелери-2025» долбоорун ийне-жибине чейин талдап окуп чыктым. Пикиримди, көз карашымды, сынымды, сунушумду ушул эрежени иштеп чыккан жумушчу топ кабыл алабы же албайбы, ал жагы беймаалым. Антсе да, баштапкы адистигим кыргыз тили жана адабияты мугалими болгондуктан, талкууга үн кошо кетүүнү туура таптым.

Кеп оролун коомчулукта талкууланып жаткан «э» жана «е» тамгаларынан баштап көрөйүн. Тарыхка көз чаптырсак, Кыргыз ССРи 1941-жылы латын арибинен орус арибине толук өткөн. Дал ушул алфавиттин негизинде кыргыз тилининин орфографиясы иштелип чыккан. Эмне себептен сөз башында жана созулма үндүүнү жазууда «Э», «ээ» тамгаларын колдонуу кабыл алынган? Түшүндүрмө берүүдөн мурда төмөнкү сөздөргө көз чаптырып алалы:

Елена (окулушу: Йэлэна же Йилэна), ежеватый (окулушу: йэжэватый же йижэватый), епископ (окулушу: йепископ), веер (окулушу: вэйэр же вийэр), менее (окулушу: мэнэйэ), ручеек (окулушу: ручийок), переест (окулушу: пэрэйест же пэрийэст) ж.б.

Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай, ансыз да орусташып кетүү коркунучу алдында турган коомго сөз башын «Е», «е» тамгалары, үндүү тыбышты «ее» тамгасы белгилеген учурда, Эркинди «йэркин», эшекти «йэшэк», эссизди «йэссиз», бээни «бийэ», жээкти «жэйэк», дээрди «дэйэр» деп окуп алуу ыктымалы жаралган. Ошол доордун окумуштуулары бизден канча эсе сергек ойлонгондуктан, ушул коркунучтун алдын алуу максатында сөз башын «Э», «э» тамгасы менен, созулмасын «ээ» тамгасы менен белгилеп берүүнү туура табышкан. Ансыз да Батманов өңдүү илимпоздор көлдү «кёл», күндү «кюн» деп жазууну сунуштап (караңыз: К. Дыйканов, С. Кудайбергенов, Ю. Яншансин. Кыргыз жазуусунун тарыхынан. – Ф.: Кыргыз мамлекеттик окуу-педагогикалык басмасы, 1958. – 51-бетте), «ныгырма саясат» жүргүзүп турганда, кыргыз тилинин тыбыштык, фонемалык ченемин сактап калуу зарылчылыгы жаралган. Демек, эне тилдин фонемалык өзгөчөлүгүн так көрсөтүүдө «э», «ээ» тамгаларынын орду өтө зор болгон. Учурдагы интернеттин терс кесепеттеринен (оң жактары да бар экенин танууга болбойт) кийинки балдар же кыргыз эмес, же орус эмес, же агылчын эмес, же арап эмес, же түрк эмес, «чаар тилдүү» болуп баратканда, бул тамгалардын орду дагы да бекемделе берет. Андыктан «э», «ээ» тамгаларын колдонуудан алып салуу, ордун «е», «ее» тамгаларына алмаштыруу чектен чыккандык болуп эсептелет” дейт.

Sanura Meerim аттуу айым: “АЛФАВИТТИК РЕФОРМА КЕРЕК, бирок төмөндө айтылган тыбыштарга эмес!!! Бул долбоор элди мындан да жаман сабатсыздыкка түртөт” деген пикирде.

