Керемет Келсинбек: «Америкага кеткен кыргыздардын тагдыры – үмүт, эмгек жана келечек үчүн күрөш»

АКШдагы кыргыз мигранттары боюнча докторлук изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу

Изилдөөчү Керемет Келсинбектин докторлук диссертациясы АКШнын миграциялык саясатынын кыргыз мигранттарынын социалдык-экономикалык абалына жана алардын Америкада калуу же мекенине кайтып келүү чечимдерине тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Изилдөөдө Америкадагы кыргыздардын жашоо шарты, алгачкы жылдардагы адаптациясы, кыйынчылыктары, жетишкендиктери жана диаспоранын өнүгүүсү тууралуу кеңири талданган.

Ушул багыттагы илимий изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу автор менен маектештик.

 

  • Изилдөөңүздүн негизги жыйынтыгы эмне болду?
  • Эң негизги жыйынтык — миграцияны бир гана экономикалык көрүнүш катары кароого болбойт. Анын багыты өтө кеңири, бутагы кенен жайылган. Эки тараптуу социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана кыйынчылыктар!

Албетте, экономикалык фактор биринчи орунда турат. Бирок адамдар Америкага жалаң акча үчүн кетишпейт. Алар балдарынын келечеги үчүн, сапаттуу билим алуу үчүн, адам укуктарынын сакталышына мыйзам үстөмдүк кылган коомдо жашоо үчүн жана туруктуу келечек түзүү максатында дагы көчүп кетишет.

Изилдөөгө катышкан көптөгөн мигранттар үчүн Америка жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү гана эмес, балдарынын тагдырын өзгөртө турган мүмкүнчүлүк катары кабыл алынары белгилүү болду. Алардын дээрлик көпчүлүгү белгилүү бир убакыттарда кайрадан өз мекендерине келип, карылыкты өз жергесинде өткөзөөрүн айтышты. Бөтөн элде султан болгуча өз элиңде ултан бол деген сөздөрдү дагы айтышты.

  • Америка кыргызстандыктарды эмне үчүн ушунчалык өзүнө тартып жатат?
  • Америка дүйнөдөгү эң ири экономикалардын бири экендигин тана албайбыз. Ал жакта эмгек рыногу кеңири, ар кандай адистер үчүн мүмкүнчүлүктөр көп. Кыргызстандык айдоочулар, курулушчулар, тейлөө тармагындагы кызматкерлер, ишкерлер жана башка кесип ээлери ал жакта өз мекенине салыштырмалуу бир нече эсе көп киреше таба алышат. Сурамжылоого катышкан айрым жердештерибиз бир нече жыл ичинде Кыргызстанда ондогон жылдар бою топтой албаган каражатты чогултууга жетишкендиктерин дагы белгилешкен.

Бирок эң маанилүү фактор — келечекке болгон ишеним. Көпчүлүк респонденттер Америкада адам эмгек кылса, анын жыйынтыгын көрө алат деген түшүнүк күчтүү экенин айтышты.

  • Америкага кетүүнүн негизги себептери кайсылар?
  • Биринчи себеп — экономикалык мүмкүнчүлүктөр, жогоруда айтып өткөндөй, бир эле кызмат көрсөтүү үчүн, Америкада алган эмгек акынын бир нече эсе өп экендигин белгилешкен.

Экинчи себеп — сапаттуу билим алуу. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын дүйнөлүк деңгээлдеги билим алышын каалашат жана жакшы мектептерде, окуу жайларда окутууга аракет кылышат.

Үчүнчү себеп — коопсуздук жана туруктуулук. Изилдөөгө катышкандар адам укуктарынын бийик сакталышын, мыйзамдардын иштешин, мамлекеттик институттардын туруктуулугу жана социалдык кепилдиктер чоң роль ойной турганын белгилешти.

Кызыгы, Америкага көчүп кетүү чечими көп учурда бир адамдын эмес, бүтүндөй үй-бүлөнүн чечими болуп чыгат. Бирок, көпчүлүк үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирин көрбөй көп жылдар бою эки башка мамлекетте жашап жаткандыктарын дагы баса белгилеп өтүштү.

