Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы жогорку денгээлдеги саясий диалог, Мамлекеттер аралык кенештин ийгиликтүү иши жана соода-экономикалык байланыштардын чындалышы – Азия менен Кавказды байланыштырган өзгөчө транзиттик-логистикалык, инвестициялык долбоорлорду жана энергетика тармагындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө болууда.
Азербайжан менен Армениянын көп жылдарга созулган жанжалынын токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол коюу процесси Бишкекте башталган. Бул тарыхый чындык. Акыркы жылдары Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер сапаты жана мазмуну боюнча болуп көрбөгөндөй жаны денгээлге көтөрүлдү. Эгер мурда эки мамлекеттин алакасы негизинен эл аралык аянтчалардагы дипломатиялык колдоо жана маданий-тарыхый тамырлардын жакындыгы менен чектелип келсе, бүгүн ал стратегиялык өнөктөштүккө жана экономикалык кызыкчылыктарга таянган көп кырдуу кызматташтыкка айланды. Дүйнөлүк геосаясий чыналуулар жана транзиттик каттамдардын өзгөрүшү шартында эки өлкөнүн багыты Борбор Азия менен Түштүк Кавказды бириктирген жаны аймактык өнүгүү форматтарын түзүүгө багытталууда.
2024-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Бул документ эки мамлекеттин алдыдагы ондогон жылдарга эсептелген кызматташтыгынын концепциялык багытын аныктап берди. Декларацияда эки тарап мамилелерди бардык тармактар боюнча өнүктүрүүгө даяр экенин билдирүү менен бирге, бири-биринин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн ырасташкан. Азыркы эл аралык мамилелер системасында геосаясий чыналуулар күчөп жаткан учурда мындай өнөктөштүк өзгөчө мааниге ээ.
Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы саясий диалог дипломатиялык сүйлөшүүлөр менен эле чектелбей, жогорку денгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар аркылуу чындалууда. Президенттердин мамлекеттик жана расмий сапарлары, өкмөттөр аралык комиссиялардын иши, министрликтердин жана ведомстволордун тыгыз кызматташуусу кабыл алынган чечимдердин конкреттүү долбоорлорго айланышына шарт түзүүдө.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Жогорку Кенеши менен Азербайжандын Милли Межлисинин ортосундагы достук топторунун ишмердүүлүгү мыйзам чыгаруу органдарынын тажрыйба алмашуусун кенейтип, укуктук базаны жакындатууга көмөк көрсөтүүдө. Бул байланыштар саясий ишенимди бекемдөө менен катар экономикалык кызматташтык үчүн ынгайлуу шарттарды түзөт.
Эки өлкө эл аралык уюмдардын алкагында да бири-бирин туруктуу колдоп келишет. ªзгөчө Түрк мамлекеттер уюмундагы (ТМУ) өнөктөштүк жакындашуунун маанилүү факторуна айланды. Түрк дүйнөсүнүн интеграциясы саясий декларациялардан практикалык экономикалык долбоорлорго өтө баштаган бул процессте Кыргызстан менен Азербайжан демилгечи өлкөлөрдүн катарында турат. Стратегиялык декларацияда ТМУ менен бирге ТҮРКПА, ТҮРКСОЙ, Эл аралык Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк университеттеринин союзу сыяктуу институттардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көнүл бурулган. Бул түзүмдөр маданий жакындашуунун гана эмес, илимий, билим берүү жана экономикалык интеграциянын да маанилүү механизмдерин да камтыйт.
Гуманитардык дипломатиянын күч алышы да эки мамлекеттин жакындашуусун тездетип, Кыргызстан тарабынан Азербайжандын Карабак аймагындагы Агдам районунун Хыдыры айылында заманбап мектептин курулуп берилиши болду. Ал эми Азербайжан тарап Бишкек шаарында Кыргызстан – Азербайжан достук паркын жана Гейдар Алиев атындагы заманбап мектепти куруу долбоорлорун ишке ашырды. Мындай кадамдар дипломатиялык мамилелердин адамдардын күнүмдүк турмушуна таасир эткен реалдуу натыйжаларын көрсөтөт.
2025-жылдын декабрь айында Баку шаарында өткөн Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алтынчы жыйынында энергетика, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, логистика, билим берүү жана маданият тармактары боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынды. Бул жолугушуу кызматташтыктын системалуу мүнөзгө ээ болуп, узак мөөнөттүү мамлекеттик саясаттын бир бөлүгүнө айланганын тастыктады. Мамлекеттер ортосундагы туруктуу өнөктөштүк өз ара пайдалуу экономикалык кызыкчылыктар менен бекемделгенде гана узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болот. Учурда эки өлкө инвестициялык кызматташтыкты кенейтүүгө, сооданы көбөйтүүгө жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө басым жасоодо.
2025-жылдын жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 10 миллион АКШ долларына жетти. Тараптар бул көрсөткүчтү жакынкы жылдары 500 миллион АКШ долларына чейин жеткирүү максатын коюшту. Мындай амбициялуу милдет экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү терен талдоонун жана өз ара толуктоочу тармактарды аныктоонун негизинде кабыл алынган.
2024-жылы Баку шаарында кол коюлган 2029-жылга чейинки кызматташтык программасы ушул максаттарды ишке ашыруунун жол картасы болуп саналат. Документте өнөр жай, айыл чарба, инвестиция, транспорт, инновация, санарип технологиялар жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча биргелешкен иштер жана конкреттүү экономикалык механизмдер белгиленген.
