Министр Алтынбек  Рысбеков: «Быйыл 13-14 чакан ГЭС ишке берилет»

    Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана кыштан ийгиликтүү өтүү маселеси башкы күн тартибинде турат. Токтогул суу сактагычында суунун аздыгынан улам келип чыккан 4 миллиард кВт/саатан ашык тартыштыкты өлкө кандай жолдор менен жабат? Импорттук келишимдер, сууну үнөмдөө чаралары жана өлкөнүн көз карандысыздыгын камсыздай турган ири жана чакан ГЭСтердин курулушу тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен болгон маекти окурмандарга сунуштайбыз.

 

— Алтынбек Дурусбекович, энергетикалык кризиске каршы кандай чаралар көрүлүүдө? Электр энергиясынын импорту жана Токтогул суу сактагычындагы абал тууралуу айтып берсеңиз.

— Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы гидроэлектр станциялары жылына болжол менен 14,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүккө ээ. Ал эми керектөө көлөмү 18,5–19 миллиард киловатт-саатка чейин жетүүдө. Демек, азыркы тапта төрт миллиард киловатт-сааттан ашуун тартыштык бар. Ушуга байланыштуу алдыдагы кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн жетишпеген 4 миллиард 100 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштерди «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасы жүргүзүп жатат. Тиешелүү келишимдерге кол коюлуп, импорттук электр энергиясын өз убагында жеткирүү боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып келебиз. Биз үчүн эң башкы милдет – Токтогул суу сактагычында кышка чейин жетиштүү көлөмдө суу топтоо. Себеби кыш мезгилиндеги электр энергиясынын негизги көлөмү ушул суу сактагычтагы суунун эсебинен өндүрүлөт. Быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу суунун көлөмү азыраак. Ошого карабастан сууну үнөмдөө, керектөө режимин сактоо жана керектүү көлөмдү топтоо боюнча атайын программалар иштелип чыгып, тиешелүү тапшырмалар берилген. Электр энергиясынын тартыштыгын импорттун эсебинен жабуу менен бирге режимди сактоо, лимиттерди көзөмөлдөө жана суунун көлөмүн көбөйтүү боюнча министрлик жана Министрлер Кабинети тарабынан комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатат.

— ªлкөдө «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү боюнча кандай иштер аткарылууда?

— Акыркы эки жылда жашыл энергетика тармагында олуттуу жылыштар болду.ªзгөчө күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча мамлекеттик деңгээлде чоң иштер жүргүзүлдү. Инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүктөн бүгүнкү күндө 13 инвестициялык келишимге кол коюлган. Алардын айрымдары толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилди. Мисалы, Кемин районунда кубаттуулугу 80 мегаватт болгон «Жантай» күн электр станциясы ийгиликтүү иштеп жатат. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда «Рокс» компаниясы курган 175 мегаватттык күн электр станциясы толугу менен ишке киргизилди. Жыл соңуна чейин дагы бир катар долбоорлор пайдаланууга берилет. Алардын бири – россиялык «Бишкек Солар» компаниясынын долбоору. Графикке ылайык, анын биринчи этабы 31-августка чейин ишке кирип, 100 мегаватт кубаттуулук бере баштайт.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда кытайлык компания дагы быйыл 100 мегаватттан ашык кубаттуулукту пайдаланууга берүүнү пландап жатат. Бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп жатат.

— Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштерге токтолсоңуз…

— Бул багытта дагы жакшы жыйынтыктар бар. Азыр чакан ГЭСтер мамлекеттик инвестициялардын эсебинен да, жеке инвесторлор тарабынан да курулуп жатат. Албетте, алардын ар биринин кубаттуулугу чоң эмес. Бирок «тамчыдан көл куралат» дегендей, алардын жалпы энергетикалык системага кошкон салымы абдан маанилүү. Чакан ГЭСтерди курууга мамлекет тарабынан жакшы шарттар түзүлгөн. Натыйжада алардын саны да, жалпы кубаттуулугу да өсүүдө. Быйыл жыл аягына чейин дагы 13–14 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда. Алардын айрымдары мамлекеттик деңгээлде ишке ашырылып жаткан 100 стратегиялык объекттин катарына кирет. Чакан гидроэлектр станцияларын куруу жана электр энергиясын өндүрүү боюнча өлкөдө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, бул багыттагы иштер активдүү уланууда.

