Борборубуз Бишкектин эки чоң баш оорусу бар. Бири — тыгындар болсо, экинчиси — парктардын тагдыры.
«Парк» деген сөздүн түпкү теги латын тилиндеги parricus — «тосулган жер» деген түшүнүктөн келип чыккан. Шаар куруу илиминде ал — эс алуу жана сейилдөө үчүн атайын жасалган, табигый же колго тигилген өсүмдүктөрү, аллеялары, суу сактагычтары бар жана ландшафттык дизайны жердин рельефине ылайыкташтырылган ачык, жашыл аймак.
Парк куруу өнөрүнүн тарыхы терең. Бул искусство алгач Кытайда (Сучжоу) жаралып, кийинчерээк барокко доорунда Францияга тараган (регулярдуу парк). XVIII кылымда романтизм багытынын таасири менен табигый сулуулукту даңазалаган пейзаждык парктар пайда болсо, жалпы элге ачык шаардык парктар Европада XIX кылымдын башында гана түзүлө баштаган. Мунун алгачкы үлгүлөрүнүн бири — Мюнхендеги атактуу Англия паркы. Жөнөкөй мисал келтирсек, Франциянын Версаль паркы — геометриялык тактыкка негизделген регулярдуу стилдин, ал эми Глазгодогу Кельвингроув паркы — табигый пейзаждык стилдин шедеврлери. Дүйнөдө парктардын ботаникалык, дендрологиялык, зоологиялык, улуттук жана ландшафттык сыяктуу ондогон түрлөрү бар.
Бүгүн парктар жөн гана бак-дарактардын жыйындысы эмес, урбанистиканын (шаар куруу өнөрүнүн) ажырагыс бөлүгү. Кандайдыр бир шаар же айылдын паркына карап, ал жердеги элдин маданиятын, жашоо деңгээлин жана бийликтин өз жарандарына болгон мамилесин так айтууга болот.
Мыйзам менен жашоонун ортосундагы ажырым
Кыргызстанда шаар куруу эрежелерине ылайык, калк жашаган аймактарда жашыл зоналардын стандарттары так каралган. Арийне, бизде сөз менен иш, мыйзам менен жашоо эки ача кеткен учурлар кадимки көрүнүшкө айланган эмеспи.
Акыркы 30-35 жылдын ичинде Бишкек бийлиги парадоксалдуу саясат жүргүздү: бир колу менен ээн, какыраган жерлерди паркка айлантууга аракет кылып, экинчи колу менен даяр, жапжашыл парктардын аймагын элиталык үйлөрдү, же бизнес обьектилерин куруу үчүн сотыхтап бөлүп, ар кимге таратып жатты. Муну парадокс дебесең, башка сөз таппайсың. Алыс кетпей, бир нече ачуу мисал келтирели.
Ататүрк паркы: мыйзамсыздыктын кайталангыс үлгүсү же ээнбаш «элита»
Биринчиси — баягы эле айтылуу Ататүрк атындагы парк. Бул парктын аймагын мыйзамсыз басып алуунун алгачкы «чыйыры» анын чыгыш четине мечит курууга уруксат берүү менен башталган. Көп өтпөй, ошол кездеги өлкө жетекчилигинин ишараты жана унчукпаган макулдугу менен «мамлекетке өзгөчө эмгек сиңиргендердин» узун тизмеси түзүлүп, парктын ичинен 8 сотыхтан жер тилкелери бөлүнө баштаган.
Ал тизмедеги «эмгек сиңиргендер» кимдер эле? Алардын көбү ошол кездеги депутаттар, жогорку рангдагы чиновниктер жана «Ак үй», «Көк үйдүн» босогосун аттагандардын аталары, кайнаталары, жакындары болгону эч кимге жашырын эмес. Натыйжада, шаар куруу нормалары бузулуп, экологияга орду толгус сокку урулду.
Бүгүн ал жердеги хансарайларда алгачкы кожоюндардын көбү жашабайт, алды бешинчи-алтынчы, арты үчүнчү же төртүнчү кожоюндары жашайт, а парктын аймагын басып алууга салым кошкондордун айрымдары бул дүйнөдөн өтүп да кетти. Бирок алардын артында калтырган мыйзамсыз курулуштары шаардын денесиндеги айыкпас так — операциядан кийинки сокур ичегинин тырыгы сыяктуу кала берди. Сөз арасында айта кетсек, акыркы жылдары бул мыйзамсыз берилген жерлерди мамлекетке кайтаруу жана парктын чек арасын калыбына келтирүү боюнча чоң аракеттер башталып, коомдо кызуу талкуу жараткан. Ал өзүнчө узак сөз.
“Кара жыгач токою»: Дренаж системасынын кыйрашы
Ататүрк паркынан башталган бул жаман жосун андан ары жайылып, шаардын түндүгүндөгү тарыхый «Кара жыгач токоюна» (Карагачёвая роща) жетти. Пишпектин алгачкы багбаны Алексей Фетисов негиздеген бул уникалдуу токой-парктын жарымынан көбү турак жай салуу үчүн кесилип кетти. Бул жерде шаар куруу эрежелери гана эмес, Чоң Чүй Каналынын (БЧК) ылдый жагындагы эң маанилүү дренаждык-сугат системасы талкаланды. Аталган система шаардын түндүк-чыгышындагы жер астындагы суулардын деңгээлин жөнгө салып турчу. Натыйжада, бүгүн ал жердеги суулар өйдө көтөрүлүп, мыйзамсыз салынган үйлөрдүн өзүнө коркунуч жаратууда. Эң өкүнүчтүүсү — ал дренаждык системаны мурдагы абалына келтирүү азыр таптакыр мүмкүн эмес.
