Сулайман-Тоо – Борбор Азиянын тарыхый жана туристтик бермети

Дүйнө жүзүндө мамлекеттерди тааныткан эки чоң күч бар. Биринчиси – экономикалык кубаттуулук болсо, экинчиси – тарыхы менен маданияты. Экономика өзгөрүшү мүмкүн, саясий кырдаал да алмашат. Ал эми маданий- мурастар миллиарддаган киреше алып келүүгө жөндөмдүү.

Акыркы жылдары туристтер жөн гана эс алуу эмес, байыркы цивилизациялардын изи калган жерлерди көрүүнү, ар бир эстеликтин артындагы окуяны таанып-билүүнү каалашууда. Айрыкча Улуу Жибек жолу жайгашкан өлкөлөр дүйнөлүк туристтик базардын эң кызыктуу багыттарына айланууда. Маселен, ªзбекстан акыркы жылдары тарыхый шаарларын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга өзгөчө көңүл буруп, туристтик инфраструктурасын жаңыртып, жаңы авиакаттамдарды ачып, эл аралык жарнамалык кампаниялар аркылуу миллиондогон туристтерди кабыл алууда. Самарканд, Бухара, Хива сыяктуу тарыхый шаарларды дүйнө билет.

Мындан улам суроо жаралат: эмне үчүн Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү толук пайдалана албай келет? Бул суроонун жообун издей баштасак, сөзсүз түрдө өлкөнүн эң байыркы шаарларынын бири болгон Ошко жана анын жүрөгүндө жайгашкан Сулайман-Тоого токтолгубуз келет.

Археологиялык жана тарыхый изилдөөлөр Ош шаарынын тарыхы үч миң жылдан ашарын далилдеген. Бул шаар миңдеген жылдар бою Чыгыш менен Батышты байланыштырган Улуу Жибек жолунун эң маанилүү түйүндөрүнүн бири болуп кызмат кылган. Бул жер аркылуу өткөн кербендер жалаң гана соода жүргүзбөстөн, ар түрдүү элдердин маданиятын, илимин, искусствосун жана дүйнө таанымын алып өтүшкөн. Ошондуктан Ош жөн гана байыркы шаар эмес, цивилизациялардын кесилишкен борбору катары тарыхта өзгөчө орунду ээлейт.

Сулайман-Тоо байыркы цивилизациялардын издерин камтыган археологиялык комплекс жана дүйнөлүк маданий мурастын баалуу бөлүгү болуп эсептелет.

2009-жылы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, Кыргызстандагы бул макамга ээ болгон алгачкы эстелик болуп калды. Бул чечим тоонун тарыхый гана эмес, жалпы адамзат үчүн руханий жана маданий баалуулугун дүйнөлүк коомчулук расмий тааныганын билдирген.

Ош шаарына келген турист бир эле учурда үч доордун демин сезет десек аша чаппайбыз. Миңдеген жылдык тарыхты, бүгүнкү заманбап шаарды, кыргыз элинин улуттук маданиятын жана руханий дүйнөсүнүнүн айкалышын көрсө болот.

Жакында Ош шаарына Санкт-Петербургдан келген Виктор жана Алена аттуу жубайлар менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 60 жашты таяп калган жубайлардын айтымында, Кыргызстанга келүүдөгү негизги максаттары – Улуу Жибек жолунун тарыхын өз көзү менен көрүү болгон.

— Сулайман-Тоо биз күткөндөн алда канча өзгөчө экен. Бул жерде тарых дагы деле жашап жаткандай сезилет экен. Чокуга чыкканда байыркы кербендер ушул жолдор менен өткөнүн элестеттик. Кыргыз элинин көчмөн маданияты менен жакындан тааныштык. Биз үчүн тарыхка жасалган саякат болду, – дешет алар.

Бул пикирлер чет өлкөлүк туристтер Кыргызстанды эмне үчүн тандап жатканын даана көрсөтүп турат. Алар заманбап соода борборлорун эмес, миңдеген жылдык тарыхты көрүүгө келишет. Демек, өлкөнүн эң башкы туристтик капиталы – анын табигый кооздугу менен бирге тарыхый мурастары болуп саналат.