“Эгер йоттошкон тыбыштарды алып салууга туура келсе, анда башка тилден кирген сөздөрдү бүт биздин тилге ылайыктап өзгөртүп, даярдап, иштеп чыгып жазууда колдонулуш керек. Мисалы: канцелярия эмес – илгеркидей кеңсалар, январь эмес – жаныбар, Москва эмес – Маскөө, Оренбург эмес – Орунбор, коммунист эмес – кемунис, ж.б.у.с. 30-жылдары бөтөн тилдерден кирген сөздөр өзүбүздүн тилге ылайыкталып ушундай эле жазылган. Кийин 40-жылдары дагы азыркыдай дилетант-тилчилер орусча кандай жазылса, так ошондой жазылсын деп чечим чыгарышып, азыркы алфавит кабыл алынганы баарыбызга маалым го. Эгер Ь,Ъ, Ю, Я, Ц, Щ тыбыштар алынып салынса, анда январь, февраль, отель, конференция, юбилей ж.б.у.с., ушу тыбыштар катышкан бардык сөздөрдү кыргыз лексикасынан алып салыш керек!

Долбоордогу алып салыш керек делген тыбыштар орус тили расмий тил болуп турганда, миң жолу алып салса да ишке ашпайт!!!

АЛФАВИТТИК ӨЗГӨРТҮҮ Ә, Қ, Ғ ТЫБЫШТАРЫНА КЕРЕК болчу!!!

Бул туурасында өз пикиримди айтып келатам. Ж.Баласагын атындагы КУУнун тил күнүнө арналган бир семинар-тренингинде Сыртпай Мусаев агай менен ушул тыбыштарды киргизүү туурасында сөз болуп, талашып-тартышып кеткенбиз. Бул тыбышты киргизели десең эле, тилчилер чок баскандай чоочуп, баш чайкашат. Неге десең, адабий тилдик нормага киргизилген эмес дегенден башка аргументтүү пикири жок. Академик айткандай, 86 жыл болбодубу, өзгөрткөнгө эмнеге болбосун, киргизиш керек ушу тыбышты.

Ал эми Ә тыбышы алфавитке киргизилсе, көп сөздөр унутта калбайт эле. Мисалы, биз түштүк диалектизми деп бөлүп айтып жүргөн эң сонун сөздөрүбүз колдонулбай келет. Түндүк эли билбейт ал сөздөрдү. Айрымдарын уккан да эмес. Ал эми түштүк элинин өкүлдөрү борборго келгенде сүйлөбөгөнгө аракет кылышат аларды. Эгер Ә тыбышы алфавитке киргизилсе, бул ажырым болмок эмес, менимче. Башка тилден кирген сөздөр бат эле сиңип жатат го. Бөтөн элдер жок жерден маданият жасап, сөз таап өздөштүрүп жатса, биз бар нерсебизди жоготуудабыз” деп маселени башка кырынан койду.

Башка бир фейсбук колдонуучу Чынар Капарова Тынчтыкбек Чоротегиндин макаласын окуп чыкканын айтып, “Ооба, тилди жөнөкөйлөтүү маанилүү экени талашсыз. Бирок тарыхый тамырды жана тилдин табигый өзгөчөлүктөрүн сактоо андан да маанилүү экени туура белгиленген. Мындай маселелер саясий көз караш менен эмес, тил илиминин изилдөөлөрүнө жана улуттук кызыкчылыкка таянып чечилиши керек деп ойлойм. Диктор катары айта кетсем, орфографиянын эгизи болгон орфоэпияда да чечилбей келе жаткан маселелер бар. Мисалы, «Кыргыз күүсү жаңырды» деген сүйлөмдү айтууда тыбыштардын үндөшүүсүнө ылайык «Кыргыз гүүсү жаңырды» деп айтылганы кулакка жагымдуураак угулат. Тилекке каршы, жаш дикторлордун көбү орфоэпиялык нормаларды жетиштүү билбегендиктен, сөздөрдү жазылган калыбында эле каткалаңдатып окуп калышат. Тил маданиятын өнүктүрүүдө ушул жагына да олуттуу көңүл буруу зарыл” дейт.

Айтор, он киши ой айтса, он башка ойлор, сунуштар айтылган. Биз бул пикирлердин эч бирине комментарий бербейбиз. Адистер бул пикирлерди карап чыгып, бир чечимге келет деген ойдобуз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”