Уңгужол жана социалдык мамилелер

Кандай гана коом болбосун, ал жалаң эле эреже-мыйзамдардан, экономикалык көрсөткүчтөрдөн же саясий түзүлүштөрдөн турбайт. Коомду кармап турган чыныгы күч, бул – адамдардын бири-бирине болгон жылуу жана жагымдуу мамилеси, өз ара ишеними, сый-урматы, мээрими, боорукердиги, меймандостугу, бир сөз менен айтканда, улуттук же адамзаттык мамиле баалуулуктары. Аталган баалуулуктар көп учурларда мыйзам же укуктук ченемдер менен иреттелбей, чектелбей турган нерселер. Алсак, адамгерчилик сапат – көбүнчө, адамдын теги аркылуу, тарбиясы же айлана-чөйрөнүн таасири астында калыптана турган сапат. Адамдын канында, тегинде жок нерсеге жакшы тарбия да, айлана-чөйрө да эч кандай жардам бере албай калышы мүмкүн. Же башкача айтканда, таалим-тарбия жетишпесе, ак сөөктүк, айлана-чөйрөсү да аны жакшы адам кылалбай калат. Демек, бул үч бурчтук тутуму бирдей иштегенде гана тиешелүү мыкты жыйынтыктарга алып келет.

Ошондуктан биз кеп козгоп жаткан темага, алгач, азыраак болсо да өз алдынча аныктама берип алып, андан ары жолубузду уласак. Социалдык мамилелер – бул адамдардын өз ара күндөлүк байланышы, аласа-бересе мамилеси, жоопкерчилиги жана ишеними. Мамиле үй-бүлөдөн башталып, туугандык, коңшулук, достук, кесиптештик, жарандык жана социалдык байланыштар аркылуу уланып отурат. Коомдун ички абалы дал ушул мамилелер аркылуу турукташат жана бааланат.

Демек, коом бир кылка же бирдей адамдардан турбайт. Ал жерде карысы – жашы, күчтүүсү – алсызы, акылманы – тежиги, байы – кедейи, атчаны – жөөсү, алысы – жакыны, арыгы – семизи, узуну – кыскасы, агы – карасы дегендей түрдүү катмарлардан турат. Ал эми бири-бирине карама-каршы турган тараптар дайыма эле бир пикирде боло бербейт. Ошол себептен адамзат бирдиктүү коомду түзгөн убактан тартып, түрдүү эреже-тартиптерди ойлоп табышкан. Эске ала турган жагдай, кандай гана эреже же мыйзам болбосун ал акыл-эске, ойго жана тажрыйбага негизделет. Бирок кээ бир шарттарда акыл менен эмес, сезим-туюмдар менен чече турган кырдаалдар кездешип калат. Мындай учур болуп келген, боло бериши да толук ыктымал.

Андыктан коомдун ынтымагы жана биримдиги дайым эле мыйзамдын күчү менен гана сакталбайт. Кыргыз маданиятында абалтан эле намыс, уят, убал, “эл эмне дейт?” деген түшүнүктөр алдыңкы орунда болуп келгендиги мына ушундан улам болсо керек.

Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилейбиз, коомдун чыныгы туруктуулугу адамдардын бири-бирине жасаган мамилесине, ички маданиятына жана адамгерчилигине көз каранды десек жаңылышпайбыз. Эгерде байлар колунда жокторду жектесе, күчтүүлөр алсыздарды кордосо, жетекчилер кол алдындагы кызматкерлерине каалагандай орой мамиле кылса, жаштар улууларга урмат көрсөтпөсө, улуулар жаштар менен эсептешпесе, анда коомдун ичинде көзгө илинбеген жаракалар акырындык менен пайда болуп, ал чоңое берет. Жаракалар убакыт өткөн сайын коомго эле эмес, мамлекеттин өзүнө чоң коркунуч жаратат.