Бирок ушул жерде дагы бир маанилүү суроо жаралат. Эгер Кыргызстан ушундай уникалдуу тарыхый объектилерге ээ болсо, эмне үчүн туристтердин саны коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бир нече эсеге аз? Маселе тарыхыбызды дүйнөгө кантип тааныта албай жаткандыгыбызда болуп жүрбөсүн.

Парижди дүйнөгө Эйфель мунарасы, Лондонду Биг-Бен, Нью-Йоркту Эркиндик айкели, Дубайды Бурж-Халифа кандай деңгээлде таанытса, Кыргызстан үчүн ошондой символдордун бири – дал ушул Сулайман-Тоо болушу керек эле. Тилекке каршы, азырынча бул мүмкүнчүлүк толук пайдаланылбай жатат десек болот.

 

Тарыхый мурас – стратегиялык капитал

 

Сулайман-Тоонун баалуулугу анын миңдеген жылдык тарыхы же ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргени менен гана чектелбейт. Бул жер – археология, тарых, этнография, дин таануу жана жаратылыш илимдери бириккен өзгөчө илимий-маданий комплекс. Тоонун ар бир ташы, ар бир үңкүрү жана ар бир экспонаты Борбор Азиянын көп кылымдык тарыхын баяндап, чагылдырып турат.

Сулайман-Тоо Ош шаарынын так ортосунда жайгашып, Ак-Буура дарыясынын сол жээгин бойлой созулат. Узундугу үч чакырымга жакын, туурасы эки чакырымга чейин жетет. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 метр. Тоо беш чокудан турат. Анын аймагында байыркы үңкүрлөр, петроглифтер, орто кылымдагы диний эстеликтер жана архитектуралык мурастар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Бул тарыхый эстеликтер Кыргызстандын гана эмес, жалпы Борбор Азиянын маданий өнүгүү тарыхын изилдөөдө өзгөчө мааниге ээ десек жаңылышпас элек.

Комплекстин эң негизги бөлүгү – Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекси. ªзгөчөлүгү – музей тоонун ичиндеги табигый үңкүрдүн бооруна курулган. Борбор Азияда мындай архитектуралык чечим сейрек кездешет. Бул жагдай музейдин туристтик кызыгуусун дагы арттыра алат.

Музейдин фондунда бүгүнкү күндө кырк миңге жакын экспонат бар. Алардын арасында таш доорунан тартып бүгүнкү күнгө чейинки археологиялык табылгалар, байыркы тыйындар, кол жазмалар, көчмөн маданиятынын буюмдары, зергерчилик өнөрүнүн үлгүлөрү, курал-жарактар, тиричилик буюмдары жана жаратылыш тарыхына тиешелүү баалуу коллекциялар бар. Бул экспонаттар кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн тарыхын чагылдырган баалуу мурас болуп эсептелет.

Бирок музейдин иши экспонаттарды көргөзүү менен гана чектелбейт. Ар бир тарыхый буюм өзүнүн өзгөчө сактоо режимин талап кылат. Температура, нымдуулук, жарык берүү, химиялык иштетүү жана реставрация иштери эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү зарыл. Бул жагынан акыркы жылдары музейде бир катар заманбап шарттар түзүлүп, фонддор жаңыланып, экспонаттарды сактоо системасы жакшыртылган.

ªзгөчө көңүл бурарлык жаңылыктардын бири – санариптештирүү иштери. Жапониялык өнөктөштөрдүн колдоосу менен музейдеги көптөгөн экспонаттарга QR-коддор орнотулуп, кыргыз, орус жана англис тилдеринде маалымат берүү системасы ишке киргизилген. Эми келген турист каалаган экспонат тууралуу маалыматты телефону аркылуу окуп же угуп, тарых менен өз алдынча тааныша алат. Бул дүйнөнүн алдыңкы музейлеринде кеңири колдонулган заманбап ыкмалардын бири.

Ошол эле учурда музей кызматкерлеринин алдында олуттуу көйгөйлөр дагы жок эмес. Алардын бири – сейрек кездешүүчү жаныбарлардын катырылган үлгүлөрүн сактоо маселеси. Убакыт өткөн сайын мындай экспонаттар өзүнүн табигый сапатын жоготот. Аларды кайра калыбына келтирүү үчүн атайын адистер – таксидермисттер талап кылынат. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай адистер дээрлик жокко эсе.