Батыш автовокзалы жана Аламүдүн суусунун бою
Дагы бир жашыл аймак — Батыш автовокзалынын чыгыш тарабындагы, Ала-Арча көрүстөнүнүн бет маңдайындагы сквер болчу. Бул жердеги мыйзамсыздык да оболу мечиттин курулушуна жарым гектарга жакын жерди ажыратып берүүдөн башталган. Мечит түштү, артынан ашкана пайда болду, андан ылдыйыраак мейманкана бой көтөрдү. Ошентип, шаардыктар дагы бир жашыл аймактан айрылышты.
Ушундай эле тагдыр Аламүдүн суусунун жээгиндеги, Ахунбаев көчөсү менен кесилишкен жердеги чакан сейил бакты да айланып өткөн жок. Бүгүн ал жер жаратылыш кучагы эмес, ар кандай кафе-ресторандардын, бассейн жана башка жеке бизнес объекттеринин уюгуна айланды.
Жаңы парктар жана эски адаттар: Парадокстун уландысы
Ырас, акыркы жылдары борборубузда «Ынтымак», «Ынтымак-2», «Адинай» өңдүү заманбап парктар пайда болду. Убакыт өтүп, бак-дарактары бой көтөрсө, булар да шаардыктар сүйүп эс алган келишкен жашыл аймактарга айланарында талаш жок.
Бирок бизди таң калтырганы баягы эле түшүнүксүз логика: шаар бийлигинин бир колу менен даяр токой-парктарды талкалап, экинчи колу менен нөлдөн баштап кайра бак тигип жатканы. Бул парадокс эмей эмне?
Миллиондогон каражаттарды коротуп, жаңы сейил бактарды куруудан мурун, колдо бар байлыкты — Ататүрк менен Кара жыгач токоюн сактап калсак канчалык акылга сыярлык жана үнөмдүү болмок?
Бирок маселе жалгыз эле бийликте же курулуш компанияларында эмес. Көйгөйдүн экинчи тарабы — өзүбүздүн шаардык маданиятыбызда, тагыраагы, антисанитария менен коштолгон кайдыгерлигибизде жатат.
Таңкы көрүнүш: Парктар ким үчүн — адамдар үчүнбү же иттер үчүнбү?
Күн сайын таң эрте Панфилов атындагы борбордук парктын жанындагы тротуар менен жумушка келем. Таңкы таза абада дем алып, жумушка жакшы маанай менен бараткан жолдо дайыма бир эле көрүнүшкө туш болосуң. Парктын ичинде төрт аяктуу досторун, тагыраагы иттерин жетелеп, жашыл майсаңга (газонго) оонаттырып жүргөн шаардыктар.
Бизди өкүндүргөнү, атүгүл жүрөктү айлантканы — назик жашыл майсаңдын үстүнө, бак-дарактын түбүнө очоюп отура калып, заңдап жатканын көрүп зээниң кейийт. Ит деген ит. Анын маданияты жок. Эң өкүнүчтүүсү, иттин ээлери бул көрүнүштү кадимкидей кабыл алып, эч нерсе болбогондой маашуур отурушат.
Ал эми күндүз ушул эле паркта, дал ушул жашыл майсаңдын үстүндө наристелер чуркап, ойноп, оонап жүрүшөт. Бала деген бала, колун жерге тийгизет, жыгылат, чөптү кармайт. Таңкы жана күндүзгү бул карама-каршы көрүнүштү көрүп туруп, ичиңден кыйкыргың келет! Бардык ата-энелерге барып: «Балдарыңарды бул жерге ойнотпогула, эртең менен бул жерде иттер заңдаган!» — деп айткың келет, бирок кимге айтасың? Ким сени угат?
Шаардык кеңешке сунуш
Бул жөн гана эстетикалык маселе эмес, бул — таза антисанитария. Үй жаныбарларынан адамдарга, өзгөчө жаш балдарга ар кандай коркунучтуу инфекциялар, курттар (паразиттер) жана оорулар жукпасына эч ким кепилдик бере албайт. Ким үйүндө ит багат, мышык багат — өз эрки, бирок үй жаныбарларын коомдук эс алуу жайларында, эл сейилдеген парктарда заңдатууга эч кимдин укугу жок.
Мына ушундан улам, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына олуттуу сунуш менен кайрылуу убактысы жетти. Бизде коомдук жайларда тамеки тартууга мыйзам түрүндө тыюу салынбадыбы? Элдин ден соолугу үчүн бул чечим абдан туура болгон. Анда эмне үчүн үй жаныбарларын адамдар эс алган борбордук парктарда, гүлбакчаларда сейилдетүүгө тыюу салган атайын эреже кабыл алууга болбосун?!
Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө ит сейилдетүү үчүн атайын бөлүнгөн обочолонгон аянтчалар болот, ал эми жалпы паркка кирсе, ар бир заңды атайын пакетке салып тазалоого милдеттүү, ал үчүн ири айып пулдар каралган. Бизде да коомдук жайларды антисанитариядан коргогон, тартипти орноткон катуу эрежелер кабыл алынмайынча, парктарыбыз таза эс алуу жайы эмес, оорунун уюгу бойдон кала берери ачуу чындык.
Парктар — шаардын өпкөсү. Эгер биз өпкөбүздү туш келди курулуштар менен «бөгөй» берсек, эртеңки муун таза абадан гана эмес, жашыл шаар деген сыймыктан да ажырап калары бышык.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

