Биз киришип жаткан тема өтө татаал жана ошол эле учурда абдан маанилүү темалардын бири экендиги талашсыз. Ар ким өзүнүн кичи мекенин, киндик каны тамган жерин ыйык деп эсептейт, аны ыйык сезет, сыймыктанат.“Ыйык” сөзүнүн түпкү мааниси боюнча “касиеттүү, кол тийгис жана жогорку күчкө таандык сапаттарды алып жүрүүчү” деген маанини түшүндүрөт.
Бир сөз менен айтканда, “ыйык” – бул убакыттан, мезгилден жогору турган баалуулук жана түшүнүк. Ал ата-бабалардан мураска калып, учурдагы муун тарабынан сакталып, корголуп, келечектеги болочок урпактарга кемитилбей өткөрүп берүүгө тийиш болгон аманат. Мына ошол ыйыктардын бири – бул биздин мекенибиз, журтубуз, кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын жери, ээлеген аймагы.
Жер – бул биздин күн сайын, секунд сайын тыным албай согуп турган жүрөгүбүз. Жер – бул көздү ачсак кубанткан, көздү жумсак жылуу кыялга батырган карегибиз.
Кызык, кыргыз элинде: “Эң баалуу нерсе эмне?” деген табышмак бар, ага ар ким ар кандай жооп берет. Бирок анын жандырмагы: “жоготкон нерсең эң баалуу” деп жандырылат. Бул табышмакты ортого салганыбыздын себеби, “эл ыйыкпы же жер ыйыкпы?” деген суроону койгубуз келип турат. Жогорку суроо мындай караганда, жөнөкөйдөй сезилгени менен өтө татаал. Эмнеге дегенде, “эл – ыйык” деп жооп берсең, “ошол эл, өзүнүн жерин сактоо үчүн канын, жанын берет, өмүрүн арнайт, курман болот” дейт. “Жер ыйык” десең, “аны ыйык кылган эл эмеспи” деп жооп беришери да анык. Ошондо кандай болуп калды?
Жараткандын кереметин жана кудуретин караңыз, бирөөлөр ээн талаасын, эрме чөлүн, какыраган тааласын, жырткычтарга толгон курт-кумурскалуу токоюн, баткагы белден баскан сазын, чуркап ойноорго жери жок аска-зоосун деле жакшы көрүп, ошону коргоп, талашып жатып, жан берет. Эмнеге, анткени адам өз жерин анын кооздугу үчүн эмес, өзүнүкү болгондугу үчүн сүйөт. Анда, жерди ыйык кылган эң биринчи нерсе, ага болгон таандыктык сезим экен да.
Чын эле, жер болбосо адам болот беле? Анда, жогоруда коюлган суроонун өзү туура эмес турбайбы? Демек, адам өз жерин анын сулуулугу, укмуштуулугу үчүн эмес, ата-бабаларынан калган мурас болгондугу, өзүнүкү болгондугу үчүн жакшы көрөт. Жердин ыйыктыгы анын табигый кооздугунда эмес, адам менен жердин ортосундагы руханий байланышта тура.
Дегеле, эл менен жерди ажыратып кароого болбойт. Экөө бири-бирин толуктап турган бир бүтүн дүйнө. Эл өз жеринде гана эл болот. Жер – өз эли үчүн гана ата мекенге айланат. Элсиз жер – жөн гана географиялык аймак, ал эми жерсиз эл – тарыхый тамырынан ажыраган эртеңкиси белгисиз эл. Ошондуктан кыргыз элинин дүйнөтаанымында “эл” менен “жер” түшүнүктөрү бири-биринен бөлүнгүс баалуулуктар катары кабыл алынган.
Карт тарыхтын сары барактарын аңтарып карасак, жер жүзүндө өз мамлекетинен ажырап, бөтөн элге сиңип кеткен канчалаган элдер жашап өткөн, ал нерсе азыркы учурда деле болуп жатат. Кимдир бирөөлөрдүн тили жоголгон, дини өзгөргөн, айрымдары өздөрүнүн ким экенин унуткан. Ал эми өз жерин сактап калган элдер тарыхтын эң оор сыноолорунан кийин да кайрадан өздөрүнүн жолун татыктуу улап кете алат. Демек, жер – элдин тарыхый эс тутумун, жыргалы менен азабын, жеңиши менен ызасын, ишеними менен үмүтүн сактап турган эң башкы тирек.
Кыргыз эли узак жолду басты. Ошол жолдо эчендеген жерлерди өздөштүрүп, шаарларды куруп, агын сууларды ооздуктап, эгин-тегинин айдап, темирин камырдай жууруп, жандуу-жансызынын асылын таанып, табиятка тең ата мамиле кылып, бир кездерде эбегейсиз аймактарга ээлик кылды. Көңүл бура турган нерсе, бирине бири окшогон тектеш жерлерди, өзөндүү сууларды тапты. Айрымдар айтып келе жаткандай, кыргыздар кимдир бирөөлөрдүн жерин, “үйүн” тартып алган жок, ушул жерлерде миңдеген жылдардан бери турук алып, мекендеп келди. Көчүп-конгондо, качканда да бейтааныш жерлерге эмес, ата-бабалары алмустактан бери ээлеген жерлерине барды.