Музейдин экспонаттарды сактоо бөлүмүнүн башчысы Фарида Асанованын айтымында, азыр көргөзмөнүн көркүн ачып турган айрым жаныбарлардын экспонаттары жакынкы он-он беш жылдын ичинде жараксыз абалга келип калышы мүмкүн. Бул маселени чечүү үчүн жаңы адистерди даярдоо же чет өлкөлүк адистер менен кызматташуу зарыл.

Париждеги Лувр, Лондондогу Британ музейи же Санкт-Петербургдагы Эрмитаж миллиондогон адамдарды өзүнө тартып жаткандыгы алардын экспонаттарынын көптүгүнөн гана эмес. Ал жерлерде ар бир экспонаттын тарыхы кызыктуу баяндалып, заманбап технологиялар аркылуу келген туристтке өзгөчө таасир калтыра алгандыгында.

Бул жагынан Сулайман-Тоо дагы чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Анын тарыхы, географиялык жайгашуусу жана археологиялык мурастары дүйнөлүк деңгээлдеги туристтик продукт түзүүгө толук негиз берет. Бирок бул мүмкүнчүлүк толук ишке ашышы үчүн музейдин ички мазмунун гана эмес, анын айланасындагы инфраструктураны да өнүктүрүү зарыл.

Учурда Сулайман-Тоо комплексинде кеңири реконструкциялоо иштери баштала турганын мекеменин жетекчиси Медербек Апарханов белгилейт. Долбоордун алкагында кирүү дарбазалары жаңыланып, жөө адамдар үчүн жолдор оңдолуп, эс алуу жайлары, маалымат берүү борборлору жана туристтер үчүн кошумча кызматтар түзүлөт. Мындан сырткары, үчүнчү кирүү жолу ачылып, келген туристтердин агымын жеңилдетүү каралган. Бул иштер Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык жүргүзүлөрү белгиленүүдө.

Албетте, мындай жаңылануулар кубандырбай койбойт. Бирок дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, туристти кооз жол же жаңы дарбаза менен гана кармап калуу мүмкүн эмес. Турист биринчи кезекте окуяны, тарыхты, сапаттуу маалыматты жана унутулгус таасирди издейт. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө мамлекеттер эстеликтерди эмес, ошол эстеликтердин тарыхын сатып жатышат.

Дал ушул жерде Кыргызстан дагы ойлонууга тийиш. Бизде дүйнөлүк деңгээлдеги тарых бар. Бирок ошол тарыхты дүйнөгө сунуштоо, аны заманбап форматта айтып берүү жана күчтүү туристтик брендге айландыруу маселеси али да жетиштүү деңгээлге чыга албй жатканын адистер белгилешет. Сулайман-Тоо өзүнүн тарыхый баалуулугу менен эмес, ошол баалуулукту дүйнөгө кандай тааныта алганы менен гана миллиондогон туристтерди тарта алат.

 

Тарыхтан келечекке

 

Сулайман-Тоо – кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, маданий мурасын жана миңдеген жылдык тарыхын дүйнөгө тааныта ала турган улуттук бренд. Анын баалуулугу таштарында же үңкүрлөрүндө гана эмес, адамзат цивилизациясынын өнүгүшүндөгү ордунда жатат.

Сулайман-Тоо буга чейин эле дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган мурас. Эми аны дүйнөлүк туристтик брендге айландыруу мезгили келди. Анткени туристтерди тарых өзү эмес, ошол тарыхтын кызыктуу баяны, сапаттуу кызматы жана кайталангыс таасири өзүнө тартат.

Эгер Сулайман-Тоо тууралуу заманбап даректүү тасмалар, көп тилдүү маалыматтык платформалар, эл аралык илимий форумдар жана маданий фестивалдар үзгүлтүксүз уюштурулуп турса, Ош шаары Улуу Жибек жолунун эң маанилүү туристтик борборлорунун бирине айланууга толук мүмкүнчүлүккө ээ деп батыл айтсак болот.

Тарых – ата-бабадан калган мурас. Ал эми ошол мурасты дүйнөгө таанытуу – бүгүнкү муундун жоопкерчилиги.

 

   Гүлмайрам Рахманбердиева,

“Кыргыз Туусу”