Бул кырдаалды кыргыз эли байыркы мезгилдерде эле түшүнүп, аны турмуштун мыйзамына, жашоонун конституциясына – макал-лакаптарга айлантышкан. Мисалга алсак, “Адам болуш аста-аста, жаман болуш бир паста”, “Ырыс алды ынтымак”, “Улууга урмат, кичүүгө ызаат”, “Карынын кебинин капка сакта, өлүгүн апта сакта”, “Карысы бардын ырысы бар”, “Өзүңө каалабаганды бирөөгө жасаба”, “Сыйга сый, сыр аякка бал” ж.б. макалдар бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Бул накылдардын ар бири коомду бириктирип турган – улуу философия, дүйнөтааным, жол. Анткени улуу муун, мурунку муун муну абдан жакшы түшүнгөн, адам адамга тирек, адам адамга керек деп баалуу болгондо гана коом бекем болот. Кыргыз элинин улуу сыймыгы Чыңгыз Айтматов да: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп бекер айтпаптыр. Дагы бир өз сөзүндө: “… адамзат акыры – саясатты маданият, зордук-зомбулукту абийир жеңерине ишенгибиз келет” деген тура. Ал күн да келер, буйруса…

Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө материалдык баалуулуктар руханий баалуулуктардын алдында дагы деле келе жатат. Айрым замандаштарыбыз чындап эле байлыкты адамгерчиликтен, тирүү адамдан жогору коюп, кызматтык абалды абийир-намыстан артык көрүп алды. Бир кезде, “байлык колдун кири”, “артык дөөлөт баш жарат” деген философиялык акыл-эс, бүгүн “акчаң барда калтаңда, калтаңда да талтаңда” деген ураанга айланып бара жаткандай. Туура, эл оозунда айтылып келе жаткан: “Берсе дагы бай жакшы, бербесе да бай жакшы” демекчи байлардын, колунда барлардын көп болгону жакшы, бирок байлык канчалык актанбасын, ал адамдын өмүрүнөн, адамдын көңүлүнөн эч качан бийик боло албайт.

Демек, коомдогу социалдык мамилелердин бекем болушу үчүн ар бир адам өзүнүн жоопкерчилигин сезиши абзел. Бирок биз жоопкерчиликтен, милдеттен мурун укугубузду алдыңкы орунга чыгарып алдык, жоопкерчилик жөнүндө кеп кылгандар негедир азайгандан азая баштады. Мындан улам, ар ким өзүнүн милдетин башка бирөөлөргө ачыктын-ачык эле жүктөй салды. Алсак, үй-бүлөдө ата-эне баласына жакшы үлгү көрсөтүүнүн ордуна тарбиячыга, мугалимге өз милдетин түртүп койду, мугалим: “азыр бардык баалуулуктар алмашты, мугалим азыр маалымат берүүчүгө айланды” деп, окуучулардын тарбиясына батыл киришүүдөн ачык эле корко баштады. Анткени катуу айтуу, тартипке чакыруу, урушуу сыяктуу ыкмалар “байыркы таш доорундагы жана феодалдык коомдогу” ыкмалар сыяктуу каралып, айрым учурларда аларга кылмыш иштери козголуп, атүгүл ата-энелер тарабынан ур-соккуга алынган учурлар байма-бай кездешүүдө. Ошону менен бирге мугалимдерге болгон сый-урматтар да жоголду. Бир кездерде мугалимдерди көчөдөн көргөндө, улуу-кичүү дебей баш кийимин колуна алып, кош колдоп учурашкандарды азыр күндүзү чырак менен издеп таппайсың. Албетте, жалгыз алакандан үн чыкпайт деңизчи, бул жерде эки тарап тең күнөөлүү. “Эки адам урушса, акылдуусу күнөөлүү болот” дегендей, күнөөнү эки тарап тең өзүнөн издегени жакшы болот эмеспи. Биз бир жактуу эле “бул күнөөлүү” деп так айткандан тартынып турабыз. Экинчи жагынан өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар, түрдүү реформалар билим берүүдөн башталбай, дамамат башка тармактарга көңүл буруунун натыйжасы да ушуну көрсөттү бейм. Дегеле, мугалимин, устатын сыйлабаган коом эч качан өспөйт.

Жоопкерчилиги күчтүү коомдо эң биринчи – үй-бүлөлүк мамилелер артыкчылыктуу орунда турат. Анткени мамлекет кичинекей үй-бүлөдөн куралат. Баланын, наристенин эң биринчи мугалими да, биринчи тарбиячысы да ата-эне. Бардык башталыштар үй-бүлөдө башталып, урмат-сый, жоопкерчилик, улууну сыйлоо, кичүүгө кам көрүү, алсыздарга жардам берүү сыяктуу баалуулуктар үйдөн таанытылат, үйрөтүлөт, бала ошондо гана коомго да ошондой мамиле жасайт. Ал эми үй-бүлөдө ынтымак, адеп, ички тартип жок болсо, анын терс таасири коомго чейин жетет, залакасы тийбей койбойт.

