“Келдик Каспий кашына, Көөдөн толкуп ташууда…”

Быйылкы июль айынын аптаптуу күндөрүндө Азербайжандын Шуша шаарында эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси менен || Түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын поэзия фестивалы өтүп, ага Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандын акындары катышып келишти. Кыргызстандан жаш акындар Максат Жангазиев, Мелис Маматжанов, Ырысгүл Изатова үчөө барышып, үчөө да фестивалдын лауреаты болуп, Молла Панах Вагиф атындагы медаль менен сыйланды.

Белгилей кетсек, сөз болгон маданий иш-чара түрк тилдүү элдердин акындарын бир аянтчага чогултуп, адабий байланышты чыңдоодо. Буга чейин бул фестиваль 2025-жылы Кыргызстандын Ош шаарында өткөн. Жаш акындарыбыз:

“Келдик Каспий кашына,

Көөдөн толкуп ташууда.

Шамалына кошулуп,

Ыр окуйбуз Бакуда.

 

Абройлуу адабий фестивалды жогорку деңгээлде уюштурган жалпы түрк элдеринин адабияты менен маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна, Азербайжан Республикасынын Маданият министрлигине, Азербайжан Жазуучулар союзуна терең ыраазычылык билдиребиз.

Жашасын поэзия!

Жашасын түрк элдеринин достугу! Жашасын ПОЭЗИЯ!” дешип жар салып, Шуша шаарынан алган таасирлерин ырга айлантып жатышат.

 

Шуша — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору

 

Азербайжандын тарыхый жана маданий очогу болгон Шуша шаары ТҮРКСОЙ тарабынан «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыялангандан тарта ал жерде ири адабий форумдар өтүп жатат. Буга чейин ТҮРКСОЙдун демилгеси менен өткөрүлгөн Түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын форумуна жана поэзия кечелерине Кыргызстандан да белгилүү жаш акын-жазуучулар жана Улуттук жазуучулар союзунун жаш өкүлдөрү катышып келишкен. Бул жыйындарда жаш акындар өз чыгармаларын окуу менен бирге, азербайжан, турк, казак тилдерине которуу маселелерин талкуулашышкан.

2025-жылдын 24-майынан 31-майына чейин Баку шаарында ТҮРКСОЙ Эл аралык түрк маданияты уюму тарабынан Азербайжан Жазуучулар союзу менен биргеликте «Бахтияр Вахабзаде жылынын» алкагында уюштурулган Түрк дүйнөсүнүн V Адабият жана китеп фестивалы кеңири катышуусу менен өтүп, чоң кызыгуу жаратканы эсибизде.

Фестивалдын ачылыш аземине Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Рзаев, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын президенти Иса Габиббейли, Милли Меджлистин депутаты Эльчин Мирзабейли, Эл аралык Түрк академиясынын өкүлү Айнур Майемерова, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн белгилүү жазуучулары менен акындары катышты.

Адабият сүйүүчүлөрүнүн чоң кызыгуусу астында сегиз күнгө созулган фестивалда күн сайын ардактуу конок катары түрк дүйнөсүнүн боордош өлкөлөрүнүн бири сунушталып турду. Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын имаратынын алдындагы паркта орнотулган стенддерде китеп сүйүүчүлөргө ар кандай басма үйлөрүнүн бардык курактагы окурмандарга арналган басылмалары тартууланды.

Тематикалык панелдердин алкагында боордош өлкөлөрдүн азыркы адабий мейкиндиги талкууланып, алардын жалпы түрк адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы бааланды:

Фестивалдын жабылыш аземинде сүйлөп жатып, ТҮРКСОЙдогу Азербайжандын өкүлү Эльчин Гафарлы иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Азербайжан Жазуучулар союзуна жана Азербайжан Маданият министерлигине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал азыркы түрк адабиятынын өнүгүшүнө салым кошкон акын-жазуучуларга, фестивалды өткөрүүгө катышкан мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнө ТҮРКСОЙдун медалдарын жана эстелик плакеткаларын тапшырды.

 

Билим чөйрөсүндөгү кызматташтык

 

Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда маданий-гуманитардык тармакта да жигердүү кызматташтык жүргүзүлүүдө. 2022-жылдын октябрында Бишкек шаарында «Кыргызстан-Азербайжан» Достук сейил багынын жана Низами Гянджеви атындагы №103 орто мектебинин ачылышы, ошондой эле Бишкектеги №20 мектеп-гимназиясына азыркы Азербайжан мамлекети түптөлгөн Гейдар Алиевдин ысымынын берилиши маанилүү окуялардан болуп калды.

2024-жылы апрелде Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Карабак аймагынын Агдам районундагы Хыдырлы айылында болочок орто мектептин пайдубалына мезгил кутусун – капсуланы салышты. Бул мектеп Азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары курулуп, эки элдин бир туугандык достугун бекемдеген жышааналуу көрүнүш болуп калды.
Салтанат эки элди бириктирип келаткан эзелки салт боюнча, мамлекет башчыларына кыргыз жана азербайжан тилдеринде төкмө акындардын салам айтуусу менен башталды. Андан соң президенттер мектептин курулуш долбоору менен таанышып, келечек муундарга жазган каттарга кол коюп, аны мезгил кутусуна салып, келечектеги мектептин пайдубалына капсулаларды түшүрүп, андан кийин атайын сигнал баскычтарды басып, курулуш иштерин баштап беришти.

