Уңгужол жана дене тарбия, спорт

Адамзат алмустактан бери эле күч менен акыл-эстин, жан менен дененин, ой менен кыймылдын ортосундагы байланышты түшүнүүгө жана түшүндүрүүгө болгон аракетин жумшап келе жатат. Анткени адам толук бүтүндүктөн турганы менен, анын саналуу мүчөсү жана бөлүгү бар экендиги баарыбызга эле белгилүү. Эгер биз ушул ойду улап, же философиялык жактан карасак, адамдын табияты үч негизги бөлүктөн: денеден, жандан жана акыл-эстен турат. Бул жерде үчөө бири-бири менен абдан тыгыз байланышта, бирок ар бири өзүнүн мыйзамы, эрежеси менен жашайт. Мисалга алсак, кээ бир адамдын денеси кыймылдай албай калган, бирок анын акыл-эси күчтүү, жашоого умтулат, үмүтүн өчүрбөйт, келечекке ишенимдүү карайт. Же тескерисинче, денеси күчтүү, ден соолугу чың, мүмкүнчүлүгү кенен, бирок деми сууп, сынып, өзүн-өзү таштап койгон. Демек, дене канчалык күчтүү болбосун жашоого тиешелүү дем бере албайт, кайсыл бир деңгээлде алсыздык кылат. Эми башка жагынан карап көрөлүчү, ошол денени күчтүү жана чың кылган адамдын деми, эрки жана акыл-эси эмес беле? Ушинтип ойлор тегеренип айлана берет, суроолор көп, жооптор ынандыра албоочудай…

 

Дене – материалдык түзүлүш болгондуктан ал көзгө көрүнөт, колго кармалат, узун-турасы, салмагы өлчөнөт. Акыл-эс көзгө көрүнбөйт, бирок анын чечими, жыйынтыгы сөз, илим жана чыгармачылык, конкреттүү иштер аркылуу көрүнүп, материалдык нерселерге айланып турат. Ал эми жан же дем – адамдын ички өзөгү. Аны эч ким көргөн эмес, анын дененин кайсы жеринде экенин да так айтуу мүмкүн эмес. Бирок анын бар экендигин адамдын кыймылынан, жашоого умтулуусунан, кубанычынан, кайгысынан, сүйүүсүнөн жана коркуусунан аңдоого болот. Кесе айтканда, тирүү жүргөнүнөн эле билинет.

 

Жан – дене менен акылды бириктирип, аларга жашоо багытын, жолун көрсөтүп турган ички өзөк. Ошондой болсо да жанды акыл көп учурда эле уга бербейт өңдөнөт, анткени акыл өзүнүн тажрыйбасына таянат же тобокелдикке салат. Иштин жыйынтыгы жакшы чыгып калса, акыл-эс жан менен кошо кубанат, сүйүнөт, а эгер туура чыкпай калса, анда жан кейийт, жүрөк ооруйт, денеге күч келет, акыл болсо, “эми ушундай болуп калды” деп кутулат. Демек, адам кайсыл бир чечимди кабыл аларда акылына же ички туюмуна таянат. Балким ошол ички туюм жан болуп жүрбөсүн? Себеби адам өзүнүн денесинин “каалоосун” же напсисин кынтыксыз аткара берип, же башкача айтканда, кыймылды аз кылып, каалаган тамагын жеп, чектөөнү билбей жашап, ички органдардын иштөө тартибин бузуп, жыйынтыгында, көптөгөн ооруга өзү кириптер болот, бирок аны балким сезбейт, билсе кайдыгерликке салат.

 

Жогорудагы философиялык ой өтө татаал жана аягы жоктой. Анткени айтылган түшүндүрмө, аныктамаларга кайчы пикирлер дайыма чыга берет. Ал тургай өзүңдүн оюңа өзүң да каршы чыгып калышың да толук мүмкүн. Тактык үчүн, биздин жогорудагы ой менен баштагандыгыбыз, адамдын денинин сак болушу, эркинин күчтүү болушу дал мына ушул акыл-эске жана демге байланыштуу өнүгөт.