Ушуга карата кыргыз элинин эсинен такыр чыкпай келе жаткан эки учурду эле эсибизге салалычы, бири – жунгарлардын жапырыгында кыргыз эли Мургаб, Куляб, Жерге-Талды көздөй ичкилик тобу жашаган жерге жапырыла көчтү (өзөктүү сөз – ичкилик), 1916-жылкы Улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө да кыргыздар байыртан конуш алган Текес, Кулжа, Турпан, Аксу, Акчий, Кашкарга “үрктү”, ал жакта Или жана Какшаалдык кыргыздар тээ байыртадан эле жашап келишкен.
Кыргыз эли жанга күч келип, карайлап калганда, көз келген жагын көздөп кете бергендерден болгон эмес, ал дайым акыл калчаган, бара турган жагын аныктаган, тактаган, тууган, тааныш-билиш издеген. “Туугандын топурагы алтын” деген сөз ошондон калса керек. Демек, жер которуу, көчүп-конуу маселесине терең көңүл бурушкан. Сырткы эле эмес ички жер которууда деле, тууган таарыныч, качуу, же башка себептер менен көчкөндө да тааныш издеп, тууган сүрүштүрүп олтуруп анан кетишкен эмес беле. Ошондуктан бул маселеге жеңил-желпи жооп берип коюу туура эмес болуп калат.
Ата журт, Ата Мекен дегенде биз дароо эле ата-бабаларыбызды эстейбиз. Эгер биздин ата-бабалар ушул жерди тандабаганда, эгер ушул жер үчүн күрөш жүргүзбөгөндө, биз кайда, кандай абалда болот элек? Бул суроонун өзү деле канчалык оор жана татаал. Кыргыз тарыхындагы дээрлик бардык салгылашуулардын, согуштардын, кармаштардын, тирешүүлөрдүн өзөгүндө жерди сактоо маселеси турган. Анткени жерден ажыраган эл эртеби-кечпи өзүнүн тилинен, маданиятынан, наркынан, тарыхынан жана мамлекеттүүлүгүнөн ажырайт.
Кыргыз жери жөн гана мамлекеттин аймагы эмес. Ал – миңдеген жылдар бою калыптанган өз алдынча маданий-цивилизациялык мейкиндик. Дал ушул жерде, көчмөн маданияттын эң жетилген, дүйнөгө тараган үлгүлөрү жаралган. Дал ушул жерде, адам менен табияттын ортосундагы тең салмактуулукка негизделген жашоо үлгүсү калыптанган. Дал ушул жерде, эркиндик, азаттык эң жогорку баалуулук катары кабыл алынып, ошол эле учурда алар жоопкерчилик, милдет, ар намыс, абийир менен коштолуп, ал осуят жана мурас катары муундан-муунга өткөрүп берилип турган.
Анан да кыргыз жери жөнүндөгү сөз болгондо көпчүлүк анын кооз жаратылышын гана айтып келишет. Албетте, биздин мөңгүлөр, көлдөр, дарыялар, жайлоолор жана асман тиреген тоолор дүйнөдөгү эң кооз жаратылыш эстеликтеринин алдыңкы катарына кирет, мында талаш жок. Бирок кыргыз жеринин эң чоң байлыгы анын табиятында эмес, ошол табият менен шайкеш жашап келе жаткан элдин руханий маданиятында, элдин улуулугунда жатат.
“Башканы коюп Манасты айт, Башкасы болмок беле Манастай” демекчи, кыргыз эли үчүн өзгөчө орунду ээлеген тоону эле алалычы, биздин дүйнөтаанымыбызда тоо жөн гана топурак, таш же анын тегерегинде өскөн чөп-чаар, бак-дарак эмес. Тоо – бийиктиктин, эркиндиктин, кубаттуулуктун, сүрдүүлүктүн, сымбаттуулуктун, сырдуулуктун жана туруктуулуктун белгиси, ачкычы. Тоо эмне үчүн бийик турат? Анткени ар ким эле тепселей бербеши үчүн бийик турат. Ошондуктан тоо – баарын эле өзүнө батыра бербейт, баарына эле өзүн тепселете бербейт.
Кыргыз санжыраларынын биринде да Угуз кандын бир уулунун аты Тоо кан, анын уулу Кыргыз кан болгондугу да жөн болбосо керек. Элдин канында жашаган, тоолорго болгон өчпөс улуу сезими түбөлүккө бекиген үчүн кыргыз эли тоолордон баш паанек издеп, ал жерден калкыныч, аталык мээрим тапкан сыңары. Учурда деле караңыз, өлкөбүздүн дээрлик 95 %ын тоолор ээлеп турат.