  • Сиздин диссертацияңызда АКШнын миграциялык саясаты дагы талданган экен. Дональд Трамп менен Жо Байдендин саясаттарынын айырмасы кандай болду?
  • Ооба, кыскача айтканда бул эки администрациянын миграция айдыңындагы айрымачылыгы абдан эле чоң, ал тууралуу изилдөөмдө кеңири камтылган. Трамптын администрациясы миграция саясатын көбүрөөк көңүл буруп, ага тиешелүү Федералдык мыйзамдарды жаңылатууга аракет кылган. Чек ара көзөмөлү күчөтүлүп, айрым иммиграциялык процедуралар татаалдашкан.

Ал эми Жо. Байден бийликке келгенден кийин мыйзамдуу миграция каналдарын кеңейтүүгө ар таарптуу аракеттер көрүлдү. Айрым гуманитардык программалар кайра жандандырылды. Беттеп келген мигранттардын чек арадан мамлекетке кирүү маселеси жеңил болгондугун сурамжылоодон байкай алдым.

Бирок миграция маселеси бүгүн дагы Америкадагы эң талаштуу саясий темалардын бири бойдон калууда. Изилдөөдөгү сурамжылоого катышкан мигранттар мындай саясаттагы өзгөрүүлөр алардын келечек пландарына түздөн-түз таасир этерин белгилешкен.

  • Америкага барган кыргызстандыктар кандай кыйынчылыктарга туш болушат?
  • Башка малекетке барып жашоонун өзү бир топ кыйынчылыктары жарат эмеспи, алсак, психологиялык жактан баштап, социалдык, юридикалык, финансылык жана башка көйгөйлөр алгачкы 2-3 жылдар аралыгында дээрлик баардыгына эле тиешелүү болот экен. Бөтөн эле андай этаптарды басып өтүү оңой эмес.

Мисалы, улуу муундардын көпчүлүгү эң чоң көйгөй  катары — тил маселесин атап өтүшкөн. Албетте, англис тилин жакшы билбеген адамга жумуш табуу да, кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу да, жана коомго аралашуу да кыйыныраак болот эмеспи.

Экинчи көйгөй — дипломдорду жана квалификацияны таанытуу маселеси. Кыргызстанда билимдүү дарыгер, инженер, мугалим же мамлекеттик кызматкер болуп иштеген адамдар Америкага келгенде кайра окууга же лицензия алууга аргасыз болушат.

Үчүнчү көйгөй — жашоонун кымбаттыгы. Айрыкча мен изилдөө жүргүзгөн Нью-Йорк, Чикаго, Филадельфия жана Майами жана башка ири шаарларда батир ижарасы мигранттардын кирешесинин чоң бөлүгүн алып кетэри белгилүү болду.

  • Изилдөө учурунда сизди эң көп таң калтырган нерсе эмне болду?
  • Мени эң көп таң калтырганы — көпчүлүк жогорку билимдүү мигрант кыргызстандыктардын өз адистиги боюнча иштей албай жатканы болду.

Айрымдары Кыргызстанда жетекчилик кызматтарды аркалап жүрүшкөн, бирок, Америкага келгенден кийин эң жөнөкөй жумуштардан баштоого туура келген. Ошол эле учурда алардын көбү бул чечимине өкүнбөй турганын айтышты. Себеби алар бул кадамды балдарынын келечеги үчүн жасаганын жана жашоого ыңгайлуу шарттар аларды канааттандыраарлыгын белгилешти.

  • Америкадагы кыргыз диаспорасынын ролуна кандай баа бересиз?
  • Диаспоранын ролу абдан чоң.

Нью-Йорк, Чикаго, Филадельфия жана башка шаарларда кыргыз коомчулугунун ынтымактары жылдан-жылга күчөп, өзүбүздүн маданиятыбызды жана каада-салтыбызды өнүктүрүп, улуттук баалуулуктарды сактоого дагы чоң салым кошуп жаткандыгын ачык байкоого болот. Андан тышкары, жаңы келген мекендештерге жардам берүү, маалымат бөлүшүү, жумуш табууга көмөктөшүү сыяктуу иштерди активдүү жүргүзүшүп келишет. Ошондой эле, жаш муундарга, мектеп окуучуларына арналган кыргыз тил мектеби жана башка кружоктордун уюштурулуп жаткандыгы көңүлгө арзыйт.

  • Америкада төрөлүп же ошол жакта чоңойгон кыргыз балдары тууралуу эмне айта аласыз?
  • Бул бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири.

Бир жагынан алар америкалык коомдун толук кандуу мүчөлөрү болуп өсүп жатышат, төрөлгөндөн тартып Американын жарандыгын алып, бала бакчадан, мектептен жана башка коомдук жайлардан жергиликтүү элдин тилин, маданиятын толугу менен кабыл алышууда. Экинчи жагынан көпчүлүк ата-энелер өз балдарын кыргыз тилин, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана  кагазга жазылбаган кыргызга гана таандык баалуулуктарды сактап калууга аракет кылышат.