Экинчиси – туугандык мамилелер. Кыргыз коомунда туугандык байланыштар өзгөчө орунду ээлеп келген. Тууганга көмөк көрсөтүү, оор күндөрдө жардам берүү, кубанычын тең бөлүшүү, карым-катышты үзбөө сыяктуу байланыштар улуттук өзгөчөлүгүбүздүн негизги бөлүгү болуп саналат. Бирок тууганчылык мыйзамдан, эреже-тартиптерден жана адилеттиктен жогору турбашы керек. Кабыл алынган коомдук салт-санаалар, жүрүм-турумдар эске алынбай калса, тескери көрүнүштөрдү да жаратышы мүмкүн. Ошондуктан туугандык байланыштар жоопкерчилик жана адилеттүүлүктүн негизинде өнүккөнү оң болот.

Үчүнчүсү – кошуналык, коңшулук мамилелер. Илгертеден эле кыргыз эли коңшусун тууганынан артык көрүп, өтө сый мамиле кылып келишкен. “Конуш тандаба, коңшу танда”, “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык”, “Жаман туугандан бөлүнүп кутуласың, жаман кошунадан көчүп кутуласың” деген макалдар бекеринен жаралбагандыр. Анткени жамандык болобу, жакшылык болобу эң оболу жардамга кошуна келет, жеңилиңди жерден, оорун колдон алат, колуңдагы жок нерсени кошунадан сурайсың, караанын калдайтып сүр болуп берет. Корооңдо болгонун “көз акы” деп бөлүшүп жейсиң, колунда жок болсо, ага каралашууга милдеттүүсүң, себеби “кошунанын акысы” деген түшүнүк эл арасында миңдеген жылдар бою жашап келет.

Төртүнчүсү – достук, жолдоштук мамилелер. Достук адамдардын ортосундагы өз ара ишенимдин, көңүл сүйүүнүн жана колдоонун негизи болуп эсептелет. Досу көп адам коомдон обочолонбойт, достун жардамы менен ар кандай түрдүү кыйынчылыктарды жеңил көтөрөсүң. Ошол эле учурда достук жеке кызыкчылыкка эмес, адамдык сапаттарга негизделгенде гана узакка сакталат. Достук – теңдикти, көп учурда курманчылыкты талап кылат. Башкача айтканда, бардык жакшылыктарды өзүңө эмес, досуна каалаганда, ыйгарганда гана чыныгы достуктун үлгүсүн көрүүгө болот. Башка учурда ал кызыкчылыктын, утурумдуктун гана “көлөкөсү” болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан турмушта чыныгы досту табуу өтө кыйын, досту күтө билүү андан кыйын иш. Ал көп эле адамдын колунан келе бербес дастан.

Бешинчиси – жарандардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосундагы мамилелер. Тагыраак айтканда, мугалим менен окуучунун, ата-эне менен билим берүү мекемелеринин, жаран менен дарыгердин, милициянын, маданият кызматкеринин ортосундагы байланыш мамлекеттин келечегине түздөн-түз таасир этет. Эгерде мугалимдин, дарыгердин, милициянын кадыр-баркы түшсө, илимий-маданий коомчулуктун, жалпы интеллигенциянын баркы төмөндөйт. Ал эми интеллигенциянын баркы кеткен жерде коомдун өнүгүүсү жайлайт. Коомчулукта кенен тараган: “Эгер бир элди жок кылгың келсе, анын армиясын эмес, билим берүү системасын талкала. Мугалимдин кадырын кетир, окумуштууларын шылдыңга, адилеттүүлүктү талап кылгандардын үнүн бас. Ошондо коом өзүнөн өзү эле кыйрайт”, – деген учкул сөз бар. Жогоруда айтылган сөзгө комментарий кылуу деле ашыкча болот сыңары.

