“Алтын бүтүрүүчүгө” – автоунаа, мугалимге – Умра!? Аша чаап кеткен жокпузбу?

Үстүбүздөгү жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү: Бишкек шаарынан – 34, Ош шаарынан – 1, Ош облусунан – 1, Чүй облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 4, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 4, Россия мектептеринин 1 окуучу “Алтын сертификат” алат. Эң жогорку 239 баллга Нарын облусунан, Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Айдай Абылаева, Баткен облусунан, Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын Сезимай Акматова татыктуу болсо, андан кийинки 236 баллга 4 окуучу, 235 баллга 6 окуучу татыктуу болгон.

Айтымда, негизги тесттин мүмкүн болгон эң жогорку жыйынтыгы 245 упайды түзөт. Бирок ЖРТнын тарыхында бир дагы катышуучу мындай упай топтой элек.

Ушул күнгө чейин 2009-жана 2025-жылдардын көрсөткүчтөрү рекорддук бойдон калып келатат. 2025-жылы №70 мектептин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов 242 упай алса, 2009-жылы Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин бүтүрүүчүсү Евгения Щербакова ушундай эле жыйынтык көрсөткөн. Быйылкы эң жогорку көрсөткүч 239 упайды түздү.

Маалымат үчүн айта кетсек, быйыл 60 миңден ашуун бүтүрүүчү тестирлөөдөн өткөн. Орточо балл бул жылы 128 упайды түзүп, былтыркыдан жогору болуп, ЖРТнын жыйынтыгы боюнча өлкөдө эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү «Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болсо III этаптын жыйынтыгынан кийин дагы 1 бүтүрүүчү кошулуп, алтын сертификат ээлеринин саны 56га жеткен.

“Катышуучулардын 67,2 пайызы 110 упайлык босого баллдан өтө алышты. Салыштыра кетсек: 2016-жылы орточо жыйынтык 115 упайды түзүп, абитуриенттердин 49 пайызы гана босого баллдан өткөн”, — деп билдирди Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева.

Буюрса, быйыл да «Алтын сертификат» алган бардык бүтүрүүчүлөр өлкөнүн каалаган мамлекеттик жогорку окуу жайына түз, сынаксыз (бюджеттик орунга) кирүү укугуна ээ болушат. Анын баары алдыда.

Акыркы жылдарда Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» татыган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү бийлик органдары жана демөөрчүлөр тарабынан өзгөчө баалоо салтка айланып баратат. Эгер мурда мыкты окуучуларга жөн гана диплом же китеп берилсе, кийинки жылдары жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр тарабынан билимдүү жаштарга кымбат баалуу автоунааларды жана чет өлкөгө жолдомолорду тапшыруу кадимки көрүнүшкө айланды. Албетте, бул колдоого ала турган көрүнүш, эмнеге дегенде коомдо билимдин баркын көтөрүп, жаш муунга өзгөчө дем бере алышыбыз ыктымал.

Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы чыгар замат, эң жогорку 239 баллга ээ болгон Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Айдай Абылаеваны, Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын Сезимай Акматованы алгачкылардан болуп, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өзү куттуктап, куттуктоолордун аягы үзүлө элек.

“Алтын бүтүрүүчүлөрдү” сыйлоо боюнча салтка айланып калган демилгени колго алышып, Кочкор районунан эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтүп, эң жогорку 239 балл алган Айдай Абылаевага “Ак Булут” кайрымдуулук коомдук фондунун жетекчиси Ормон Нурбек уулу тарабынан Chevrolet Spark үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы тапшырылды. Ушул жерден айта кетчү нерсе, Кочкор районунун мыкты бүтүрүүчүсүнө автоунаа белек кылуу салты ушуну менен үчүнчү жыл катары менен улантылып келет.

Мындай сыйдан жогорку жыйынтык көрсөткөн окуучуларды даярдоого зор салым кошкон мугалимдер четте калган жок. ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү окуткан ар бир мугалимге 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылды.