Баку шаарында кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи да болду.

Президент С.Жапаровдун сапарына карата Азербайжанда Кыргызстандын Маданият күндөрү алгачкы ирет өткөрүлдү. Анын алкагында кыргыз киносунун күндөрү, искусство чеберлеринин гала-концерттери, улуттук кол өнөрчүлүк, зер буюмдары, улуттук ашкана, каада-салттык жана заманбап кийимдер, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөлөрү, Улуттук тарых музейинин «Байыркы искусствонун шедеврлери» экспозициясы жана эки өлкө интеллигенциясынын тегерек столу уюштурулду.

Арадан бир жыл өтүп, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев 2025-жылы 3-июль күнү Азербайжандын Агдам районундагы Хыдырлы айылында жайгашкан Айкөл Манас атындагы орто мектептин ачылыш аземине катышышты. Кыргызстан элинин атынан Азербайжанга белек катары курулган мектеп 528 окуучуга ылайыкталган. Өткөн жылдын март айында башталган курулуш иштери толугу менен аяктаган. Окуу жайы 2,7 гектар аянтты ээлейт.

Көп тармактуу заманбап имарат үч окуу блогун, спорт жана актовый залдарды, ашкананы, китепкананы, физика, химия жана биология лабораторияларын, эки компьютердик классты, ошондой эле бардык керектүү окуу жана административдик имараттарды камтыйт. Мектептин аймагында футбол жана волейбол аянтчалары, эс алуу зоналары жана сабактан тышкаркы иш-чаралар үчүн инфраструктура каралган.

Салтанаттуу азем башталаар алдында президенттер Хыдырлы айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, эки миң көчмөн үчүн курулган жаңы үйлөрдү көрүп чыгышты жана жаңы тургундарга үйлөрдүн ачкычтарын жеке өздөрү тапшырышты.

Президент Ильхам Алиев Карабахты калыбына келтирүүдөгү колдоосу үчүн Садыр Жапаровго жана бардык кыргыз элине терең ыраазычылык билдирди. Ал мектеп куруу демилгеси жеке Садыр Жапаровго таандык экенин жана жаңы билим берүү мекемеси эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандыктын бекем символу болуп каларын баса белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Айкөл Манас атындагы мектептин ачылышы тарыхый мааниге ээ окуя экенин белгиледи. Бул окуя руханий байланыштарды чыңдап, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегитикалык өнөктөштүктү андан ары тереңдетет.

Мамлекет башчысы Агдам районундагы Айкөл Манас атындагы мектеп жана Бишкектеги Гейдар Алиев атындагы мектеп эки бир тууган элдин ортосундагы достуктун, өз ара урматтоонун символу жана «ынтымак көпүрөлөрү» болуп саналарын баса белгиледи.

Соңунда Хыдырлынын тургундары келечегинин маанилүү бөлүгү болуп кала турган мектепти курууда көрсөткөн тилектештиги, бир туугандык колдоосу жана баа жеткис жардамы үчүн Кыргызстандын президентине жана элине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Кыргызстан менен Азербайжандын билим берүү тармагында кызматташтыгы уланып жатат. 2025-жылы 21-январда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Азербайжан Республикасынын Элчисинин кеңешчиси Зульфугар Хуммет оглы Танарверди жана Азербайжандын Элчисинин экинчи катчысы Миржавид Миргадир оглы Мирсултан менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарындагы № 103 Низами Гянджави жана № 20 Гейдар Алиев атындагы мектептерди азербайжан тили боюнча мугалимдер менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жумушчу топтун алкагында аталган мектептерде азербайжан тили боюнча мугалимдер менен камсыз кылуу боюнча маселелерди карап, бул демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн эксперименттик программаны иштеп чыгат.

2025-жылдын апрелинде Кыргызстанда Азербайжан Республикасынын Маданият күндөрү ийгиликтүү өткөрүлдү.

Азербайжандын аймагында Кыргыз Республикасынын 500гө чукул жараны жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине туруктуу жашоого кайтып барган этникалык азербайжандар.

Өз кезегинде Кыргызстанда чоң азербайжан диаспорасы бар — өлкөбүздө улуту боюнча этникалык азербайжан болуп саналган 20 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жарандары катары түтүн булатып келишет.

Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон кыргыз жана азербайжан элдеринин маданий, тарыхый жана руханий тамырлары бир. Кылымдар бою калыптанган бул боордоштук мамилелер бүгүнкү күнү стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлүп, өзгөчө адабият, маданият жана билим берүү чөйрөсүндө жигердүү өнүгүп жатат.

ХХ кылымдын орто ченинде кыргыз жана азербайжан жазуучуларынын өз ара котормочулук жана достук байланыштары жаңы баскычка көтөрүлгөн.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы азербайжан адабиятына өзгөчө таасирин тийгизген. Бакуда Айтматовдун дээрлик бардык повесть-романдары азербайжан тилине которулуп, Азербайжан Улуттук Илимдер Академиясында Айтматов таануу багыты калыптанган.

Азербайжан адабиятынын залкарлары Низами Гянджеви, Мухаммед Физули жана Самед Вургундун поэтикалык мурастары кыргыз тилине которулса, кыргыз поэзиясынын үлгүлөрү Азербайжандын адабий журналдарында басылып келет.

 

                                                                                                                          Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”