 

Турмушта көптөгөн кызыктар кездешет, мисалы, алп мүчөлүү, бура сандуу адам коркок болуп калат, аны томуктай эле бирөө коркутуп алган, эл ичинде мындайды: “жаны жок экен, кебетеси эле бар тура”, – деп келекеге алат, бу да жөнөкөй суроо эмес. Мындай оң-тетири жагдайлар өтө эле арбын… башка мисалдар менен башка өңүттө да айта берсе болот…

 

Дегеле кыргыз элинин Уңгужолунда ден соолукту, саламаттыкты сактоо эң биринчи орунда болуп келген. Муну “биринчи байлык – ден соолук” деген макалдын айтылышы деле ырастап турат. Бирок тилекке каршы, бизде айтылган сөз менен кылган иш дайым эле шайкеш чыга бербейт эмеспи. Айрым учурларда ага элдин калың катмарынын кайдыгерлиги да себепчи болбой койгон жок. Анткени “ден соолукка көңүл бургула” деп көп айтканыбыз менен, өзүбүз төшөккө жатып калганга чейин жүрө бермей, же турмуш менен түйшүккө шылтоо кылып, жашай бермей “адатыбызды”, баарына чыдай берген “маданиятыбызды” каякка жашырабыз? Ооба, биз өткөн чакты, ата-бабаларыбыздын жашоо мүнөзүн, эрдиктерин көп кеп кылабыз, алар аңыз, уламыш кылганга татыктуу, мындан ары да алардын ишин, эмгектерин даңазалоого милдеттүүбүз. Бирок ар бир доордун күчтүү жана кейиштүү да жактары болот. Күчтүү жактарын андан ары улантуу керек болсо, кейиштүү, кемчиликтүү жактарыбызды оңдоо боюнча биз өзүбүздүн үстүбүздөн иштөөгө тийишпиз. Андыктан ден соолукту жаш кезден сактоону, ага кам көрүүнү салтка, маданиятка айлантуу кажет. Жөн эле салт же маданият эмес, ыйык жана кынтыксыз, эч кандай шылтоосуз жана үзгүлтүксүз аткарыла турган жөрөлгөлөрдүн сап башына чыгарышыбыз зарыл. Ансыз жылыш болбойт.

 

Эсиңиздерде болсо, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 313 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү” тууралуу Жарлыгында: “Дене тарбия жана спорт – ден соолуктун негизи. Мамлекеттин жана коомдун маанилүү милдети – ар бир адамдын жана бүтүндөй улуттун саламаттыгы жөнүндө кам көрүү болуп саналат. Артыкчылыктуу багыттардын бири – агартуу аркылуу улуттун саламаттыгын жана генофондун бекемдөө. Күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгү катары спортко тартуу менен бирге адамдарда сергек жашоо мүнөзүнө умтулууну калыптандыруу зарыл”, – деп берилген. Бул жерден көрүнүп тургандай, биринчи кезекте ден соолуктун, дене тарбиянын, спорттун зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү, агартуу иштерин системалуу жүргүзүү керектиги тууралуу кескин айтылып жатат.

 

Биз, ар бир элдин кабыл алуу туюму ар түрдүү болорун ачык түшүндүк. Мисалы, кайсыл бир улутка башкалардын тажрыйбасы эле жетиштүү болсо, башка бирөөлөрү бардык нерсеге сак мамиле кылууну адатка айлантышкан, ал эми көчмөн маданияттын ээлери башына аламат түшмөйүнчө алды-артыбызды карабай кете бермей өнөкөтүбүздү таштоочудай эмеспиз. Ошон үчүн же күчөтүп айтканда, бизге “күндө кыйкырып, эстетип тура тургандар керек” окшойт. Коомдо элдин ден соолугуна мамлекет кам көрүш керек деген түшүнүк калыптанып калган. Бул албетте, жалпы жонунан туура, бирок мамлекет түзүп берген шартты канчалык так аткаруудабыз?

 

Башканы айтпай эле коелу, жогорку окуу жайга тапшырып жаткан абитуриенттердин бардыгынын эле “ден соолугу чың” болот да, 1-курска өтүп, дене тарбия сабагы киргенде көпчүлүгү кайра “оорукчан” болуп чыга келет. Бул эмнеден кабар берет? Кайра эле кайдыгерлик, өзүн урматтабагандан, сыйлабагандан, чыккынчылыктан чыгып жаткан жокпу?

 

Ооба, көйгөйдү көтөргөндү баарыбыз билебиз, арабызда сунуш айтып, маселени чечүүнү билгендер барбы? Көйгөйлөрдү кантип чечебиз? Ушуга карата, болуптур, жолун айтаардан мурун башкалардын тажрыйбаларын дагы бир жолу карап көрөлү. Бардыгыбызга сонун көрүнүп келе жаткан батыш элинин маданиятын алалычы, кандай гана кинофильмин караба, режиссёр эки нерсени эч качан унутпайт: сөзсүз түрдө машинанын коопсуздук курун тагынганды, анан көчөдө эрте менен чуркагандарды идеалдаштырып жайылтышат. Кинонун каармандары ушул эки нерсени ыйык жөрөлгө катары дайыма аткарышат. Булар муну менен эң сонун маданиятты акырындык менен калыптандырып коюшту.