Алтынчысы – кызматтык мамилелер. Жетекчи менен кызматкердин, иш берүүчү менен жумушчунун, кесиптештердин ортосундагы мамилелер да социалдык туруктуулуктун көрсөткүчү. Адилетсиздик, калыссыздык, тааныш-билиштик, кошоматчылык күч алган жерде эмгекке болгон ишеним азайып, коомдук нааразычылык көбөйөт. Кайсыл коом тез өнүгөт? Татыктуулардын доору келгенде гана коомдо чагылгандай өнүгүүгө жол ачылат. “Жаман мыйзамдар менен, бирок жакшы кызматкерлер менен өлкөнү башкарууга болот. Бирок начар кызматкерлер болсо, эң жакшы мыйзамдар да жардам бере албайт”, – деп Отто фон Бисмарк айткандай, бул жерде кызматкерлер өтө маанилүү ролду ойнойт. Бул боюнча И. Сталиндин: “Бардыгын кадрлар чечет” деген учкул ою да актуалдуулугун жоготкон жок. Негизи жакшы кызматкер болуш үчүн эки негизги талап бар: биринчиси, сөзсүз түрдө адамгерчиликтүү болуу; экинчиси, өз кесибинин чыныгы ээси болуу. Демек, кандай гана жетекчи же кызматкер болбосун, ал адам тандабай бардыгына тегиз жана бирдей мамиле кылуусу керек. Жетекчи “сүймөнчүк” күткөн жерде эч кандай адилеттүүлүк орнобойт. Ооба, “сүймөнчүлүк” кызматкердин аткарган кызматына жана жоопкерчилигине жараша болушу мүмкүн, бирок чеги, чени менен болуп, ошол эле учурда бардык эмгек бааланууга тийиш.

Жетинчиси – жаран менен мамлекеттин ортосундагы өз ара мамиле. Мамлекет жарандардын укугун коргоп, аларга бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү болсо, жарандар мыйзамды сыйлап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушу керек. Албетте, бул эки тараптуу ишенимге негизделген байланыштар бузулганда коомдо чыңалуулар күчөйт. Жон Ф. Кеннединин: “Мамлекет мага эмне кылды эмес, мен мамлекетке эмне кылдым деген суроону коюш керек”, – деген белгилүү учкул ою бар. Эгер ар бир жаран ушундай ойлонуп, коомго салым кошууга бүткүл далалатын жумшаса, коомдук адилеттүүлүк, экономикалык керемет, алтын доор тез эле орнойт болчу…

Сегизинчиси – муундар аралык мамилелер. Ар бир коом өткөн чак менен келер чакты байланыштырган көпүрөгө муктаж. Улуу муундун тажрыйбасы менен жаш муундун демилгеси айкалышкан жерде гана өнүгүү болот. Тетирисинче, муундардын ортосунда түшүнбөстүк күч алса, тирешүү башталса, коом өзүнүн тарыхый эс тутумун жоготуп, руханий боштукка кептелет. Баарыбызга белгилүү болгондой, жаштык бул убактылуу гана артыкчылык, ал эми карылык кемчилик эмес. Карылыкка жетпей калгандар канча? Мунун өзү ойлоно турган нерсе, узун жолдун өзү – узун тажрыйба, сыймык, өмүр… Ошондуктан жаш муундун акылын жана күчүн, улуу муундун тажрыйбасын жана батасын ширелиштирип алып жүрүүгө милдеттүүбүз.

Тогузунчусу – коомдук тилектештик жана өз ара жардамдашуу, көмөк көрсөтүү. Табигый кырсыктарда, оор жоготууларда, коомдук иштерде адамдардын бири-бирине жардам берүүгө даяр турушу, дилгирлиги улуттун ички күчүн жана маанайын көрсөтөт. Дал ушул сапаттар элдин биримдигин бекемдеп, мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылат. Кыргыз эли байыркы мезгилдерден бери эле кайсыл бир иш баштагандарга жардам берүү, ашар уюштуруу сыяктуу иштерде унчукпай карап туруп калышкан эмес. Айрыкча, “бүлүнгөндөн бүлдүргө алба” деп, кырсыктагандардан эч нерсе албай, тетирисинче, колунан келген көмөгүн берип, кол сунганды байыртадан өрнөк кылып келген.

Мындан сырткары коомдук мамилелерде негизги деп эсептелген адамдык сапаттар да бар. Алардын бири – ишеним. Ишеним бар жерде адамдар бири-бирине таяна алат, биргелешип иш кыла алат, келечекке үмүт менен карай алат. Ал эми ишеним жоголгон жерде шек саноо күчөйт, адамдар бири-биринен алыстайт, коомдук байланыш, ал тургай мамлекеттин өзү да алсырайт. Ошондуктан жарандын жаранга, жарандын мамлекетке, мамлекеттин жаранына болгон ишеними коомдун туруктуулугун аныктаган негизги көрсөткүчтөрдүн бири экендигин эстен чыгарбашыбыз керек.