— Соңку жылдары өлкөнүн энергетикалык потенциалын арттыруу максатында жаңы гидроэлектростанцияларды ишке киргизүү жана чакан ГЭСтерди куруу багытында кандай реалдуу натыйжалар болду?

— Акыркы жылдары жаңы ири гидроэлектростанциялар курулуп, пайдаланууга берилген жок. Бирок бул аралыкта иштеп жаткан ГЭСтерди модернизациялоо жана реконструкциялоо аркылуу алардын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Мисалы, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагында төрт гидроагрегат толугу менен жаңыланды. Натыйжада ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйүп, жалпы кошумча 240 мегаватт электр өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мурда станциянын кубаттуулугу 1200 мегаватт болсо, азыр ал 1440 мегаваттка жетти. Учурда үч-Коргон ГЭСинде дагы эки гидроагрегатты реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Алар график боюнча ушул жылдын октябрь айында аяктайт. Бул долбоор дагы өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтет.

— Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын түп тамырынан бекемдей турган ири ГЭСтерди куруу жана ири масштабдуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алдыда кандай пландар бар?

— Биздин алдыбызда стратегиялык мааниге ээ ири долбоорлор турат. Алардын эң башкысы – Камбар-Ата-1 ГЭСи. Бул долбоор боюнча даярдык иштери активдүү жүрүүдө. Мамлекеттик республикалык бюджеттен даярдык иштерине 4 миллиард сом бөлүнгөн. Учурда тоннелдер курулуп, жаңы жолдор салынып, ири көпүрөлөр курулууда. Булардын баары кийин негизги курулуш башталганда оор техникаларды жана жабдууларды тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн алдын ала түзүлүп жаткан инфраструктура.

Бул даярдык иштерин июль–август айларында толугу менен бүтүрүү пландалууда. Ошол эле учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси кайрадан такталып чыкты. Азыр үч мамлекеттин ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдерди даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул эл аралык долбоор болгондуктан бардык процедуралар белгиленген тартипте жүрүп жатат.

— Камбар-Ата-1 ГЭСи толук ишке киргенден кийин өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна кандай таасир этет?

— Камбар-Ата-1 ГЭСи толук кубаттуулукта иштей баштаса, Кыргызстан өзүнүн ички керектөөсүн толук камсыздап гана тим болбостон, электр энергиясын экспорттоого да кеңири мүмкүнчүлүк алат. Бул долбоор өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан анын ишке ашырылышын мамлекет башчысы жеке көзөмөлүнө алган. Биз үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСи кыргыз энергетикасынын жаңы доорун баштай турган жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу түрткү бере турган тарыхый долбоор.

— Кыргызстан гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн аз гана бөлүгүн пайдаланып жатканы айтылып келет. Бул потенциалды толук ишке ашыруу үчүн кандай долбоорлор каралууда?

— Чынында бүгүнкү күндө өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын болжол менен 16 пайызы гана пайдаланылып жатат. Калган мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүү боюнча мурда эле иштелип чыккан бир катар ири долбоорлор бар. Алар негизинен Нарын дарыясындагы гидроэлектр станциялар каскадын курууга багытталган. Ал долбоорлордун эң ириси –Камбар-Ата-1.

Мындан тышкары, жакында эле Президенттин катышуусунда Казарман аймагындагы жаңы гидроэнергетикалык долбоорлордун пайдубалына капсула салынды. Бул жерде жалпы кубаттуулугу 912 мегаватт болгон үч ири ГЭС – Ала-Буга, Кара-Булуң-1 жана Кара-Булуң-2 курулат. Ошондой эле Көкө-Мерен гидроэнергетикалык долбоору боюнча да инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер Камбар-Ата-1, Казарман каскады жана Көкө-Мерен долбоорлору толугу менен ишке ашса, бул Кыргызстандын энергетика тармагындагы эң ири жетишкендиктердин бири болуп калат. Бул долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдеп гана тим болбостон, Кыргызстанды аймактагы электр энергиясын экспорттоочу маанилүү мамлекеттердин бирине айлантууга чоң өбөлгө түзөт.