 

Муну биз эмне үчүн эске албайбыз? Экинчиси, чыгыш мамлекеттерин алалы, ардактуу эс алууга чыккандар көчөдө спорттун бир түрү менен машыгууну массалык түрдө салтка айлантышууда. Аларды көрүп биз деле эске алсак болмок, бирок биздеги тоң моюндук ага жол бербейт, качан гана мыйзам аркылуу чаралар көрүлө баштаганда гана аракетке өтөбүз. “Көпчүлүккө көө сүртпө” демекчи, акыркы жылдары шаарлардын, райондордун борборлорунан таң эрте чуркагандарды көп кездештире баштадык, эрте-кеч басууну адатка айландырган улуу-кичүүлөр чыкты, бул жакшы көрүнүш, кубаттоого ала турган кадам. Демек, биз деле ушундай жыйынтыктарга келсек болот экен да?

 

Ушул жерден эске ала турган нерсе, бизде спорт десе эле спорт сарайларды, залдарды салып, керектүү инвентарларды толтуруш керек деген шартты коебуз. Алар дагы болушу керек. Бирок элдин көчөдө чуркашы, басышы, ачык асманда машыгышы башкалардын кызыгуусун жана таасирин күчөтөт. Эл суу сыяктуу эмеспи, ээрчип кеткендер көп болот. Ошондой эле спорт залдарга бара албагандарга да эң сонун мүмкүнчүлүк ачылат.

 

Чынында эле улуттун саламаттыгы мамлекеттин саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында: … коомдук саламаттык сактоо системасы олутту түрдө чыңдалат, мунун өзү жарандарга жашоонун бардык этаптарында медициналык жардам ар тараптуу жеткиликтүүлүктү талап кылат. Саламаттыкты сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты эл аралык стандарттарды эске алуу менен жана медициналык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүүнүн, инновацияларды киргизүүнүн жана санариптештирүүнүн негизинде өнүгөт”, – деп белгиленип, көптөгөн милдеттер көрсөтүлгөн, алардын бири: жашоонун орточо узактыгын 75 жашка чейин жогорулатуу. Бул жөн эле куру кыял эмес, реалдуу демилге. Ал үчүн мамлекет эле эмес ар бир жарандын күрөшүүсү, аракет кылуусу керек болот.

 

Кеп оору менен күрөшүү эмес, оорубай, денени сак кармап жүрүү же оору башталганга чейин тиешелүү чараларды көрүү дегенди билдирет. Демек, “дени сак улут – өнүккөн өлкө”.

 

Кызык, өткөн чактагы, балалык кездеги, айла жок күлө турган кылыктарыбыз эске түшөт, оозго, тишке салып не деген гана данек, жаңгактарды чакпадык. Эми анын “жемишин” көрүп жатабыз. Отузга чыгып-чыкпай тиштери кемирейип, сары тиш салып, “ышкырып” сүйлөп калгандарыбыз да жок эмес. Тамдын үстүнөн, бактын башынан жерге секирип, белин мерттинткендер да жок эмес, мунун баары тентектикпи же билимсиздикпи? Таң, ден соолукка кам көрүүнү кичине кезден, үй бүлөдөн башташ керек экендигин эстен чыгарбоо кажет экен.

 

Дене тарбия жана спорт адамдын денесин гана чыңдабастан, анын мүнөзүн, эркин, көз карашын, ой жүгүртүүсүн жана жоопкерчилигин да тарбиялайт. Денени тарбиялоо аркылуу адам өзүнүн ички дүйнөсүн, дүйнөтаанымын да тарбиялай баштайт. Анткени адам жалкоолукка жакын болсо, дене булчуңу алсырайт; адамдын ички руху күчтүү болсо, дененин кыйналганына карабай, чыдамкайлык менен көздөгөн максатына жетет, жыгылса кайра турат, жеңилсе кайра күрөшүүгө чыгат, албетте, бул адамдын ички күчүнө байланыштуу. Ошондуктан дене тарбия, спорт – бул булчуңдарды гана өстүрүү же машыктыруу эмес, адамдын ички жан дүйнөсүн тарбиялоонун дагы бир жолу.

 

Кыргыз эли муну миңдеген жылдар мурда эле жакшы түшүнгөн. Эл ичинде: “Дени сактын баары сак”, “Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат”, “Дендин сагы жакшы, пейилдин агы жакшы”, “Жаштык менен ден соолуктун кадыры карыганда билинет”, “Өз ден соолугуңа шалаакылык кылсаң, коомго кошо мүшкүл апкелесиң” деген макалдар миңдеген жылдар мурун жаралып, далай замандын сынынан өткөн.

 

“Күч акылга баш ийет” демекчи, калкка тегиз жетип жаткан Уңгужол дал ушул түшүнүктү негиз кылат. Денени чыңдоо өзүнчө максат эмес, ал адамдын өзүнө, үй-бүлөсүнө, элине жана мамлекетине кызмат кылуусунун каражаты. Уңгужол адамды бир тараптуу эмес, бардык жагынан жетилген инсан катары калыптандырууну көздөйт.