Дагы бир учур – коомдук көзөмөлдүн жүрүшү. Көчмөн элдердин маданиятында, айыл – тарбиянын чоң мектеби болгон. Эгерде кимдир бирөө туура эмес иш жасаса, ага биринчи болуп тууганы, кошунасы, айылдын аксакалы көңүл бурган, адепке чакырган. Коомдун өзү аны “тарбиялап” койгонго күчү жеткен. Азыр болсо, адамдар бирин-бири эмес, эки бир тууган балдарын өз ара тарбияга чакырганга укугу чектелип калганын кантип билгилебей кетүүгө болот. Тээ бир убакта учурашпай өтүп кеткендиги, кудайы конокту сыйлабай койгондугу үчүн бир үй бүлө эмес, айыл айыпка жыгылган учурлар көп болуптур, чиркиндики десең… Бул деген коомдук көзөмөлдүн канчалык деңгээлде күчкө ээ болгондугун даана көрсөтүп турат. Туура, эркиндик болушу керек, бирок бул жерде эч ким эркиндикти чектеген жок, болгону милдетти жана жоопкерчиликти алдыга чыгарсак деген ойду белгилеп жатабыз.

Ошону менен бирге азыркы санарип доорунда социалдык мамилелер да жаңы сыноолорго туш келди. Адамдар бири-бири менен мурдагыдан көп байланышкандай, мамиле күткөндөй көрүнгөнү, сезилгени менен, руханий жактан өтө эле алыстап бара жатабыз. Социалдык тармактар көбөйгөн сайын жандуу баарлашуулар азайып, кошуналар бири-бирин тааныбай, туугандар майрамдарда, жамандыктарда гана көрүшүп калды. Алар чогулган жерлерде деле улуу-кичүүсүнө карабай үңкүйүп телефон “чукугандар” көбөйдү. Тилекке каршы, бул ачуу чындык.

Мындан сырткары миграция маселеси дагы социалдык мамилелерге чоң таасир этүүдө. Жүз миңдеген адамдар үй-бүлөсүнөн, айылынан, мекенинен алыс жакта жүрүшөт. Бул жагдай кайсыл бир деңгээлде экономикалык жактан пайдалуу болгону менен, үй-бүлөлүк байланыштарга, балдардын тарбиясына, муундардын ортосундагы алакага өзүнүн терс таасирин тийгизбей койбоду. Көптөгөн балдар ата-энелеринин мээримине жетпей өсүүдө, таалим-тарбиядан өксүп калып жатышат.

Ошол эле учурда сыртка окууга кеткен балдар-кыздар башка элдин, башка маданияттын таасири менен келип, аны кайра өз элине таңуулаганга да жетишти. Бул дагы өз таасирин бербей койгон жок.

Жогоруда белгиленгендей жана Уңгужолдун талабы боюнча социалдык мамилелерди чыңдоо мамлекеттик органдардын жана мекемелердин же кызматчылардын эле эмес, үй-бүлөнүн, аксакалдар, энелер, аялдар, жеңелер институтунун жана жалпы коомчулуктун орток милдети. Анткени коомдун тамыры жана өзөгү мыйзамдарда гана эмес, улуттук деминде, адамдардын аң-сезиминде, үй-бүлөдөн алган тарбиясында, муундан муунга өтүп келген баалуулуктарында жатат.

Демек, биз социалдык мамилелер дегенде бир гана адамдардын сүйлөшүүлөрүн же алакаларын эле эмес, коомду бир бүтүн организм катары кармап турган бүтүндөй байланыштар тутумун түшүндүк. Аталган тутумдун бир бөлүгү алсыраса же бир туткасы ажыраса, анын таасири акырындык менен бүтүндөй коомдун жоголушуна алып келерин көрдүк.

Жыйынтыктап айтканда, уңгужол социалдык мамилелерди жөн гана адамдардын ортосундагы байланыш катары эмес, улуттук деминин коопсуздугун жана мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылган негизги тирек катары карайт. Анткени үй-бүлөдөн башталган тарбия, туугандык байланыштар, коңшулук мамилелер, достук, кызматтык адеп-ахлак, жарандык жоопкерчилик жана муундар аралык биримдик бир бүтүн тутумду түзөт. Ал эми бир тутумдун ар бөлүгү өз ордунда бекем болгондо гана коомдун пайдубалы бекем болот.

 

 

Октябрь Капалбаев,

Кыргыз Республикасынын

Президентинин Администрациясынын

бөлүм башчысы