Кыргыз жеринин дагы бир өзгөчөлүгү – ал кылымдар бою цивилизациялардын кесилишкен аймагы болуп келген. Улуу Жибек жолу аркылуу Чыгыш менен Батыштын идеялары, диндери, илимий технологиялары жана өтмө катар маданияттары ушул жерден өткөн. Бирок кыргыз эли алардын эч бирине толугу менен сиңип кеткен жок. Тескерисинче, жакшы жаңылыгы болсо алып, өзүнүн маданиятына, дүйнөтаанымына, улуттук өзгөчөлүгүнө тууралап, ылайыктап кабыл алып, жаманын, зыянын четке каккан. Бул көрүнүш көчмөн цивилизациясынын эң чоң интеллектуалдык артыкчылыктарынын бири болгон десек жаңылышпайбыз. Аттиң, ушул иммунитет биздин ата-бабаларда болуп, бизде болбой калгандыгы өкүндүрбөй койбойт. Анткени соңку доордо бардыгын иргебей, ылгабай эле “баалуулук” деп ала берип, бүгүн анын азабын өзүбүз тартып жатабыз. Ага кошул-ташыл болуп, бирибиз эмес баарыбыз “телефон оорусу” менен ооруп, ал жактан да пайдасынан зыяны көп маалыматтарды, үйүттөрдү үйрөнүп жатабыз. Эсибизге келербиз эстүү эл элек…
Кыргыз жеринин келечеги жөнүндө сөз кылганда дагы бир маанилүү маселени белгилөө зарыл. XXI кылымда мамлекеттердин күчү жаратылыш байлыгынын көлөмү менен эмес, интеллектуалдык мүмкүнчүлүгү менен өлчөнүп жатат. Демек, кыргыз жери дүйнөгө чийки зат эмес, жаңы идеяларды, илимий ачылыштарды, технологияларды, көркөм чыгармаларды жана руханий үлгүлөрдү бере алган өлкөгө айланууга тийиш. Бул үчүн улуттук билим берүү, фундаменталдык илим, философия, маданият жана чыгармачылык мамлекеттик өнүгүүнүн өзөгүнө айланышы керек.
Уңгужолдун көз карашында кыргыз жери – өткөндүн эстелиги эмес, келечектин лабораториясы. Бул жерде жаңы илимий мектептердин жаралышы, дүйнөлүк маанидеги көркөм өнөр чыгармалардын жазылышы, адам менен жаратылыштын жаңы гармониясынын үлгүсү көрсөтүлүшү мүмкүн. Кыргызстандын цивилизациялык миссиясы дал ушунда.
Кыргыз элинин келечеги анын жерине болгон мамилесинен түздөн-түз көз каранды. Жерин ыйык деп билген эл эч качан өзүнүн мамлекетин, кызыкчылыгын сатпайт, суусун көздүн карегиндей сактаган эл эч качан экологиялык кырсыкка өзү жол бербейт, тарыхын урматтаган эл өзүнүн келечегин туура кура алат.
Уңгужол кыргыз жерин жөн гана мекен же географиялык аймак эмес, улуттук демдин түбөлүк булагы катары түшүндүрөт. Бул жерден чыккан ар бир булак, ар бир шамал, ар бир тоо кыркасы, сай боюндагы ар бир ташы, көк майсаң килем болуп төшөлгөн ар бир тал чөбү миңдеген жылдык тарыхтын үнүн алып жүрөт. Ошол үн бүгүнкү кыргыздын жүрөгүндө жаңырып турганда гана мамлекет бекем, коом ынтымактуу, маданият жандуу жана келечек жарык болот.
Ошондуктан кыргыз жерин коргоо – чек араны гана кайтаруу эмес, улуттук эстутумду сактоо, руханий наркты өнүктүрүү, илимдин өнүгүшүн колдоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана келечек муундарга татыктуу журт, мекен калтыруу деген ыйык сөз.
Мына ошондо гана кыргыз жери көчмөн цивилизациясынын алтын бешиги катары эмес, адамзаттын келечегине жаңы руханий багыт бере турган улуу цивилизациялык борбор катары тарыхтагы ордун дагы бир жолу тастыктайт.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз жери бизге ата-бабадан калган менчик эле эмес, урпактарга өткөрүп бере турган жоопкерчилик. Анын наркы алтын-күмүшүндө же жер алдындагы байлыгында эмес, миңдеген жылдар бою ушул жерде калыптанган кыргыз элинин эс тутумунда, үнүндө, маданиятында, эркиндигинде жана мамлекеттүүлүгүндө.
Жер – улуттун жаны, мамлекеттин негизи. Кыргыз жери – ыйык аманат, ыйык мурас. Элибиздин түшүнүгүндө жердин баасы акча менен өлчөнгөн эмес, өлчөнбөйт да. Анткени жер үчүн кандай гана төлөм, нарк алынбасын, ал түгөнөт, баасы, маани-маңызы кетет. Ал эми жер – түбөлүктүүлүктүн белгиси.
Октябрь Капалбаев,
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын
бөлүм башчысы