 

Бүгүнкү күндө спорт дүйнө жүзүндө эң таасирдүү коомдук институттардын бирине айланды. Ал мамлекеттердин кадыр-баркын көтөрөт, жаштарды бириктирет, мекенчилдик сезимди күчөтөт жана сергек жашоо маданиятын жайылтат. Олимпиада оюндарынан тартып айылдык мелдештерге чейин спорттун бардык түрү адамдарды улутуна, динине же саясий көз карашына карабастан бир максаттын, бир намыстын айланасына топтой алат. Мына ушул жагынан алганда спорт коомдук биримдикти бекемдөөчү күчтөрдүн бири.

 

Кыргыз элинин салттуу жашоо образынын өзү табият менен тыгыз байланышта болгондуктан, дене тарбия күнүмдүк тиричиликтин ажырагыс бөлүгүнө кирген. Күнүгө ат үстүндө жүрүү, аңчылык кылуу, мал кайтаруу, көчүп-конуу, көк бөрү тартуу, эр эңиш, тыйын эңмей, жамбы атуу, найза кармоо, кылыч чабуу сыяктуу жоокердик көндүмдөр адамдын күчүн, эркин, чыдамкайлыгын жана шамдагайлыгын күчөткөн. Ошол эле учурда улуттук оюндар жаштарды эр жүрөктүүлүккө, тактыкка, шамдагайлыкка, тайманбастыкка жана атаандашын урматтоого тарбиялаган.

 

Улуттук оюндардын ар биринин артында жөн гана көңүл ачуу эмес, чоң тарбиялык жана аскердик даярдык жаткан. Алар аркылуу жаштар булчуңдарын чыңдап гана тим болбостон, чечкиндүүлүккө, тобокелчиликке, биргелешип аракеттенүүгө жана жеңиш үчүн күрөшүүгө үйрөнүшкөн. Бул оюндардын көпчүлүгү элдин жашоо шартына ылайык жаралып, кылымдар бою өзүнүн маанисин жоготкон эмес.

 

Уңгужолдун максаты боюнча дене тарбия менен спорт – чемпиондорду даярдоо эмес. Анын эң башкы максаты – ден соолугу чың, эрки бекем, адеп-ахлагы бийик, эмгекчил жана мекенчил кыргыз жаранын тарбиялоо. Туура, чемпиондор коомдун сыймыгы, мактанаары болушу мүмкүн, бирок сергек, жоопкерчиликтүү жана таалим-тарбиялуу жарандар мамлекеттин негизги тиреги. Ошондуктан дене тарбия жалпы элдик маданияттын бир бөлүгү болушу керек.

 

Мамлекет өз учурунда жаштарды спортко тартууну жөн гана медаль алуу, жеңүү үчүн эмес, улуттук коопсуздуктун, коомдук саламаттыктын жана адамдык капиталды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты катары карашы зарыл. Анткени кыймылсыз жашоо образы, зыяндуу адаттар жана башка көз карандылыктын түрлөрү, ошондой эле маалыматтык чөйрөнүн терс таасирлери биринчи кезекте жаш муундун ден соолугуна жана аң-сезимине сокку урат. Буга каршы эң натыйжалуу каражаттардын бири – массалык дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү болуп саналат.

 

Уңгужолдо дене тарбиянын негизги таянымдарынын бири – денеге зомбулук кылбоо. Ар бир машыгуу адамдын жашына, ден соолугуна жана мүмкүнчүлүгүнө жараша жүргүзүлүшү кажет. Башкача айтканда, спорт денени жараксыз кылууга эмес, чыңдоого кызмат кылышы керек. Жеңиш, ийгилик кандай гана баалуу болбосун, ал адамдын ден соолугунан жана коопсуздугунан жогору турбайт.

 

Ошону менен бирге Уңгужол эң биринчи кезекте өзүнүн жалкоолугун, алсыздыгын, чечкинсиздигин, коркоктугун жана жаман адаттарын жеңүүгө багытталат. Өзүн жеңе алган адам гана ийгилик жаратат, коомго үлгү боло алат.

Кыргыз элинде байыртадан бери айтылып келе жаткан: “Өзү эч нерсени кылып кыйратпаган, атасынын кылганын айтып мактанат” дегендей болуп, ийгилик жарата албаган муун өткөнүнө гана мактанып, татыктуу мурас калтыра албай калышы да мүмкүн. Ошондуктан улуттун ден сак болсо, өнүккөн жана кубаттуу өлкөнү, жаңы Кыргызстанды ишенимдүү курабыз.

 

Октябрь Капалбаев, Президенттин Администрациясынын бөлүм башчысы