— Кыргызстанда жашыл энергетиканы жолго коюу жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү багытындагы учурдагы аракеттерге кандай баа бересиз?

— Бүгүнкү күндө кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү биздин эң артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири болуп саналат. Бул электр энергиясынын тартыштыгын салыштырмалуу кыска мөөнөттө жоюуга мүмкүнчүлүк берет. Анткени күн жана шамал электр станцияларын куруу орточо эсеп менен бир жарым-эки жылдын ичинде бүткөрүлөт. Бул багыт мамлекет башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Президент тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилип, күн жана шамал энергетикасы боюнча долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу милдети коюлган. Учурда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча 13 инвестициялык келишимге кол коюлган. Алардын бир бөлүгү ишке кирип, электр энергиясын өндүрө баштады.

Мисалы, Кемин районундагы кубаттуулугу 80 мегаватт болгон күн электр станциясы бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатат. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда «Рокс» станциясынын биринчи этабы пайдаланууга берилди. Азырынча 75 мегаватт кубаттуулук иштеп жатат. Долбоор толугу менен аяктаганда анын жалпы кубаттуулугу 1900 мегаваттка жетет. Мындан сырткары, россиялык «Бишкек Солар» компаниясы дагы курулуш иштерин соңуна чыгарып калды. Планга ылайык, ушул жылдын 31-августуна чейин кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи этабы ишке берилет.

— Электр энергиясынын тарифинин көтөрүлүшү боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер бар. Тарифти көтөрүүнүн негизги себебин айтып берсеңиз…

— Тариф маселеси ар дайым коомдун көңүл борборунда болот. Биз муну жакшы түшүнөбүз. Бирок электр энергиясын өндүрүү эле эмес, аны акыркы керектөөчүгө чейин жеткирүү дагы чоң чыгымдарды талап кылат. Ушуну эске алуу менен өткөн жылы 2030-жылга чейинки орто мөөнөттүү тарифтик саясат кабыл алынган. Ага чейин жарым жылга жакын талкуулар өткөрүлүп, Министрлер Кабинети, мамлекет башчысы жана коомчулук менен кеңири макулдашуулар жүргүзүлгөн.

Көпчүлүк «Бизде суу көп болсо, эмне үчүн электр энергиясы кымбат?» деген суроону беришет.Чындыгында электр энергиясынын баасы суунун көлөмүнө гана байланыштуу эмес. Электр энергиясын өндүрүүдөн тартып, аны элге жеткирүүгө чейинки бардык чыгымдар анын өздүк наркын түзөт.

Эки-үч жыл мурда энергетикалык жабдуулардын дээрлик 80 пайызы эскирип калган болчу. Тарифтик саясат өзгөргөндөн кийин эски жабдууларды жаңыртуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Азыр алардын эскирүү деңгээли 65–70 пайызга чейин төмөндөдү.Тарифтен түшкөн каражаттар толугу менен энергетикалык инфраструктураны жаңылоого, реконструкцияга, капиталдык курулуштарга жана жаңы энергетикалык объектилерди курууга багытталууда. Эгер мындай каржылоо болбосо, энергетикалык система мурдагыдай эле эскирип, келечекте аны калыбына келтирүү өтө оор болуп калмак.

— Эл арасында алынган насыялардын сарпталышы боюнча дагы суроолор жаралууда…

— Ооба, мындай суроолор көп берилет. Биз чындап эле эл аралык каржы институттарынан насыяларды тартабыз. Бирок алардын ар бири белгилүү бир долбоорлорго гана жумшалат. Ар бир сомдун, ар бир тыйындын кандай максатка пайдаланылганы мамлекеттик органдар жана тиешелүү компаниялар тарабынан катуу көзөмөлдөнөт. Биздин негизги максат –энергетикалык системаны жаңылоо, өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын ишенимдүү камсыз кылуу жана келечекте энергетикалык коопсуздукту толук бекемдөө.

Вера Беделбек кызы, “Кыргыз Туусу”