Экономикалык байланыштардын негизги каржылык механизми катары уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүлгөн Азербайжан – Кыргызстан өнүктүрүү фондун айтсак болот. Бул капитал чакан жана орто бизнести гана эмес, стратегиялык маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду да каржылоого мүмкүнчүлүк берет. Фонд аркылуу Ысык-Көл облусундагы кубаттуулугу 9 мегаватт болгон «Түп» чакан ГЭСи, Ош облусундагы 5,4 мегаватттык «Кулун» чакан ГЭСинин долбоору, ошондой эле Чүй облусунда заманбап килем чыгаруучу фабрика курулууда. Бул долбоорлор жаны жумуш орундарын түзүү менен бирге региондордун өнүгүшүнө, жергиликтүү өндүрүштүн өсүшүнө жана экспорттук потенциалдын кенейишине өбөлгө түзөт. Өкмөттөр аралык комиссиянын алтынчы жыйынында тараптар энергетика, турак жай курулушу, женил өнөр жай, саламаттык сактоо жана инфраструктура боюнча жаны долбоорлорду түзүү зарылдыгын белгилешти.
Энергетика тармагы да өзүнчө стратегиялык мааниге ээ. Кыргызстан гидроэнергетикалык ресурстары боюнча Борбор Азияда чон мүмкүнчүлүктөргө ээ болсо, Азербайжан энергетикалык долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу боюнча чон тажрыйба топтогон. Жашыл экономикага өтүү маселеси дүйнөлүк күн тартибине чыккан азыркы мезгилде кайра жаралуучу энергия булактары боюнча биргелешкен долбоорлорду көбөйтүү эки тарапка тен пайдалуу. Органикалык айыл чарба, экотуризм жана жашыл технологиялар боюнча кызматташуу да өзгөчө маанилүү.
Соода байланыштарын чындоо максатында Азербайжанда Кыргызстандын Соода үйүн, ал эми Кыргызстанда Азербайжандын Соода үйүн ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул борборлор өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулардын түз байланышуусуна шарт түзүп, ортомчуларды азайтат, экспорттук продукцияны жайылтуунун жана инвестиция тартуунун натыйжалуу куралы.
2025-жылдын декабрь айындагы жолугушууда эки өлкөнүн экономика өкүлдөрү мурда жетишилген макулдашууларды карап чыгып, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясы жана өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүү боюнча жаны милдеттерди белгилешти. Ишке кирип жаткан долбоорлор өндүрүштү көбөйтүп, эки мамлекеттин экономикалык байланыштарын сапаттык жактан жаны денгээлге чыгарууга багытталган.
Транспорт жана логистика тармагы өнөктөштүктүн келечегин аныктай турган башкы багыттардын бири болуп саналат. Дүйнөлүк соода жолдорунун өзгөрүшү Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын стратегиялык маанисин жогорулатты. Мындай шартта Кыргызстан менен Азербайжан өздөрүнүн географиялык артыкчылыктарын пайдаланып, Евразиядагы транзиттик байланыштардын маанилүү бөлүгүнө айланууга умтулууда.
Бул багыттагы эн ири долбоор – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. Ал ишке ашканда Борбор Азияны Транскаспий транспорттук каттамы аркылуу Азербайжан, Грузия, Түркия жана Европа өлкөлөрү менен байланыштырган стратегиялык маршрутка айланат. Зангезур коридору ушул темир жолдун уландысы деп белгилеген Президент Садыр Жапаров. Натыйжада «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий денизи – Азербайжан» багыты Евразиянын эн кыска транспорттук коридорлорунун бири болуп калат.
Денизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстан үчүн жаны темир жол жана Транскаспий маршруту тышкы рынокторго чыгууну кенейтип, транзиттик кирешени көбөйтөт. Ал эми Азербайжан үчүн бул долбоор Баку порту, Баку – Тбилиси – Карс темир жолу жана заманбап логистикалык инфраструктурасы аркылуу Борбор Азия жүктөрүн Европага жеткирген Каспий аймагындагы негизги транзиттик түйүн катары ролун бекемдейт.
Санариптик технологиялар тармагында Кыргызстан Азербайжандын мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, инфраструктураны модернизациялоо жана инновацияларды киргизүү боюнча тажрыйбасын колдонууга кызыкдар. Бүгүнкү дүйнөлүк экономикада атаандаштыкты технологиялар аныктагандыктан, бул өз убагындагы чечим болуп калды.
Туризм тармагында да чон мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстандын тоолуу жаратылышы менен Азербайжандын тарыхый мурастары бири-бирин толуктап турат, ал эми түз аба каттамдарынын көбөйүшү мейманкана бизнесине жана чакан ишкердикке кошумча дем берет.
Стратегиялык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүү үчүн бир катар милдеттерди аткаруу талап кылынат. Биринчиден, кабыл алынган документтердин толук аткарылышын камсыз кылуу зарыл. Экинчиден, бизнес өкүлдөрүнүн түз байланыштарын кенейтүү, инвестициялык долбоорлорду көбөйтүү жана логистикалык тоскоолдуктарды азайтуу маанилүү.¯чүнчүдөн, өндүрүш кооперациясын түзүү керек.
Кыргызстан менен Азербайжандын акыркы жылдардагы мамилеси саясий ишенимди экономикалык долбоорлор менен бекемдеп, гуманитардык жана логистикалык байланыштарды кенейтүүнүн ийгиликтүү мисалы болду. Бул өнөктөштүк Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын өз ара байланышын чындоого, аймактагы туруктуулукка жана экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошо алат.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