Ал эми эң жогорку упайдын ээси Айдай Абылаеванын класс жетекчиси “алтын кызга” билим берип, тарбиялаган эмгеги үчүн Түркияга эс алуу жолдомосу менен сыйланды.

Ошондой эле, билим берүү тармагын колдоо максатында, Нинакан Жүндүбаева атындагы жана Абдыразак Жалпетеков атындагы мектептерге заманбап интерактивдүү доскалар белек катары берилди.

Алтын сертификаттын ээси Айдай Абылаева ар дайым окуунун алдыңкысы болуп, облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келген. Анын алдыңкы окуучу болушунда үй-бүлөлүк колдоо чоң болгон. Айдайдын апасы Надира Шаршенбаева тарых мугалими. Төрт баланын энеси, алдыңкы мугалим. Былтыр “Жыл мугалими” сынагында жеңишке жеткен.

Айдай Абылаеванын “алтын сертификаты” Нинакан Жүндүбаева атындагы мектептин тарыхындагы үчүнчү, ал эми Кочкор району боюнча төртүнчү алтын сертификат.

Ии баса, ушул эле мектептин бүтүрүүчүлөрү Орозобекова Алиман жана Шайырбекова Рабия 227, 230 балл алып, “Алтын сертификатка” аз-маз эле жетпей калышкан.

Демек, аталган мектепте “алтын бүтүрүүчүнүн” чыгышы кокустук эмес, салтка айланган көрүнүш. Мектептин эмгек жамаатынын эмгеги Агартуу министрлиги тарабынан эске алынып, мектеп мугалимдери министрлик тарабынан ар кандай сыйлыктарга ээ болот деген ойдобуз.

Баткендик “алтын бүтүрүүчү” жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр тарабынан кандай белек-бечкектерди алгандыгы тууралуу ачык булактардан маалымат таба алган жокпуз. Арийне, Баткенде февраль айында “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өтүп, форум жаштарды билим алууга шыктандыруу, алардын интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү жана келечекке болгон ишенимин бекемдөө максатында уюштурулган.

Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип тандоо, ЖОЖго тапшыруудагы маанилүү жагдайлар туурасында кеңири маалымат беришкен.

Жаш ишкерлер ЖРТдан эң жогорку упай алган окуучуга, мугалимине атайын белектер, “Алтын сертификат” алган 3 окуучуга 50 миң сомдон берилерин убада кылышкан. Ошондой эле ЖРТ жеңүүчүлөрүнө жана “Алтын сертификат” ээлерине облус, район-шаар башчыларынын да акчалай сыйлыктары каралганы айтылган. Ошол айтылган сөздөр сөз бойдон калбай, “алтын бүтүрүүчүлөр” ар кандай белек бечкектерди алды деген ойдобуз.

ЖРТдан жогорку көрсөткүч алгандарды сыйлоо аземдери өлкөнүн бардык булуң-бурчунда болуп жатат. Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде Жалпы республикалык тестирлөөдө 200 упайдан жогорку упай алган окуучуларды сыйлоо салтанаты өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар катышкан.
Салтанатта район боюнча 200 упайдан ашык алган 9 окуучуга, сабак берген мугалимдерине жана ата-энелерине Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктары тапшырылган.
Коомдук ишмер Мурадил Сыдыков тарабынан район боюнча эң жогорку — 223 упай алган Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Бегимай Темирбекова ноутбук, ал эми ал окуган мектепке Fort Mendeo» авто унаа ыйгарылган. Мындан сырткары окуткан мугалимдерине акчалай сыйлыктар берилди.
Ал эми Баетов айыл өкмөтү тарабынан Ш.Бейшеналиев атындагы мектепке 50 миң сомдун сертификаты тапшырылган.
Эскерте кетсек, Мурадил Сыдыков ЖРТда жогорку жыйынтык көрсөткөн райондогу бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мектептерин колдоо максатында буга чейин дагы беш жолу автоунаа белекке берген. Алардын үчөө катары менен С.Атамбеков атындагы орто мектепке, андан кийин Н.Жыргалбекова атындагы орто мектепке, ал эми 2024–2025-окуу жылында М.Базаркулов атындагы орто мектепке тапшырылган.