Өзгөчө кийинки жылдары, кыргыз коомчулугу тарабынан мамлекетибиздин эгемендүүлүк күнү, Нооруз майрамдары, спорттук мелдештер, маданий фестивалдар, улуттук жолугушуулар байма-бай уюштурулуп келет. Мындай жакшы жышаандар өсүп келе жаткан жаш муундардын өз тамырын жана улутун, анын каада салттарын улантып кетүүлөрүнө өбөлгө түзөт деген үмутүбүз чоң.

  • Америкадагы кыргыз мигранттарынын арасында ийгиликтүү адамдар көппү?
  • Албетте, кыргыз мигранттары өзгөчө таланттуу, аракетчил келишет. Бүгүнкү күндө Америкада өз бизнесин түзгөн, медицина тармагында иштеген, IT секторунда ийгиликтерге жетишкен жана билим берүү системасында эмгектенген кыргызстандыктар өтө көп. Алардын жетишкендиктерин, ийгиликтерин көрүп көз кубанат. Айрымдары ондогон, жүздөгөн  адамдарды жумуш менен камсыз кылып жатышат. Мыкты бизнестин ээлери чоң иш-чараларга демөөрчү болушуп, Кыргызстандагы билим берүү жана бир нече кайрымдуулук долбоорлоруна дагы жардам көрсөтүшүп келишет.

Бул кыргыз мигранттарынын мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана алган учурда чоң ийгиликтерге жетише аларын көрсөтөт.

  • Тышкы миграция Кыргызстан үчүн пайда алып келеби же зыянбы?
  • Бул суроого бир жактуу жооп берүү мүмкүн эмес.

Пайдасы — мигранттар өз өлкөсүндөгү үй-бүлөсүн жана жакындарын жөнөткөн каражат менен миңдеген үй-бүлөлөрдүн жашоосун жакшыртат. Ошондой эле алар жаңы билим, жаңы тажрыйба жана жаңы дүйнө тааным алып келишет.

Бирок терс жагы дагы бар. Өлкө билимдүү жана активдүү кадрларын жоготуп жатат. Бул узак мөөнөттүү келечекте олуттуу маселе болушу мүмкүн.

Ошондуктан мамлекет миграцияны токтотууга эмес, адамдарды кетүүгө мажбур кылган себептерди азайтууга көңүл бурушу керек.

  • Мамлекет кандай чараларды көрүшү керек деп ойлойсуз?
  • Албетте, дүйнөлүк тажрыйба боюнча эң биринчи кезекте жаштар үчүн татыктуу жумуш орундарын түзүү жана ар тараптуу социалдык колдоо программаларын киргизүү керек.

Экинчиден, билим берүү системасын заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү зарыл. Азыркы учурда дүйнө болуп көрбөгөндөй жаңыланып, улам башка өңүттүү жаңылыктар пайда болуп, кубалап жетише албаган заманда жашап жатабыз.

Үчүнчүдөн, чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышты күчөтүү керек. Диаспора өлкө үчүн чоң интеллектуалдык жана экономикалык ресурс болуп саналат. Баамымда Кыргызстандын Америкадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ар дайым биздин коомчулук, диаспора менен тыкыс байланышып турат, атайын жолугушууларды уюштуруп, мекендештерибиз көйгөйлөрүн чечип беришет.

Менин бааамымда, азыркы биздин Президентибиз Садыр Жапаровдун ушул багыттарга да өтө көп көңүл буруп жаткандыгын байкоого болот. Келечекте бийликтин мындай кадамдары чоң жыйынтыкка алып келээри бизди үмүттөндүрөт.

  • Акыркы суроо. Диссертацияңыздын негизги корутундусун бир сүйлөм менен айтсаңыз?
  • Америкадагы кыргыз мигранттарынын тарыхы — бул үмүттүн, эмгектин жана жакшы келечек үчүн күрөштүн тарыхы. Миграция жөн гана статистика эмес, анын артында миңдеген адамдардын тагдыры, кыялы, келечеги жана жоопкерчилиги турат. Кыргызстандыктардын Америкага болгон кыялдары келээрки 20-30 жылдарда токтобойт деп ойлойм.

Маектешкен Болотбек Таштаналиев