25-июнда Манас шаарынын мэриясынын жыйындар залында 2025–2026-окуу жылында “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо аземи өтүп, ийгилик жараткан окуучуларга Манас шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары, окуучулардын ата-энелерине, мугалимдерге Манас шаарынын ыраазычылык баракчалары ыйгарылып, акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Белгилей кетсек, Манас шаарында быйыл 1767 окуучу 11-классты аяктап, алардын ичинен 3 окуучу “Алтын сертификатка” ээ болсо, дагы бир окуучу жогорку балл көрсөткөн.

Базар-Коргон районунан 215 упай алган Залкар Аримжановго жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан Changan маркасындагы автомобиль тапшырылды. Эске салсак, быйыл базаркоргондук 900 бүтүрүүчү ЖРТга катышкан. Анын ичинен 41и жогорку көрсөткүчтөрдү камсыз кылышкан.

Нарын облусунда «Алтын сертификат» ээлерине жана жогорку упай топтогондорго Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар жана демөөрчүлөр тарабынан ноутбуктар берилди.

“Алтын бүтүрүүчүлөрдү” сыйлоо салтка айланып баратат дебедикпи, 2021-жылы Сузак районундагы №9 Ш. Токсонбаев атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Адилет Төрөбеков ЖРТдан 231 упай алып, район боюнча эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылган. Бул ийгилиги үчүн ага жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан Hyundai Sonata үлгүсүндөгү жеңил автоунаа белекке берилген.

2019-жылы Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылындагы Х. Жээнбеков атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов ЖРТдан 238 упай топтоп, райондук рекордду жаңылаган. Жергиликтүү ишкерлер жана мекендештер анын бул эмгегин жогору баалап, Daewoo Gentra автоунаасын салтанаттуу түрдө тапшырышкан.

2022-жылы Кадамжай районунда ЖРТдан эң жогорку упай алган 4 бүтүрүүчүгө райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бийлик тарабынан өзгөчө колдоо көрсөтүлгөн. Алдыңкы орунду алган окуучуга 150 000 сом, ал эми кийинки орундарды ээлеген үч окуучунун ар бирине 100 000 сомдон накталай акчалай сыйлык берилген.

2024-жылы Алай районунун Гүлчө айылындагы Т. Айтматов атындагы гимназиянын бүтүрүүчүсү ЖРТда аймак боюнча эң жогорку упай көрсөткөнү үчүн акимчиликтин жана жергиликтүү фонддордун колдоосу менен 100 000 сом акчалай сыйлык жана заманбап ноутбук менен сыйланган.

Аймактарда окуучуну эле эмес, аны даярдаган мугалимди сыйлоо тренди да конкреттүү мисалдар менен коштолууда.

Жергиликтүү ишкерлер жана акимчиликтер быйыл да салтты бузбай, өз аймактарынын “алтын бүтүрүүчүлөрүнө” 100 000 сомдон 200 000 сомго чейинки бир жолку акчалай сыйлыктарды жана баалуу техникаларды (ноутбук, смартфон) берип жатышат. Нарын облусунда мектептерге жеңил автоунаалары белекке берилип жатат. “Алтын бүтүрүүчүлөрдүн” мектебине жана мугалимдерине карата көрсөтүлгөн мындай урмат-сыйлар колдоого арзыйт.

Арийне, айрым аймактарда ЖРТдан эң жогорку упай алып, өлкө боюнча алдыңкы орундарды камсыз кылган бүтүрүүчүнүн класс жетекчисине жана предметтик мугалимине жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан Умра сапарына (Меккеге) акысыз жолдомо берилген учурлар бар.

Өлкөнүн Баш мыйзамы менен дин мамлекеттен ажыратылганын эске алсак, демөөрчүлөр алдыңкы мугалимдерге Умрага жолдомо берүү менен аша чаап кеткен жокпу деген ой кетет. Райондук, облустук агартуу мекемелери бул маселени көз кырынын сыртында калтырбайт деген ойдобуз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”